Өзбекстандык авиакомпания 16-июндан тарта Ысык-Көлгө каттамдарды ачат

Өзбекстандык авиакомпания 16-июндан тарта Ысык-Көлгө каттамдарды ачат.   Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту билдирди. ATR 72-600 учактары Ташкент — Ысык-Көл — Ташкент багыты боюнча жумасына үч ирет каттайт — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү. Келечекте алардын санын көбөйтүү пландалууда.

Ордо калаанын 37 мектебинде лагерлер ачылат

Ордо калаанын 37 мектебинде лагерлер ачылат. Мэриядан билдиришкендей, алар 3-июндан 28-июнга чейин иштеп, жалпысынан 4 миң 275 баланы кабыл алат.   Андан тышкары, июль айында окуунун активисттери, отличниктери жана аз камсыздалган, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлөт. Ошондой эле, шаарда ар кандай чыгармачыл… Кененирээк…

Салык кызматы ишкерлерге ККМ аппараттарын акысыз бере баштады

Салык кызматы ишкерлерге ККМ аппараттарын акысыз бере баштады. Маалыматка караганда, этап-этабы менен 32 миң аппарат берилет.   Долбоор ар кандай себептер менен өз алдынча сатып ала албаган, анын ичинде базарларда жана кичи базарларда иштеген, патенттик системадан салык салуунун башка түрлөрүнө өтүп жаткан ишкерлерге колдоо көрсөтүү… Кененирээк…

Бишкекте бир нече объект мэриянын балансына өттү

Бишкекте бир нече объект мэриянын балансына өттү. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин отурумунда кабыл алынды. Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу колдонуу, ал ордо калаанын экологиялык жана архитектуралык абалын жакшыртуу максатын көздөйт.   Мэриянын карамагына “Бишкек жылуулук тармагы”, Бишкек ЖЭБи жана Чыгыш автобекетинин имараты өттү.   Министрлер кабинетинин төрагасы… Кененирээк…

Чыгыш автобекетинин имаратына Калкты тейлөө борборун жайгаштыруу каралууда

  Чыгыш автобекетинин имаратына Калкты тейлөө борборун жайгаштыруу каралууда.   Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Имаратты демонтаждоо пландалган жок, ал архитектуралык эстелик катары сакталып, шаардын муктаждыктарына пайдаланылат.   Муниципалитетке өткөн объекттин айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу пландалууда.

Бишкекте эки жаңы көпүрө куруу пландалууда

Бишкекте эки жаңы көпүрө куруу пландалууда. Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, тендерди мэриянын транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгы жарыялаган.   Сметалык баасы  151 миллион 850 миң сом. Көпүрөлөрдүн бири Шүкүров көчөсүндө Чоң Чүй каналы аркылуу курулса, экинчиси Жибек Жолу проспектиси боюнча Аламүдүн суусуна курулат.… Кененирээк…

Бишкектин бир мандаттуу Свердлов шайлоо округунан жети киши Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу үчүн арыз берди

Бишкектин бир мандаттуу Свердлов шайлоо округунан жети киши Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу үчүн арыз берди. Алардын бири аял, алтоо эркек экенин Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.   Депутаттыкка ат салышууну каалагандардан арыз 30-майга чейин кабыл алынат. Шайлоо 30-июнда болот.   Бул күнү ошондой эле Ноокаттагы… Кененирээк…

Бишкек – Ош жолундагы кар көчкүдөн коргоочу галереянын курулушу толугу менен аяктады

Бишкек – Ош жолундагы кар көчкүдөн коргоочу галереянын курулушу толугу менен аяктады. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, учурда объект катачылыктарды аныктоо жана жоюу этабынан өтүп жатат.   Тактап айтканда, 31-октябрга чейин кандайдыр бир бузуулар аныкталса, аткаруучу компания аларды өз эсебинен оңдойт. Эске салсак, галерея… Кененирээк…

Дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу Олимпиада оюндарына жолдомо алды

Дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу Олимпиада оюндарына жолдомо алды.   Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитетинен билдиришкендей, спортчу мекендештеринин арасында эң жогорку рейтингге ээ болгон дзюдочу катары Эл аралык федерациянын эрежеси боюнча Олимпиада оюндарына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.   Буга чейин дзюдочу Эрлан Шеров коло… Кененирээк…

Бишкекте 31-майдан тарта магистралдык тармакты толтуруу башталат

Бишкекте 31-майдан тарта магистралдык тармакты толтуруу башталат. Ысык сууну берүү 1-июнда башталат, — деп билдиришти “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасынан.   Андан такташкандай, керектөөчүлөрдү толук камсыздоо үчүн 3-4 күн талап кылынат. Ысык суу берилгенге чейин абоненттер крандарды жаап, “аристон” сыяктуу суу жылыткычтарды өчүрүп салышы керек. Алар… Кененирээк…