Акылбек Жапаров иш сапары менен Беларуска келди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Беларустун Минск шаарына келди.   Жумуш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин башчысы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышат.   Акылбек Жапаров ошондой эле “Белагро-2024” эл аралык адистештирилген көргөзмөсүнө барат жана көргөзмөнүн алкагында өтүп жаткан “Евразия экономикалык биримдигинин… Кененирээк…

Сокулук – Белогорка унаа жолуна асфальт төшөө иштери аяктады

Чүй облусундагы Сокулук – Белогорка унаа жолунда асфальт төшөө иштери аяктады. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасы билдирди.   Маалыматка ылайык, унаа жолдун 8,2 -11,2 чакырым аралыгына асфальт-бетон төшөлдү. Азыркы учурда жол жээгин бекемдөө иштери жүрүүдө.

Бишкек менен Чүйдү газдаштырууга 5 млн сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди

Бишкек менен Чүйдү газдаштырууга 5 млн сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.   Долбоордун алкагында 36 субъект кредит алды. Белгиленгендей, кредиттөөнүн көлөмү жалпысынан 1 млрд сомду түзөт.

6 миң 660тан ашык дыйканга жеңилдетилген насыя берилди

 Кыргызстанда «Айыл чарбасын каржылоо-12» долбоорунун алкагында 6 миң 660тан ашык дыйканга жеңилдетилген насыя берилди. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришкендей, сумма 2 млрд 660 млн сомдон ашты.   Кредит алгандар мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү менен алектенишет. Долбоорду ишке ашырууга… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарында 300 орундуу заманбап кинотеатр курулууда

Жалал-Абад шаарында 300 орундуу заманбап кинотеатр курулууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, объект шаардын Спутник кичи районундагы Түмөнбай Байзаков атындагы парктын аймагына салынып жатат.   Курулуш республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражаттын эсебинен жана жергиликтүү бюджеттен каржыланууда.

ӨКМ туруксуз аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги туруксуз аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, бүгүн жана эртең өлкөдө нөшөрлүү жаан-чачын күтүлүүдө.   Буга байланыштуу Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.   Селдин, суу каптоонун алдын… Кененирээк…

Кыргызстанда жалпы үй шартында 138 менчик бала бакча иштеп жатат

Кыргызстанда жалпы үй шартында 138 менчик бала бакча иштеп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.   Мекеменин маалыматына ылайык, Бишкек шаарында, жаңы конуштарда үй тибиндеги 43 бала бакча ачылган. Ош шаарында жана Ош облусунда 18, Баткенде 12, Нарын менен Таласта сегизден, Чүй… Кененирээк…

Нарында Калинин – Пограничник – Кызыл-Туу жолуна асфальт төшөлдү

Нарын облусунда Калинин – Пограничник – Кызыл-Туу унаа жолуна асфальт төшөлдү. Транспорт жана коммуникацилар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, аталган унаа жолдо 3 чакырым аралыкка асфальт төшөлүп, жумуштар толук жыйынтыкталды.   Учурда жолчулар тарабынан жолдун 7-10-чакырым аралыгында орто оңдоо иштери жүрүүдө.

10-июндан тарта Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейинки тилкесинде оңдоо иштери башталат

10-июндан тарта Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейинки тилкесинде оңдоо иштери башталат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Андан тышкары, Бишкектин дагы 3 негизги көчөсүндө ремонт жүргүзүлөт – Горький, Юнусалиев көчөлөрүндө  жана Жибек Жолу проспектисинде.

Чүй облусундагы жаңы цемент заводу ушул жылдын август айында ачылат

Чүй облусундагы жаңы цемент заводу ушул жылдын август айында ачылат. Кабар агенттигинин маалыматы боюнча, ишканада 450 жумуш орду пайда болот. Курулушка 45 миллион доллар бөлүнгөн.   Завод ишке берилсе,  өлкөдөгү эң ири ишканалардын бири болуп эсептелет. Анда алдыңкы технологиялар колдонулуп, өндүрүш калдыксыз болору күтүлүүдө. Ишкананын… Кененирээк…