Башкы прокурордун орун басарлары алмашты

Садыр Жапаровдун буйругу менен башкы прокурордун биринчи орун басары Улукбек Султанов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти. Мамлекет башчынын дагы бир буйругу менен башкы прокурордун биринчи орун басарлыгына Баймурза Маатов дайындалды. Ошондой эле, баш прокурордун орун басарлыгына Малик Бектурганов дайындалды.

Улуттук банк 40 млн 700 миң доллар сатып алды

Улуттук банк июнь айында экинчи жолу интервенция жасап, валюта базарынан 40 млн 700 миң доллар сатып алды. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинин эсеби ушуну менен жыл башынан бери 202 млн 450 миң долларга көбөйдү.   Белгилеп кетсек, Жаңы жылдан бери Улуттук банк базардан тогузунчу ирет доллар… Кененирээк…

ИИМ туристтик сезондо коопсуздукту камсыздоого толук даяр

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери туристтик сезондо коопсуздукту камсыздоого толугу менен даяр. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.   Маалыматка ылайык, бүгүн Чолпон-Ата шаарында жайкы туристтик мезгилге даярдык көрүү жана өткөрүүдө коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү.   Белгилегендей,… Кененирээк…

Кыргызстандык окуучулар Аль-Хорезми олимпиадасында үч медель жеңишти

Ташкент шаарында 26-31-майда өткөн өспүрүмдөр арасындагы математика боюнча II эл аралык Аль-Хорезми олимпиадасында кыргызстандык 3 окуучу медаль жеңип алышты. Билим берүү жана илим ми нистрлигинен маалымдашкандай, алар №70 мектеп-гимназиясынын окуучусу Султан Мусаходжаев алтын медаль, №62 мектеп-гимназиясынын окуучусу Арлан Керимов жана “Газпром Кыргызстан” мектебинин окуучусу Тимур… Кененирээк…

Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу эки жол кесилиши жабылат

Бишкек шаарында бир нече көчөлөр капиталдык оңдоодон өтүүдө. Муниципалитеттен билдиришкендей, Ахунбаев жана Токтоналиев, Байтик баатыр жана Суеркулов көчөлөрүнүн кесилиши Байтик баатыр жана Ахунбаев көчөлөрүнүн жолдорун капиталдык оңдоонун алкагында унаа кыймылы үчүн жабылат.   Ага ылайык бүгүн, 8-июнда саат 9:00дөн 00:00гө чейин Байтик баатыр жана Сүйөркулов… Кененирээк…

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри алмашты

Гүлнара Баатырова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан башка ишке өткөнүнө байланыштуу бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент кол койду.   Садыр Жапаровдун дагы бир жарлыгы менен анын ордуна орун басары Жылдыз Полотова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.