Эртең, 11-июнда Кыргызстан – Оман беттеши өтөт

Эртең, 11-июнда Кыргызстан – Оман беттеши өтөт.   Оюн Бишкек убактысы боюнча кечки саат 10до старт алат. Жолугушуу Омандын борбору Маскат шаарындагы “Султан Кабус” атындагы спорт комплексинде болот.   Белгилеп кетсек, аталган беттеш 2026-жылкы дүйнө чемпионатына жана 2027-жылы өтчү Азия кубогуна тандоо турниринин алкагында өтүп… Кененирээк…

Кыргызстанда орточо айлыктын өлчөмү 34 миң 391 сомду түздү

Кыргызстанда орточо айлыктын өлчөмү 34 миң 391 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.   Анын айтымында, маяна  өткөн жылдын ушул мезгил аралыгындагы айлыкка салыштырмалуу 11,7 пайызга өстү. Эң чоң өсүш соода, кыймылсыз мүлк операциялары, унаа оңдоо, курулуш, пайдалуу… Кененирээк…

Улуттук банк жарандарды шылуундардан сак болууга чакырат

Улуттук банк жарандарды шылуундардан сак болууга чакырат.   Кыргызстанда заманбап технологияларды колдонуу менен алдамчылык фактылары көбөйүүдө, — дешти өлкөнүн башкы каржы мекемесинен.   Жарандарга жеке маалыматтарды, картанын номерин, ПИН-кодун, SMS-билдирүү коддорун үчүнчү жактарга бербөө сунушталат. Улуттук банк эч качан жеке жана жашыруун маалыматтарды телефон аркылуу… Кененирээк…

Бишкекте Чүй проспектисин оңдоо иштери 15-июлда башталат

Бишкекте Чүй проспектисин оңдоо иштери 15-июлда башталат.   Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти. Биринчи этаптын алкагында анын Манас проспектисининен Панфилов көчөсүнө чейинки тилкеси ремонттолот.   Учурда ордо калаада капиталдык оңдоо иштерине Ахунбаев, Байтик Баатыр көчөлөрү жабык.

ЖК комитети Аталар күнүн белгилөө жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасында Аталар күнүн белгилөө жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.   Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеңештин депутаттары Элмурза Сатыбалдиев, Бактыбек Сыдыков, Акылбек Түмөнбаев, Улугбек Ормонов, Марлен Маматалиев, Айбек Маткеримов, Кубанычбек Самаков, Медербек Алиев.   Жыйында… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10,1 млрд куб метрди түздү

Бүгүн, 10-июнга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд 124 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.   Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 710 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 418 куб метрди түзүүдө. Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү… Кененирээк…

Бишкекте бул жумада “Маяк” рейди жүрөт

Бишкекте бул жумада “Маяк” рейди жүрөт. Кайгуул милиция кызматынан билдиришкендей, иш-чаранын максаты – айдоочуларга медициналык тез жардам жана  өрт өчүрүү кызматтарынын унааларын өткөрүү канчалык маанилүү экенин эскертүү.   Атайын транспорттун белгилерине баш ийбеген айдоочулар 10 миң сомго айыпка тартылат.

Кыргызстанга быйыл 10,5 миллион турист келет деп күтүлүүдө

Кыргызстанга быйыл 10,5 миллион турист келет деп күтүлүүдө. Бул тууралуу  24 агенттигине туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти. Белгилеп кетсек, биздин өлкөгө эс алуучулардын көбү Өзбекстан, Россия жана Казакстандан келет.   Андан тышкары, КМШ, Европа, Түштүк-Чыгыш Азия жана араб өлкөлөрүнөн келген туристтер дагы бар.   Эске… Кененирээк…

Ысык-Көлдө Асман экологиялык шаарынын курулушу башталды

Ысык-Көлдө Асман экологиялык шаарынын курулушу башталды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жарыялады.   Анын айтымында, Кыргызстан учурда жашыл экономиканы өнүктүрүүгө багыт алды жана жаңы шаарда электромобилдер, электробустар гана  жүрүп, энергиянын кайра жаралуу булактары колдонулат. Муну менен Асман атмосферага зыян келтирбейт.   Эске салсак, шаардын аймагы… Кененирээк…

Кыргызстанда тоок жумурткасын өлкө аймагына импорттоого тыюу салынды

Кыргызстанда тоок жумурткасын өлкө аймагына импорттоого тыюу салынды. Тиешелүү токтом Министрлер кабинетинде кабыл алынып, күчүнө кирди.   Документ өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, базардагы бааны туруктуу кармоо жана ички рынокту толук камсыздоо максатында иштелип чыкты.   Буга чейин Айыл чарба министрлигинен белгилешкендей, өлкөдө жумуртка өндүрүү ички… Кененирээк…