Ысык-Көлдө курулушу сегиз жыл мурун башталган мектеп ачылат

Ысык-Көлдө курулушу сегиз жыл мурун башталган мектеп ачылат. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, имарат 275 орунга чакталган.   Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө мектеп дээрлик 98 пайызга бүткөрүлүп, айланасын жашылдандыруу иштери жүрүүдө.   Курулушу республикалык бюджеттен каржыланган объект ушул жылы пайдаланууга берилет.

Кыргызстандыктар чет өлкөлөрдө эс алууга көп чыга башташты

Кыргызстандыктар чет өлкөлөрдө эс алууга көп чыга башташты. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы тастыктайт.   Ушул жылдын үч айында республиканын 3 миң 808 жараны туристтик фирмалар аркылуу башка өлкөлөргө барган. Өткөн жылдын ушул мезгилинде туристтик фирмалар Кыргызстандан 1 миң 691 жергиликтүүнү чет мамлекетке жөнөткөн. Башкача айтканда,… Кененирээк…

Садыр Жапаров Бельгияга иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров 24-26-июнда Бельгия Падышалыгына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.   «Мамлекет башчысы 25-июнда Бельгиянын падышасы Филипп менен жолугушат. Ушул эле күнү президент Садыр Жапаровдун Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель менен расмий жолугушуусу өтөт.… Кененирээк…

Улуттук банктын төрагасы кызматтан кетет

Кубанычбек Бөкөнтаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Улуттук банктын төрагасы кызматынан кетет. Бул тууралуу өлкөнүн башкы каржы мекемесинин басма сөз кызматынан билдиришти.   Эске салсак, Бөкөнтаев бул кызматты 2021-жылдын сентябрынан бери аркалап келген.   Кубанычбек Бөкөнтаев 1992-жылы эмгек жолун Улуттук банктын Валюталык башкармалыгында экономист кызматынан баштаган.… Кененирээк…

Бишкек-Ош унаа жолу тазаланып, каттам эки тараптуу ачылды

Бишкек-Ош унаа жолу тазаланып, каттам эки тараптуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, трасса бүгүн таңкы саат 8ге карата толук тазаланды.   Эске салсак, кечээ аталган унаа жолдун 374-375-чакырымында нөшөрлүү жаандан улам сел жүрүп, кулаган таштар жолду жаап калган. Жеринде түнү… Кененирээк…

Кыргызстандын аймагында сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызстандын аймагында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.   Маалыматка ылайык, 24-25-июнь күндөрү күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.   Мындан улам жарандарга сак болуу сунушталат.

Бүгүнтөн тарта Бишкектин айрым аймактарында убактылуу газ өчүрүлөт

Бүгүнтөн тарта Бишкектин айрым аймактарында убактылуу газ өчүрүлөт. “Бишкекгаз” кызматы кабарлагандай, мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.   Ага ылайык, 24-июндан 28-июнга чейин Масалиев, Токтоналиев, Ахунбаев көчөсү жана Киргизия-1, Арча-Бешик конуштары, Жал-15, 23, 29 жана 30 кичи райондору, Жал кичи районунда көгүлтүр от жок болот.  … Кененирээк…

Ноокенде сел жүрдү

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Алиев, Садырбеков айыл өкмөттөрүндө 21-июнда болжол менен саат 21:40та тынымсыз жааган жаандан улам сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, сел суулары 152 турак жайдын жана 2 социалдык объекттинин, 1 жеке менчик пахта иштетүүчү заводдун короосун, Бишкек… Кененирээк…

Баткендеги «Алга кадам» ирригациялык долбооруна дагы 150 млн сом бөлүндү

Баткендеги «Алга кадам» ирригациялык долбооруна дагы 150 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.   Маалыматка ылайык, каражат мамлекет тарабынан ажыратылган.   Эске салсак, учурда элдин демилгеси менен Ак-Суу дарыясындагы суудан Кадамжай шаарынын аймагында жайгашкан Кара-Жантак участкасындагы 4 миң 200 гектар жерди өздөштүрүү үчүн сугат суу… Кененирээк…

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөдө үч окуучу эң жогорку упай алды

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөдө 56 окуучу эң жогорку упай топтоп, “Алтын сертификат” алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.   Эң жогорку — 234 упайды Бишкектеги Кыргыз-Орус Славян Университетине караштуу орто мектептин бүтүрүүчүсү Аминат Гордаева, Бишкектеги №29 гимназиянын мурдагы бүтүрүүчүсү Максат Оморов жана… Кененирээк…