Мэрия калктуу конуштарга “акылдуу” суу эсептегичтерин орнотууну пландоодо

Бишкек мэриясы калктуу конуштарга “акылдуу” суу эсептегичтерин орнотууну пландоодо. Бул тууралуу калаа башчы Айбек Жунушалиев билдирди.   Анын айтымында, мындай иш-чаралар бардык жаңы конуштарда сууну сарамжалдуу пайдаланууну көзөмөлдөө үчүн зарыл.   Ошондой эле мэр “Орто-Алыш”  жер астындагы суу алгычында суунун тартыштыгын болтурбоо максатында изилдөө иштери… Кененирээк…

Баткенде мөмө-жемишти кайра иштетүүчү цех курулууда

Баткен районунун Ак-Татыр айылында мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү муниципалдык цех курулуп жатат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Ишкана пайдаланууга берилсе күнүнө 8 тоннага чейин мөмө жемишти кайра иштетип, кургатып, таңгактоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.   Курулушка Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган 500 млн сомдун эсебинен 22… Кененирээк…

Бишкектин Байтик Баатыр көчөсүнүн биринчи тилкесинде оңдоо иштери жыйынтыкталды

Бишкектин Байтик Баатыр көчөсүнүн биринчи тилкесинде оңдоо иштери жыйынтыкталды.   Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, анын Токомбаев көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейинки тилкеси унаа кыймылына ачылды.   Бул жерде асфальттын эки катмары төшөлүп, жол чийиндер түшүрүлдү. Ал эми ирригациялык тармактарды өткөрүү жана көрктөндүрүү боюнча иштер… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычында 10,5 млрд куб метр бар

Бүгүн, 20-июнга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд 517 млн куб метрди түздү.   Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын сайтында маалымдалды.   Учурда уунун агып келиши секундасына 844 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 400 куб метрге жетүүдө.

Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды

Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн саат 08:13тө катталган.   Жер титирөөнүн очогу Ак-Суу районунун Эчкили-Таш айылынан түштүк-чыгышка карай 25 чакырым, Түп районунун Кең-Суу айылынан түштүк-чыгышка карай… Кененирээк…

Бишкектин батыш тарабына ысык суу берүү убактылуу токтотулду

Бүгүн Бишкек шаарынын батыш тарабына ысык суу берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Белгиленгендей, ысык сууну берүү кыш-күз мезгилине даярдык көрүү максатында саат 08:30дан 15:30га чейин токтотулду. «Бишкекжылуулуктармагы» билдиргендей, ысык суу төмөнкү даректерде өчүрүлөт:   Киев көчөсү, 248, 248 а ,246, 250, Жаш… Кененирээк…

Ноокатта сел каптаган жолдор тазаланды

20-майдын кечинде, саат 21:50 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Ош облусунун Ноокат районунун Жийде айылында сел жүрүп, Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун болжол менен 55-чакырымын суу каптап, унаа жол убактылуу жабылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.   Окуя болгон жерге Ноокат райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам… Кененирээк…

Кыргызстанда ар бир төртүнчү түгөй ажырашат

Кыргызстанда ар бир төртүнчү түгөй ажырашат.   Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин 2023-жылга карата берилген маалыматында айтылды. Өлкөдө өткөн жылы жалпысынан 45,5 миң нике катталган.   Анын ичинен 13,1 миң түгөй шаарларда үйлөнсө, 32,4 миңи айылдарда баш кошкон. Бирок былтыр эки жолго түшкөндөрдүн саны 12,6… Кененирээк…

Оштон Ысык-Көлгө аба каттамдары жанданды

Оштон Ысык-Көлгө аба каттамдары жанданды.   Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти. Бүгүн, 21-июнда “Ысык-Көл” эл аралык аэропортуна Ош шаарынан биринчи учак келип конду.   Аны менен 96 жүргүнчү учуп келди. Июль айынан баштап Ош жана Жалал-Абад шаарларынан каттамдар күн сайын аткарылат деп пландалууда.

Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолу убактылуу жабылды

Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолу убактылуу жабылды.   Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган жолдун 70-71-чакырымында каттуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү.   Учурда тазалоо иштерүү жүрүүдө. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жогорудагы чектөөнү эске алып,… Кененирээк…