Жоламан Шаршенбеков эл аралык турнирде алтын медаль жеңди

Жоламан Шаршенбеков эл аралык турнирде алтын медаль жеңди. Мелдештер ушул күндөрү Польшанын Варшава шаарында өтүп жатат. Балбан финалга чейин алжир жана польшалык спортчуларды артка калтырган.   Ал эми чечүүчү жолугушууда украиналык спортчуну 9:1 эсебинде утуп, алтын медалга татыды.

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы ФИФА рейтингинде 101-орунда турат

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы ФИФА рейтингинде 101-орунда турат. Жаңыланган рейтинг кечээ жарыяланды. Отчеттук мезгилде биздин команда 2 беттеш өткөрүп, теңме-тең чыккан.   6-июнда Бишкекте Малайзия курамасы менен жолугушуу 1:1 эсебинде аяктаса, Оман менен дагы оюнда тең чыгуу катталды. Ал эми Азиялык футбол конфедерациясында курама 17-позициясын… Кененирээк…

Кыргызстан мектептеринин бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар 28-июнда тапшырылат

Кыргызстан мектептеринин бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар 28-июнда тапшырылат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, 9-классты аяктагандар документтерди эртең мененки саат 9да алса, 11-класстын бүтүрүүчүлөрү – 11де.   Быйылкы жылдын өзгөчөлүгү – окуучуларга аттестаттар кагаз түрүндө дагы, электрондук вариантта дагы берилет.   Документтер “Түндүк” порталында сакталат. Эске салсак, быйыл… Кененирээк…

Чүйдө 6 бала көлмөгө чөгүп кетти

Чүйдүн Жайыл районундагы көлмөгө автоунаа кулап, алты кичинекей бала сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады. Окуя 20-июнда кечке жуук Жайыл районундагы Алтын айылында көлмөдө болгон. Милициянын маалыматында Volkswagen Jetta унаасынын 40 жаштагы айдоочусу, 26 жаштагы аялы, алардын 7, 6, 4 жаштагы… Кененирээк…

Бишкекте айрым автобус каттамдарынын кыймылы өзгөртүлдү

Бишкекте айрым автобус каттамдарынын кыймылы өзгөртүлдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, мунун себеби жол оңдоо иштерине байланыштуу.   Белгиленгендей, бүгүн Байтик баатыр көчөсүнүн Горький көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү коомдук транспорт үчүн жабылды. Ага ылайык, №6, 52, 55, 56, 100, 103, 145, 152, 169, 195, 212, 226 автобус… Кененирээк…

Жалал-Абад мэриясын жана борбордук аянтты курууга 900 млн сом жумшалат

Жалал-Абад шаарынын мэриясын жана борбордук аянтты курууга 900 млн сом жумшалат.   Капиталдык курулуш башкармалыгы Жалал-Абад облустук администрациясынын имаратын, мэриянын имаратын жана борбордук аянтты курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.  

Кыргызстандыктар онлайн юридикалык жардам ала алышат

Кыргызстандыктар онлайн юридикалык жардам ала алышат. Юстиция министрлигинен билдиришкендей, мындай формат жарандар үчүн үйдөн чыкпастан эле квалификациялуу жана ар кандай юридикалык маселелер боюнча түшүндүрмө алууга мүмкүнчүлүк түзөт.   Консультациялар 20-июндан 16-августка чейин күн сайын мекеменин социалдык тармактардагы расмий баракчалары аркылуу берилет.   «Бүгүн, 20-июнда саат 15:00дө… Кененирээк…

Бишкекте жарнама такталарын демонтаждоо башталды

Бишкекте жарнама такталарын демонтаждоо башталды. Муниципалитеттен билдиришкендей, эски металл конструкциялардын ордуна заманбап LED-экрандар орнотулат.   Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров Бишкек мэриясына шаардагы эски жарнамалык такталарды 31-августка чейин заманбап экрандарга алмаштырууну тапшырган.   Демонтаждоо иштерин мэриянын жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы “Тазалык” ишканасы менен… Кененирээк…

Административдик-аймактык реформа боюнча мыйзам кабыл алынды

Парламент Административдик-аймактык реформа боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды. Документти эл өкүлдөрү бүгүн экинчи жана үчүнчү окууда колдоп беришти.   Реформанын натыйжасында Кыргызстанда айыл аймактардын саны 452ден 235ге чейин кыскара турганы айтылган.   Эске салсак, президент Садыр Жапаров былтыр “Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон.… Кененирээк…

Кыргызстанда кароосуз калган балдардын саны 20%га көбөйдү

Кыргызстанда кароосуз калган балдардын саны 20%га көбөйдү. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, 1-июнга карата кароосуз калган 224 бала 115 фостердик үй-бүлөдө тарбияланууда.   2023-жылдын 1-июнунда карата 97 фостердик үй-бүлөдө 188 бала тарбияланган. Муну менен өткөн жылга салыштырмалуу кароосуз калган балдардын саны 20%га көбөйгөн.… Кененирээк…