Ысык-Көлдө курулушу үч жыл мурун башталган мектеп ачылат

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда курулушу үч жыл мурун башталган мектеп ачылат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Маалыматка караганда, имарат эки кабаттан туруп, 150 окуучуга чакталган. Анда китепкана, ашкана жана спорттук зал каралган. Жалпы аянты 1 миң 280 чарчы… Кененирээк…

Бишкек-Астана багыты боюнча түз аба каттамы жанданды

Бишкек-Астана багыты боюнча түз аба каттамы жанданды. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аба майданынын басма сөз кызматы кабарлады.   Маалыматка ылайык, казакстандык авиакомпания 16-июндан тарта Астана-Бишкек-Астана багыты боюнча түз аба каттамын аткара баштады. Бишкектен Астанага учуу убактысы 1 саат 45 мүнөттү түзөт. Каттам жумасына эки… Кененирээк…

Кыргызстанда эң ири текстиль фабрикасы июль айында ачылат

Кыргызстанда эң ири текстиль фабрикасы июль айында ачылат.   Өкмөттөн маалым болгондой, ишкана Түркия менен биргеликте түзүлөт. Анын алкагында миңдеген жаңы жумуш орундары пайда болуп, экспорттук потенциал бекемделет деп күтүлүүдө.   Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы фабриканын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 80 тоннаны түзөт. Бул Кыргызстандагы кездеме… Кененирээк…

Ошто эки деңгээлдүү жол түйүнү курулат

Ошто эки деңгээлдүү жол түйүнү курулат.   Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, ал Монуев – Шакиров – Алимжанов көчөлөрүндө жайгашат. Профилдик кызматтарга курулуш иштерин баштоо, айрым объектилерди түрттүрүү, коммуникацияларды жылдыруу  тапшырмасы берилди.   Долбоордун биринчи этабын ишке ашыруунун алкагында жол кеңейтилип, тротуар курулуп, ирригациялык тармак өткөрүлөт.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги ID-карталарды акысыз алмаштыруу улуттук кампаниясы тууралуу маалымат берди

Санариптик өнүктүрүү министрлиги ID-карталарды акысыз алмаштыруу улуттук кампаниясы тууралуу маалымат берди. Ведомствонун басма-сөз кызматынан билдиришкендей, алмашууга AN сериясы менен 2004-жылкы үлгүдөгү паспорттор жарактуу болот.   Алар заманбап талаптарга жооп бербей жана ыңгайсыз болуп калган.   Ал эми 2017-жылкы үлгүдөгү ID-карталарды алмаштыруунун кажети жок, — дешти… Кененирээк…

Бишкек көчөлөрүн оңдоо иштерине байланыштуу 2 троллейбустук каттам өзгөртүлдү

Бишкек көчөлөрүн оңдоо иштерине байланыштуу 2 троллейбустук каттам өзгөртүлдү. Мэриянын маалыматына ылайык, №7 троллейбус Киев, Абдрахманов, Валиханов, Анкара көчөлөрү менен жүрсө, №5 троллейбустук каттам Тунгуч кичи районунан Батыш автобекетине чейин убактылуу каттайт.   Белгилеп кетсек, учурда Байтик Баатыр, Ахунбаев көчөлөрүндө капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө.

Бүгүн Байтик Баатыр көчөсүнүн дагы бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылат

Бүгүн Байтик Баатыр көчөсүнүн дагы бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылат.   Ордо калаа мэриясынын маалыматына ылайык, анын Горький жана Бөкөнбаев көчөлөрүн бириктирген бөлүгүндө унаа кыймылына чектөө киргизилет.   Ошондой эле Байтик Баатыр көчөсүнүн Ахунбаев менен кесилиши дагы тосулат. Белгилеп кетсек, учурда аталган көчөнүн Токтомбаев көчөсүнөн… Кененирээк…

Бишкектин жаңы прокурору болуп Канат Насипов дайындалды

Бишкектин жаңы прокурору болуп Канат Насипов дайындалды.   Тиешелүү буйрукка кызматка жакында эле келген Башкы прокурор Максат Асаналиев кол койду. 40 жаштагы Насипов буга чейин Ош шаардык прокуратурасында коррупцияны алдын алуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.   Бишкектин буга чейинки прокурору Эмилбек Абдыманапов кызматтан алынды.

Улуттук банк кайрадан валюта рыногуна чыкты

Улуттук банк кайрадан валюта рыногуна чыкты.   Өлкөнүн башкы каржы мекемеси интервенция өткөрүп, 62 миллион 500 миң доллар сатып алды. Бул жыл башынан берки онунчу тескери интервенция.   Белгилеп кетсек, аталган каржылык операция валюта курсунун кескин серпилүүсүн алдын алууга багытталат. Учурга карата доллардын расмий куну… Кененирээк…

Германия Европа чемпионатынын плей-офф бөлүгүнө чыккан биринчи курама болду

Германия Европа чемпионатынын плей-офф бөлүгүнө чыккан биринчи курама болду. Кечээ “немис машинасы” Венгрия курамасын 2:0 эсебинде утуп алды. Голдорду Джамал Мусиала жана команда капитаны Илкай Гюндоган киргизди.   Өз кезегинде Венгрия курамасы экинчи ирет катары менен жеңилүү ызасын тартып, турнирдик таблицада акыркы орунда турат.  … Кененирээк…