Эми жылуулук үчүн квитанцияларды телефон аркылуу алса болот

Эми жылуулук үчүн квитанцияларды телефон аркылуу алса болот. “Бишкек жылуулук тармагы” абоненттери үчүн уюлдук  тиркемени ишке киргизди. Керектөөчүлөр анын жардамы менен электрондук квитанция алып, төлөм жүргүзө алат.   Ошондой эле  эсептегичтин көрсөтмөлөрүн жөнөтүп, карыздар тууралуу билдирме алышат.   Тиркемеден ишкананын жаңылыктары жана оңдоо иш-чаралары тууралуу… Кененирээк…

Кыргызстанда мүлкүн легалдаштыруунун мөөнөтү жыл аягына чейин узартылды

Кыргызстанда мүлкүн легалдаштыруунун мөөнөтү жыл аягына чейин узартылды. Тиешелүү мыйзам долбооруна президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, мөөнөт мурда белгиленгендей 9-июнда эмес, 31-декабрда аяктайт.   Документ  ички-тышкы инвестицияларды көбөйтүү, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу жана активдердин сакталышын камсыздоого багытталат.   Эске салсак, Кыргызстанда 2 миң… Кененирээк…

“Рух ордо” туристтик борборуна кирүү акысы арзандады

“Рух ордо” туристтик борборуна кирүү акысы арзандады. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов билдирди. Анын айтымында, буга чейин киши башына 500 сомдон алынып келген.   Жарандардын руханий азыктануусуна шарт түзүү максатында бул туристтик борборго кирүү акысы 350 сомго төмөндөтүлдү. Белгилеп кетсек, “Рух ордо” туристтик… Кененирээк…

Мүлк салыгын төлөө мурдагыдан дагы жеңилдеди

Мүлк салыгын төлөө мурдагыдан дагы жеңилдеди. Эми бул үчүн Салык кызматына жана банктарга баруунун кажети жок, — дешти Мамлекеттик салык кызматынан. Бул үчүн жаран жеке кабинетиндеги “салыктарды төлөө” бөлүмүнө кириши керек.   Андан кийин салыктын түрүн тандоо зарыл. Мүлк тууралуу толук маалымат жана QR-код пайда болот.  … Кененирээк…

Бала бакчаларда балдардын тамак-ашын ата-энелер өздөрү төлөмөй болду

Бала бакчаларда балдардын тамак-ашын ата-энелер өздөрү төлөмөй болду. Президент Садыр Жапаров “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун артка кайтарды.   Эске салсак, өткөн жылы кабыл алынган мыйзамга депутаттар каршы чыгып, “балдардын тамагын жергиликтүү бийлик жана ата-энелер тең бөлүп төлөйт” деп өзгөртүү киргизишкен.… Кененирээк…

Ноокенде сел суусу кирген үйлөрдүн 50%ы тазаланып бүттү

Ноокен районунда сел суусу кирген үйлөрдүн 50%ы тазаланып бүттү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн селдин кесепеттерин жоюуга Жарандык коргонуу кызматтарынан 13 инженердик техника, 210 кызматкер, 40 куткаруучу тартылып, сел суусу кирген 94 турак жайдын жарымы тазаланды.   Эски-Кочкор-Ата айылына баруучу жолдун 4,5 чакырымы толугу менен… Кененирээк…

АКШда полиция ырчы жана актёр Джастин Тимберлейкти камакка алды

АКШда полиция ырчы жана актёр Джастин Тимберлейкти камакка алды. Буга артисттин мас абалында унаа айдаганы себеп болгон.   18-июнга караган түнү Тимберлейк токтотуу белгисине токтой албай, унаасын өз тилкесинде башкара алган эмес. Муну милиция кызматкери байкап калып, машинени токтотуп, ырчыны камакка алган.   Ал түндүн… Кененирээк…

Таласта стадионду реконструкциялоо 4 млн сомго негизсиз жогорулатылган

Таластагы Э.Кутманалиев атындагы спорт стадионун реконструкциялоонун баасын негизсиз жогорулатуу фактысы боюнча «ТЗХ» муниципалдык ишканасынын директору жана подряддык уюмдун өкүлү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.   Атайын кызмат Талас шаарынын мэриясынын жана «Талас жашыл чарбасы» муниципалдык ишканасынын айрым кызмат адамдары тарабынан Э.Кутманалиев атындагы стадионду капиталдык ремонттон… Кененирээк…

Кыргызстанда ID картаны акысыз алмаштыруу боюнча акция жарыяланды

Кыргызстанда ID картаны акысыз алмаштыруу боюнча акция жарыяланды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.   Маалыматка ылайык, акция 1-июлдан 31-августка чейин жүрөт. Андан кийин адаттагыдай эле өздүк баасына, тагыраагы 600 сомдон алмашылат.   Мамлекет башчы паспорт, ID карт жана башка документтердин… Кененирээк…

Баткен шаарында муниципалдык автобекет курулууда

Баткен шаарында муниципалдык автобекет курулууда. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Маалым болгондой, бул үчүн мэрия Чет-Булак аймагындагы Курманжан-Датка көчөсүнөн 1 гектар жер ажыраткан.   Курулушка республикалык бюджеттен, Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган 500 млн сомдун эсебинен 42 млн сом бөлүнгөн.   Бүгүнкү күндө автобекеттин… Кененирээк…