Бишкек-Астана багыты боюнча түз аба каттамы ачылат

Бишкек-Астана багыты боюнча түз аба каттамы ачылат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аба майданынын басма сөз кызматы кабарлады.   Маалыматка ылайык, казакстандык авиакомпания июлдан тарта Астана-Бишкек-Астана багыты боюнча түз аба каттамын аткарат.   Бишкектен Астанага учуу убактысы 1 саат 45 мүнөттү түзөт. Каттам жумасына эки… Кененирээк…

Панфилов районунунда 100 орундуу мектептин курулушу башталды

Панфилов районунун Фрунзе айыл аймагында 100 орундуу мектептин курулушу башталды. Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ага республикалык бюджеттен дээрлик 50 млн сом каралган.   Белгиленгендей, бул айылдагы эски мектеп авариялык абалга келген. Анда 85 окуучу билим алат.

ЖРТга кошумча каттоо эртең да болот

ЖРТга кошумча каттоо эртең да болот. Билим берүүнү жана окутуунун усулдарын баалоо борборунун директору Чынара Батракеева билдиргендей, ал борбордо Бишкек мамлекеттик университетинде, ошондой эле Ош шаарында ОшМУнун имаратында уюштурулат.   Каттоо саат 13.00дөн 17.00гө чейин жүргүзүлөт.   Эске салсак, ЖРТга кеч тест 21-23-июнга чейин Бишкек… Кененирээк…

Өзгөндө жаңы мектеп курулат

Өзгөндө жаңы мектеп курулат. Тендерди Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жарыялады.   500 орундуу имарат Раззаков көчөсүндө пайда болот. Курулушка 300 миллион сомдон ашык каражат жумшоо пландаштырылган.

Бишкекте жаңы жол пайда болот

Бишкекте жаңы жол пайда болот. Мэриядан билдиришкендей, ал Достоевский жана Ауэзов көчөлөрүн бириктирет.   Жаңы трассаны куруу долбоору борбордун башкы архитекторуна тапшырылды.

Сауд Арабия дипломаттык жана кызматтык паспорт ээлерине визасыз кирүүгө уруксат берет

Кыргызстан менен Сауд Арабия өкмөтүнүн ортосунда Дипломаттык жана кызматтык, атайын паспорт ээлерине визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө меморандум ратификацияланды.   Тиешелүү мыйзамга Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, ар бир тараптын жарандары дипломатиялык же атайын, кызматтык паспорт ээлери миссия менен же жеке максатта экинчи… Кененирээк…

ЖК Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча мыйзам долбоорун үч окууда жактырды

Жогорку Кеңеш Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча мыйзам долбоорун үч окууда жактырды.   Унаа жана жолдор министрлигинин жетекчи орун басары Ырысбек Бариевдин айтымында, документтин кабыл алынышы темир жол куруу долбоорун иш жүзүндө ишке ашырууга өбөлгө болот.   Чиновник белгилегендей, бул коридор жаңы рынокторго жол ачат,… Кененирээк…

Жумгал районунда 224 трансформатор оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт

Жумгал райондук электр тармактары ишканасы кышка карата оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Бул иштин алкагында Жумгал РЭТнин тейлөөсүндөгү 233 трансформатордун ичинен 224ү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, техникалык тейлөөгө алынат. Бүгүнкү күндө 46 трансформатор оңдолду.   Ошондой эле бул иштердин алкагында 652,1 чакырым аба чубалгыларында… Кененирээк…

Мурдун сындырып алган Франция курамасынын чабуулчусу Килиан Мбаппе Европа чемпионатынын башка беттештерине катышпайт

Мурдун сындырып алган Франция курамасынын чабуулчусу Килиан Мбаппе Европа чемпионатынын башка беттештерине катышпайт. Эл аралык басылмалар жазышкандай, футболчу Австрия менен биринчи оюнда жараат алган.   Жолугушуу Франциянын пайдасына 1:0 эсебинде жыйынтыкталды. Алгач Мбаппенин мурдуна операция талап кылынары айтылган. Адистер белгилешкендей, Мбаппе плей-офф бөлүгүнүң оюндарына гана… Кененирээк…

Бишкек жана Чүй облусун газдаштырууга 6 миллион сомдош ашык жеңилдетилген насыя берилди

Бишкек жана Чүй облусун газдаштырууга 6 миллион сомдош ашык жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, жеңилдетилген насыя аталган аймактарды газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында берилүүдө.   Учурга карата долбоордун алкагында 44 каржылоо субъекттерине 6 миллион 180 миң… Кененирээк…