Баткенден Кытайга өрүк экспорттолот

Кыргызстан Кытайга ири көлөмдө өрүк экспорттойт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты. Министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев, Кытайдын компаниясынын (Tianhuan ECO International Economy & Trade Nanjing Co. Ltd) башкы директору Чу Цюши жана «Агро Баткен» ЖЧКсынын башкы директору Ж.… Кененирээк…

Японияда супермаркеттердин биринде “өтө жай иштеген касса” пайда болду

Японияда супермаркеттердин биринде “өтө жай иштеген касса” пайда болду. Ал эч жакка шашпаган адамдар үчүн ачыды. Кассада кайтарып берген акчаны узакка санаса болот, кассирге тажатма суроолорду дагы берсе болот.   Бул учурда сатуучу дагы, кезекте тургандар дагы нааразылыгын көрсөтпөшү керек. Кызыгы, мындай жаңычылдык кардарларга жагып,… Кененирээк…

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионду калыбына келтирүү иштери башталды

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионду калыбына келтирүү иштери башталды.   Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, спорт аренасынын трибунасы жаңыртылып, жарыктандыруу жана сугаруу системалары алмаштырылат.   Андан тышкары, эсепти көрсөткөн табло, трибуна алдындагы имараттар жана турникеттер оңдолот. Иштер сентябрга чейин аяктайт… Кененирээк…

Бүгүн абитуриенттерди кеч тестке каттоо аяктайт

Бүгүн абитуриенттерди кеч тестке каттоо аяктайт. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришкендей, каттоо ордо калаанын №24 мектебинде жана Ош шаардык билим берүү бөлүмүндө жүргүзүлөт.   Тесттин өзү 21-июндан 23-июнга чейин Бишкек жана Ош шаарларында гана өтөт.   Белгилеп кетсек, кеч тест негизги жалпы республикалык… Кененирээк…

ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине 41 ишкана киргизилди

Быйыл беш айда Евразиялык экономикалык биримдиктин бирдиктүү реестрине 41 ишкана киргизилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ЕАЭБдин бирдиктүү реестринде жалпы 395 ишкана катталган. Алар: сүт азыктарын өндүрүү — 44; бал өндүрүү жана сатуу — 67;… Кененирээк…

Садыр Жапаров Бишкектеги жарнама такталарын заман талабына ылайыктап, өзгөртүүнү мэрияга ташырды

Садыр Жапаров Бишкектеги жарнама такталарын заман талабына ылайыктап, өзгөртүүнү мэрияга ташырды. Мамлекет башчы бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазды.   Белгилеп кетсек, муниципалитет жакында эле шаардын түштүк тарабындагы магистралда лед экрандарды орноткон. Алар азырынча ишке кире элек. Бишкек көчөлөрүндөгү жарнама такталары жол кыймылына тоскоолдук кылары айтылып,… Кененирээк…

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушуна Кытай 2 миллиард 350 миллион доллар бөлүп берет

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушуна Кытай 2 миллиард 350 миллион доллар бөлүп берет. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын директору Азамат Сакиев билдирди.   Анын айтымында, долбоордун жалпы сметалык наркы 4,7 миллиард долларды түзөт. Бул сумманын жарымын Кытай бизге насыя катары… Кененирээк…

Россиянын Кыргызстандагы жаңы элчиси дайындалды

Россиянын президенти Владимир Путиндин жарлыгы менен бул өлкөнүн Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп Сергей Вакунов дайындалды. Путиндин жарлыгы Кремлдин расмий сайтына жарыяланды. Россиянын Кыргызстандагы мурунку элчиси Николай Удовиченконун элчилик миссиясы аяктаганы кабарланган. Ал 2019-жылдан бери элчи болуп иштеген. Жаңы дайындалган элчи Сергей Вакунов буга чейин Россия… Кененирээк…

Социалдык фонд 78 чет өлкөлүккө пенсия чектеди

Кыргызстандын Социалдык фонду 78 чет өлкөлүккө пенсия чектеди. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.   Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 1-январынан тартып Евразия экономикалык биримдигинин мамлекеттери менен биргеликте Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан иштелип чыккан пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу күчүнө кирген.   Макулдашууга ылайык, ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттин аймагында эмгек… Кененирээк…

Мамлекеттик ипотекалык компанияга жаңы жетекчи дайындалды

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жаңы жетекчиси болуп Темиркул Балтабаев дайындалды. Бул тууралуу Reporter.kg өздүк булактарына таянуу менен билдирди.   Садыр Жапаров кол койгон документке ылайык, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын мурдагы жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов президенттин жардамчысы болуп дайындалды.