Кыргызстанга быйыл 10,5 миллион турист келет деп күтүлүүдө

Кыргызстанга быйыл 10,5 миллион турист келет деп күтүлүүдө. Бул тууралуу  24 агенттигине туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти. Белгилеп кетсек, биздин өлкөгө эс алуучулардын көбү Өзбекстан, Россия жана Казакстандан келет.   Андан тышкары, КМШ, Европа, Түштүк-Чыгыш Азия жана араб өлкөлөрүнөн келген туристтер дагы бар.   Эске… Кененирээк…

Ысык-Көлдө Асман экологиялык шаарынын курулушу башталды

Ысык-Көлдө Асман экологиялык шаарынын курулушу башталды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жарыялады.   Анын айтымында, Кыргызстан учурда жашыл экономиканы өнүктүрүүгө багыт алды жана жаңы шаарда электромобилдер, электробустар гана  жүрүп, энергиянын кайра жаралуу булактары колдонулат. Муну менен Асман атмосферага зыян келтирбейт.   Эске салсак, шаардын аймагы… Кененирээк…

Кыргызстанда тоок жумурткасын өлкө аймагына импорттоого тыюу салынды

Кыргызстанда тоок жумурткасын өлкө аймагына импорттоого тыюу салынды. Тиешелүү токтом Министрлер кабинетинде кабыл алынып, күчүнө кирди.   Документ өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, базардагы бааны туруктуу кармоо жана ички рынокту толук камсыздоо максатында иштелип чыкты.   Буга чейин Айыл чарба министрлигинен белгилешкендей, өлкөдө жумуртка өндүрүү ички… Кененирээк…

12-июнда Бишкектин айрым аймактарында суу болбойт

12-июнда Бишкектин айрым аймактарында суу болбойт. Муниципалитеттен билдиришкендей, 12-июнда саат 10:00дөн 22:00гө чейин Масалив – Айтматов – Садырбаев көчөлөрү менен чектелген аймакта суу берүү токтотулат.   Бул убакта «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы диаметри 300 мм болгон суу түтүгүн оңдоо иштерин жүргүзөт. Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн… Кененирээк…

ЖК комитети Ысык-Көлдөн чет элдиктерге мүлк сатууга уруксат берген документти колдоду

Чет өлкөлүк жарандарга Ысык-Көлдүн аймагынан мүлк сатып алууга уруксат берген мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитети 10-июндагы жыйынында үчүнчү окуудан колдоду. Документке бир депутат Султанбай Айжигитов “каршы” добуш берди.   Долбоор эми парламенттин жалпы жыйынында үчүнчү окууда каралат.… Кененирээк…

Эки жылда чет жактагы мигранттардын саны 143 миңге азайды

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров 2022-жылы чет өлкөлөрдө Кыргызстандын 800 миңден ашык жараны эмгектенип жүргөнүн, ушул тапта алардын саны 657 миңге чейин азайганын билдирди. Бул тууралуу ал 10-июнда “Биринчи радионун” эфиринде журналисттин суроосуна жооп берип жатып айтты. Жыйынтыгында эки жылда… Кененирээк…

Үч округ боюнча Жогорку Кеңеш депутатын шайлоого үгүт иштери башталды

Бүгүн Свердлов, Ноокат жана Ысык-Көл бир мандаттуу округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоого үгүт иштери башталды. Боршайкомдон билдиришкендей, агитация 29-июнда эртең мененки саат 8де аяктайт.   Жалпысынан 29 талапкер катталган. Парламент депутаттарын шайлоо 30-июнда өтөт.   Эске салсак, алар мандатын ар кандай себептер… Кененирээк…

Калкты тейлөө борборлоруна эми Tunduk аркылуу онлайн катталса болот

“Түндүк” мобилдик тиркемесинде калкты тейлөө борборлоруна онлайн кезекке туруу кызматы ишке кирди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги маалымдайт.   Белгиленгендей, эми “Түндүк” мобилдик тиркемесинин колдонуучулары республика боюнча бардык Калкты тейлөө борборлоруна каалаган убакытка алдын ала онлайн жазыла алышат.

Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштырылат

Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштырылат. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, операция 10-11-июнда жасалат.   Белгиленгендей, 2 бейтаптын боору алмаштырылат. Боорду трансплантациялоону жергиликтүү дарыгерлер жасашат. Алар Түркияда боор трансплантациялоо боюнча окуудан өтүп келишкен.   Операция учурунда түрк адистери көмөктөшөт. Буга чейин анестезиолог-реаниматолог, эки хирург жана медайымдан… Кененирээк…

Баткенде медакадемиянын заманбап комплексинин курулушу аяктады

Баткенде И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын заманбап окуу-дарылоо комплексинин курулушу аяктады. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, комплекс жаңы окуу жылына карата толук пайдаланууга берилет.   Объект көп тармактуу дарылоо-диагностикалык оорукана катары курулуп, заманбап жабдуулар, рентген кабинети, УЗИ, МРТ, ЭКГ менен жабдылган.   Мындан тышкары, комплекстин аймагында… Кененирээк…