Нурлан Токобаев Кыргызстандын Кувейттеги элчиси болуп дайындалды
Нурлан Токобаев Кыргызстандын Кувейттеги элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Нурлан Токобаев Кыргызстандын Кувейттеги элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Чүй облусуна караштуу Токмок – Прогресс – Кайырма унаа жолуна асфальт төшөө иштери аяктады. Унаа жана жолдор министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, аталган жолдун 3 чакырым аралыгына асфальт жаткырылып, жумуштар толук жыйынтыкталды. Жалпысынан 15 чакырымды түзгөн Токмок – Прогресс – Кайырма унаа жолунун 0-1, 8-9… Кененирээк…
Ысык-Көлдө беш туристтик тейлөө борбору курулууда. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, алар Балыкчы шаарында, ошондой эле Бөкөнбаев, Тосор, Теплоключенка жана Түп айылдарында жайгашкан. Борборлор эс алуучуларга түрдүү кызматтарды сунуштайт, анын ичинде кафелер, дүкөндөр, унаа токтоочу жайлар, фельдшердик-акушердик пункттар жана электрондук шаймандарды кубаттоочу жайлар болот.… Кененирээк…
Кыргызстандыктар бул айда үч күн катары менен эс алышат. Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлиги эскерткендей, Курман айт жекшемби, 16-июнга туура келет. Мындан улам, дүйшөмбү дем алыш күн болот. Ошентип, жарандар 15-июндан 17-июнга чейин эс алышат.
Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө пункттары убактылуу жабылды. Чек ара кызматынан билдиришкендей, бекеттер кытай тараптын демилгеси менен бүгүн иштебейт. Транспорт, жүк ташуучу унаалар жана жөө жүргүнчүлөрдү өткөрүү эртең, 11-июндан тарта жанданат.
№5 Ноокат, №29 Свердлов жана №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкерлерди каттоо аяктады. Боршайкомдон билдиришкендей, үч округдан жалпы 29 талапкер ат салышат. Алардын экөө аял. Жалпы 44 талапкер арыз берип, алардын 12си катышуудан баш тарткан. Эки… Кененирээк…
Жеңил атлетика боюнча параспортчу Гүлназ Жүзбаева Швейцарияда өткөн лицензиялык мелдеште алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады. Ал 1 миң 500 метр аралыкты 6 мүнөт 18 секундда чуркап өтүп, Париж Олимпиадасына жолдомо утту. Жайкы Олимп оюндарына ушуну менен Кыргызстандын… Кененирээк…
Бүгүнтөн тарта Бишкектин Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Айтматов көчөсүнө чейинки тилкесинде оңдоо иштери башталат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Андан тышкары, Бишкектин дагы 3 негизги көчөсү – Горький, Юнусалиев жана Жибек Жолу проспектисинде ремонт жүргүзүлөт.
Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезон расмий ачылды. Анын ачылышы 8-июнда чоң масштабдагы көргөзмө-жармаңке менен башталып, өлкөдөгү туризмдин абалы талкууланды. Ага Кыргызстандын бардык аймактарынан жана башка өлкөлөрдөн тур операторлор, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, кол өнөрчүлөр, ишкерлер жана туристтер катышты.
Талас облусунун Бакай-Ата районунда 275 орундуу мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Белгиленгендей, Таш-Кудук айылындагы мектептин курулушу республикалык казынадан каржыланууда.