Ала-Букада «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасы ачылды
Ала-Бука районунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасы ачылды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, ушуну менен Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 14 мамлекеттик дарыкана иштеп жатат. Эске салсак, өлкөдө «Эл Аман» мамлекеттик дарыканалары 2023-жылдын ноябрь айынан тарта ачыла баштаган.