Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси алмашты

Кайрат Осмоналиев Кыргызстандын Азербайжандагы жана Баку шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Грузиядагы элчиси кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.   Президент Садыр Жапаровдун башка жарлыгы менен Максат Мамытканов Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси болуп дайындалды.

Кыргыз-кытай чек арасы бир күнгө жабылат

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө пункттары убактылуу жабылат.   Чек ара кызматынан билдиришкендей, бекеттер кытай тараптын демилгеси менен 1 күнгө иштебейт. Ага ылайык, транспорт, жүк ташуучу унаалар жана жөө жүргүнчүлөрдү өткөрүү 11-июндан тарта жанданат.

Ысык-Көлдө 12 пансионаттын иши убактылуу токтотулду

Ысык-Көлдө 12 пансионаттын иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Маалыматка ылайык, эс алуу жайлары экологиялык нормаларды бузган.   Белгиленгендей, тизмедеги айрым объектилерде тазалоочу жайлардын курулушу башталды. Мыйзам бузуулар жоюлгандан кийин, аларга туристтик сезонго даярдыгы боюнча паспорт берилет.  

Кыргызстанда Курман айт 16-июнда белгиленет

Кыргызстанда Курман айт 16-июнда белгиленет.   Бул тууралуу бизге Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришти. 15-июнь арапа күнү болот. Буга байланыштуу кыргызстандыктар кийинки жуманын аягында үч күн катары менен 15-16-17-июнь күндөрү эс алышат.

Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу бир катар аймактарда жаратылыш газы өчүрүлөт

Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу бир катар аймактарда жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Бишкекгаз” газ кызматы кабарлады. 10-12-июнда Көлбаев, Калинин, Жеңиш проспектиси, Ауэзов, Токмок, Лермонтов, Киров, Чапаев көчөлөрүндө газ өчөт.   Ал эми 11-13 июнда көгүлтүр от Төрөкул Айтматов, 7-Апрель көчөлөрүндө жана Чүй проспектисинде жок болот.

Садыр Жапаров Кыргызстандын футбол командасына автобус белек кылды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров футбол боюнча улуттук курама командага автобус белек кылды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.   Эске салсак, бир күн мурун, 6-июнда, Кыргызстан менен Малайзиянын курама командаларынын беттеши өткөн. Оюндан кийин футболчулар менен жолугуп, башкы машыктыруучу Штефан Тарковичке автобустун ачкычын тапшырган.

Кыргызстанда көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатында бала бакчалар жайгашат

Кыргызстанда көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатында бала бакчалар жайгашат.   Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, улуттук курулуш нормалары кабыл алынды.   Аларга ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетишсиздигин жоюу максатында көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи жана экинчи кабаттарында бала бакчалар ачылат.

Бишкектин 100 троллейбусу Ош шаарына берилет

Бишкектин 100 троллейбусу Ош шаарына берилет. Шаардык кеңештин долбоору коомдук талкууга чыгарылды.   Түштүк калаа мэриясы буга чейин президент администрациясына кайрылып, калктын саны көбөйгөнүнө байланыштуу коомдук транспорт бөлүп берүү суранычын билдирген.   Белгилеп кетсек, күн сайын Бишкекте  115-120 троллейбус каттамдарга чыгат. Эми алардын көбү Ошко… Кененирээк…

Акылбек Жапаров Салык кызматынын жаңы имаратын курууга капсула салды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматынын имаратынын курулушуна капсула салуу аземине катышты.   «Мамлекетти өнүктүрүүдө салык кызматынын ролу эбегейсиз. Салык кызматы – бул салык мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөгөн жана мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин олуттуу бөлүгүн камсыз кылган кубаттуу мамлекеттик орган, мамлекеттик казынанын негизин түзгөн булак.… Кененирээк…

Бишкек ЖЭБиндеги аварияда жабыркаган адамга үй берилди

Бишкек шаардык жылуулук электр борборундагы жарылууда жабыркаган кызматкерге ишкананын балансындагы үйдө жашаганга мүмкүнчүлүк түзүлүп берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлашты.   Кырсык болгонго чейин жабырлануучу үй-бүлөсү менен жатаканада жашаган жана жалгыз багуучу болуп келген. Ошондой эле эки жабырлануучуга моралдык чыгымдын орду толтурулганы кабарланды.   Быйыл… Кененирээк…