Эртең Бишкектин айрым көчөлөрү унаа кыймылы үчүн жабылат

Эртең Бишкектин айрым көчөлөрү унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу Кайгуул милициядан билдиришти.   Ага ылайык, Тоголок Молдо көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин, Фрунзе көчөсү Манас проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейин кыймылга чектелет.   Жолдор кечки саат 6дан түн ортосуна чейин жабылат. Мунун себеби Кыргызстан… Кененирээк…

Көчмөндөр оюндары: Кыргызстан Монголияны 16:0 эсебинде жеңди

Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын курамасы көкпар боюнча мелдеште Монголияны 16:0 эсебинде жеңди. Көкпар боюнча таймашка 9 мамлекет: Кыргызстан, Казакстан, АКШ, Россия, Өзбекстан, Венгрия, Кытай, Монголия жана Түркия катышууда.   Белгилеп кетсек, бул оюнда кыргыз спортчуларынын башкы атаандашы болуп Казакстандын курамасы эсептелет.… Кененирээк…

Селена Гомес миллиардерлердин катарын толуктады

Ырчы Селена Гомес миллиардерлердин катарын толуктады. Бул анын жеке бизнесинин аркасында мүмкүн болду.   32 жаштагы жылдыз башка атактуулар менен жигердүү кызматташкан косметикалык брендге ээ. Азыр Гоместин байлыгы 1 миллиард 300 миллион долларга бааланууда.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша… Кененирээк…

Ашыкча жүк менен жолго чыккан айдоочуларды текшерүү башталды

Кыргызстанда ашыкча жүк менен жолго чыккан айдоочуларды текшерүү башталды.   Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, рейддик иш-чаралар 7-октябрга чейин уланат. Ага ылайык, ашыкча жүк жүктөп алып, асфальт жолго чыккан айдоочуларга тийиштүү протоколдор түзүлүп, айып пулдар салынат.   Транспорттук көзөмөл салынган жолдордун сапатын сактоо, талкалоого… Кененирээк…

Дыйкан-фермерлерге 3,79 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди

5-сентябрга карата «Айыл чарбасын каржылоо-12» долбоорунун алкагында республиканын 9 миң 602 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген насыялар берилди.   Финансы министрлигинен билдиришкендей, берилген насыянын жалпы суммасы 3 млрд 793,33 млн сомду түздү: Анын ичинде: мал чарбачылык тармагы боюнча – 3 млрд 369,2 млн сомго жалпы 8… Кененирээк…

Баткенде жер титиреди

Баткенде жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдиришти.   Маалыматка ылайык бүгүн, 9-сентябрда саат 09:41де Баткен облусунун Баткен районунда жер титирөө катталган.   Жердин силкинүүсү Көк-Таш айылында 2,5 балл, Булак-Башы айылында 2 баллга чейин сезилген.   Андан жабыркагандар жана кыйроолор… Кененирээк…

Японияда IT компания мышыктарды жумушка алды

Японияда IT компания мышыктарды жумушка алды. 11 жаныбар адам кесиптештерин тынчтандырууга жана команданын маанайын көтөрүүгө жооптуу.   Баалуу кызматкерлер үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Алсак, кеңсени дааратканалар жана ыңгайлуу текчелер менен жабдышкан.   Белгиленгендей, биринчи мышык компанияда 2004-жылы пайда болгон. Үй жаныбары адамдарга жакшы таасирин тийгизгенин… Кененирээк…

Ысык-Көлдө “Каркыра” комплексинин курулушу уланууда

Ысык-Көлдө “Каркыра” тоо-ден соолукту чыңдоочу комплексинин курулушу кызуу жүрүп жатат. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Имановдун айтымында, учурда базага электр жарыгы жана таза суу берилүүдө.   Мындан тышкары, инвесторго коттедж шаарчасынын жана асма жолдун курулуш документтери берилди. Иманов белгилегендей, “Каркыра” комплекси жыл бою иштейт.… Кененирээк…

Таксисттерге көзөмөл күчөтүлөт

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы таксисттерге көзөмөлдү күчөтөт.   Ведомстводон билдиришкендей, акыркы убакта такси кызматына айдоочулук тажрыйбасы жок жумушка орношуп жатышат. Ошондой эле керектүү документтери жок иштеп, унааларды өз убагында кароодон өткөрүшпөйт. Мындан тышкары, айдоочулар такси кызматына тиркемелер аркылуу катталып, жумуш жана эс алуу… Кененирээк…

Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумушчу топтору Бустондо жолугушту

Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумушчу топтору мамлекеттик чек аранын калган тилкелеринде биргелешкен талаа изилдөөлөрүн жүргүзүштү.   Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушуу 1нен 7-сентябрга чейин коңшу өлкөнүн Бустон шаарында өттү. Жыйынтыгында протоколго кол коюлду.   Тараптар Кыргызстандын аймагында өтө турган кезектеги жолугушууда жерлерди сыпаттоо иштерин улантат.  … Кененирээк…