Бишкек мэриясы “Ак-Кула” ипподрому боюнча долбоордук-сметалык документацияны даярдоого тендер жарыялады

Бишкек мэриясы “Ак-Кула” ипподрому боюнча долбоордук-сметалык документацияны даярдоого тендер жарыялады. Бул максатта 30 миллион сомдон ашык багыттоо пландалууда.   Жаңы ат майданы Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында курулат. Объект 30 миң орунга эсептелет. Анда административдик имарат, мейманкана, ашкана жана медициналык пункт дагы каралат.    

Көк-Арт ашуусундагы туннелдин курулушу декабрда аяктайт

Жалал-Абад облусундагы Көк-Арт ашуусу аркылуу өтө турган туннелдин курулушу 1-декабрда аяктайт. Бул тууралуу Унаа жана министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, объекттин узундугу — 3 миң 890 метр, туурасы — 10,5 жана айрым участоктордун кеңдиги 14 метр.   Ал эми бийиктиги — 8,5 метрди түзөт. Бүгүнкү күндө… Кененирээк…

Кочкор-Атада “Нефтчи” стадиону реконструкциядан кийин ачылды

Кочкор-Атада “Нефтчи” стадиону реконструкциядан кийин ачылды.   Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бул жерде ушул эле аталыштагы профессионалдык футбол командасы, ошондой эле 100дөн ашык жаш футболчуларды даярдаган академия жайгашкан.   Кошумчалай кетсек, “Нефтчи” клубунун ар кайсы курактагы үч балдар командасы бар, алар футбол боюнча республикалык чемпионатка… Кененирээк…

Борбор Азиядагы батирлердин ижара баасы Бишкекте эң кымбат

Борбор Азиядагы батирлердин ижара баасы Бишкекте эң кымбат.   ASIA-Plus агенттигинин маалыматына ылайык, ушул жылдын август-сентябрь айларында ижара акысы эң арзан бир бөлмөлүү батир Тажикстандын борборунда катталган. Квартираны Душанбе шаарында айына 160 доллардан 360 долларга чейин тапса болот.   Ашхабадда орточо эсеп менен 240 доллар.… Кененирээк…

«Кант» көмөк чордонунун кубаттуулугу жогорулатылууда

Керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртуу максатында «Бишкек электр тармактары» ишканасы 110/35/10 кВ «Кант» жогорку чыӊалуудагы көмөк чордонунда реконструкциялоо иштерин жүргүзүүдө. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, учурда планына ылайык, «Кант» көмөк чордонундагы кубаттуулугу 25 МВА болгон күч трансформаторун кубаттуулугу 40 МВА болгон жаңы трансформаторго алмаштыруу иштери жүргүзүлүүдө.… Кененирээк…

Камсыздандыруу полисине каражатты “Кыргыз почтасынан” төлөсө болот

Эми камсыздандыруу полистерине каражатты “Кыргыз почтасы” мекемесинин филиалдарында төлөөгө болот.   Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, “Кыргыз почтасы” жана “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ишканасы тиешелүү меморандумга кол коюшту. Ага ылайык, жарандар өлкө боюнча “Кыргыз почтасынын” каалаган филиалында ОСАГО өңдүү камсыздандыруу полистерине каражат төлөй алышат.   Ушул жана… Кененирээк…

Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт

Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт.   Муниципалитеттен билдиришкендей, суу эртең мененки саат 9дан түнкү 2ге чейин Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Саадаев көчөлөрүндө, Жибек Жолу проспектинде, Жаш Гвардия бульварында жана Красный строитель, Ак-Тилек, Көлмө, Алтын-Бешик жана Салам Алик конуштарында жок болот.   Мунун себеби “Северный” дарбазасында… Кененирээк…

Токтогулда суунун деңгээли көтөрүлө баштады

Токтогулда суунун деңгээли көтөрүлө баштады.   “Электр станциялары” ишканасынан такташкандай, бүгүн суунун көлөмү 13 млрд 26 млн куб метрди түздү. Суунун агып келиши секундасына 394 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 205 куб метрге жетүүдө.   Эске салсак, былтыр бул күнү Токтогул суу сактагычындагы… Кененирээк…

Сокулуктагы 750 орундуу мектептин курулушу быйыл аяктайт

Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы 750 орундуу мектептин курулушу быйыл аяктайт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, объекттин курулушу 2012-жылы башталып, 2019-жылдан бери токтоп турган.   Учурда имараттын ички жумуштары жүргүзүлүүдө. Мектеп быйыл жыл аягына чейин каалгасын ачат… Кененирээк…

Зардалыда жол салуу иштери келерки жылы башталат

Баткен облусундагы эң алыскы Зардалы айылында келерки жылы жол салуу иштери башталат. Президент Садыр Жапаров 29-сентябрда жеринде билдиргендей, электр энергиясы менен камсыз кылуу жумуштары да жүргүзүлөт.   Белгилеп кетсек, Баткендеги шарты катаал Зардалы айылына машине менен барган жол жылына жайында төрт-беш ай гана ачык болот.… Кененирээк…