“Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорунун алкагында дээрлик 10 миң дыйкан жеңилдетилген насыя алды

“Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорунун алкагында дээрлик 10 миң дыйкан жеңилдетилген насыя алды. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата 3,5 миллиард сомдон ашык берилди.   Каражат мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү категориялары боюнча берилүүдө. Долбоордун алкагында насыялоонун жалпы көлөмү 5 миллиард сомду түзөт.   Ушул… Кененирээк…

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы 2026-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо оюндарына даярданууда

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы 2026-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо оюндарына даярданууда. 3-октябрдан 8ине чейин машыгуу беттештери Сауд Арабияда өтөт.   Кураманын кеңейтилген тизмесине 30 оюнчу кирди. Эске салсак, команда 10-октябрда Катар курамасына каршы ойнойт, ал эми 15-октябрда Кореяга каршы беттеш болот.

Кыргызстандагы алгачкы шамал станциясы Ысык-Көл облусунун Ак-Өлөң айылында курулат

Кыргызстандагы алгачкы шамал станциясы Ысык-Көл облусунун Ак-Өлөң айылында курулат. Электрстанциянын кубаттуулугу 60 мегаватты түзөт. Бул үчүн ата мекендик компания 30дан ашык шамал турбиналарын курууну пландап жатат.   Долбоорго ылайык, шамал паркы Ысык-Көл облусунун бир бөлүгүн электр энергиясы менен камсыздайт, ал эми ашып калган көлөмдү экспорттоо… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунда жаңы спорткомплекс пайда болду

Жалал-Абад облусунда жаңы спорткомплекс пайда болду. Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, курулуш иштерине каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн.   Долбоорду ишке ашыруу 32 миллион сомго айланды.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Кыргызстанда автобекеттер оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Кыргызстанда автобекеттер оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, “Ысык-Көл автобекети» филиалынын Түп автокассасынын аймагына автобустар жөнөтүлүүчү перрон курулуп, колдонууга берилди.   Каракол автобекетинин аймагын көрктөндүрүү, асфальт төшөө, бордюрларды, орнотуу жумуштары аткарылууда.   Ал эми “Нарын автобекети” филиалынын Ат-Башы автостанциясынын аймагы темир тосмо менен тосулду.… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда 15 үй колдонууга берилди

Ысык-Көл облусунда 15 үй колдонууга берилди. “Турмуш” басылмасы жазгандай, объектилер социалдык шаарчанын аймагында жайгашкан. Кайрымдуулук фондунун каржылоосу менен жалпысынан аз камсыздалган үй-бүлөлөр үчүн 30 үй куруу пландалууда.   Ошондой эле шаарчада фельдшердик-акушердик түйүн, мечит жана реабилитациялык борбор пайда болот.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…

Кыргызстанда күйүүчү майды маркалоо системасы расмий ишке киргизилди

Кыргызстанда күйүүчү майды маркалоо системасы расмий ишке киргизилди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, импорттолуучу жана өндүрүлгөн күйүүчү-майлоочу материалга молекулярдык маркерлер колдонулат.   Ал эми жаңы жылдан тарта маркасы жок бензинди жана дизель майын сатууга тыюу салынат.   Молекулярдык маркер күйүүчү майдын структурасына… Кененирээк…

Балдарга берилүүчү жөлөк пулду көбөйтүү каралууда

«Үй-бүлөгө көмөк» же жашы жете элек балдарга берилүүчү жөлөк пулдун өлчөмүн көтөрүү маселеси каралып жатканын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова парламент отурумунда билдирди. Министр бирок канча суммага көбөйүшү ыктымалдыгын айткан жок. Депутат Надира Нарматова ушул тапта балдарга берилип жаткан 1200 сомдук жөлөк… Кененирээк…

Аймактарды өнүктүрүүгө төрт млрд сомго жакын каражат бөлүү пландалууда

Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүүгө төрт млрд сомго жакын каражат бөлүү пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди.   Маалыматка ылайык, акча агроөнөр жай комплексин насыялоого багытталат. Анын алкагында кайра иштетүү тармагындагы орто жана чакан ишкерлик колдоого алынат.… Кененирээк…

«Социалдык келишим» түзгөн айрым үй-бүлөлөр 40 миң сомго чейин киреше табууда

Кыргызстанда «Социалдык келишим» түзгөн айрым үй-бүлөлөр айына 20 миңден 40 миң сомго чейин киреше таап жатат. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова билдирди.   Анын айтымында «Социалдык келишим» долбоору аркылуу аз камсыз үй-бүлөлөргө кайтарымсыз 100 миң сом, ошондой эле насыя түрүндө… Кененирээк…