Таласта 11 беш кабаттуу ипотекалык үй курулат

Таласта 11 беш кабаттуу ипотекалык үй курулат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан маалым болду.   Белгиленгендей, турак жайлар Алымкулов көчөсүндө жайгашат. Жалпысынан 310 батир болот.   Бүгүнкү күндө бардык 11 блоктун котлованы даярдалды. Учурда лабораториялык текшерүүлөр жүргүзүлүп жатат, андан соң курулуштун кийинки этаптары уланат.  … Кененирээк…

Ошто милиция кызматкерлерине 25 унаанын ачкычы тапшырылды

Ошто милиция кызматкерлерине 25 унаанын ачкычы тапшырылды. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага министр Улан Ниязбеков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.   Анда коомдук коопсуздукту камсыздап, кылмыштуулукка каршы күрөшүү үчүн эң алгач кызматкерлерге мыкты шарттар жана заманбап мүмкүнчүлүктөр түзүлүшү керектиги белгиленди.   Ушул жана башка жаңылыктар… Кененирээк…

Кыргызстан тамеки ташууга тыюу салууну пландап жатат

Кыргызстан тамекини ташып келүүгө, транзитке же реэкспорттоого алты айга тыюу салууну пландап жатат.   Министрлер кабинетинин тийиштүү токтом долбоору коомдук талкууга чыкты. Убактылуу чектөө Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерге тиешеси жок.   Белгиленгендей, документ жарандардын ден соолугун жасалма, сертификаты жок тамекилерден коргоо, ошондой эле аткезчиликке… Кененирээк…

Садыр Жапаров иш сапары менен Россияга кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Россияга жөнөп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.   Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында төмөнкүлөр бар: — министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, Кыргызстандын КМШ иштери боюнча улуттук координатору Адылбек Касымалиев;… Кененирээк…

Эки миңден ашык чет өлкөлүк жаранга “Санарип көчмөн” макамы берилди

Кыргызстанда чет өлкөлүк 2 миң 353 жаранга “Санарип көчмөн” макамы берилди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, аталган статусту Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Молдова жана Россиянын жарандары алышты.   Эске салсак, “Санарип көчмөн” макамы анимация, графикалык дизайн, мультимедиялык дизайн, программалоо, IT-продуктуларды… Кененирээк…

Ош шаарына газ берүү убактылуу токтотулат

8-9-октябрда Ош шаарында газ берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.   Маалыматка ылайык, убактылуу чектөөлөр Өзбекстандын «Узтрансгаз» ишканасы «Ходжабад-Ош» магистралдык газ түтүктөрүнө пландуу оңдоп-түздөө иштерин жүргүзөрүнө байланыштуу.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт.   Мэриянын маалыматына караганда, эртең мененки саат 9дан түн ортосуна чейин суу Лев Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Муромская жана Алыкулов көчөлөрүнүн аймагында өчүрүлөт. Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан… Кененирээк…

Мамлекеттик ипотекалык компания өлкөнүн ар бир аймагында өкүлчүлүгүн ачат

Мамлекеттик ипотекалык компания өлкөнүн ар бир аймагында өкүлчүлүгүн ачат. Бул тууралуу мекеменин жетекчиси Темиркул Балтабаев билдирди.   Анын айтымында, бул жергиликтүү тургундарга ипотека тууралуу толук маалыматты жеринде алууга шарт түзөт.   Филиалдардын ачылышы жакын арада болушу күтүлүүдө.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg… Кененирээк…

Айлык акыны накталай төлөгөндөргө айып салуу сунушталууда

Экономика жана коммерция министрлиги айлык акыны накталай төлөгөн юридикалык жактарга айып салууну сунуштоодо. Тиешелүү өзгөртүүлөр парламенттин талкуусуна коюлду.   Мыйзамга ылайык, форс-мажордук, өзгөчө абал же өзгөчө кырдаалдар, ошондой эле иштин айрым түрлөрү же өлкөнүн айрым аймактарында болгон учурлардан тышкары, эмгек акы накталай эмес формада төлөнөт.… Кененирээк…

Мамлекеттик оорукананын жетекчилерин менчик клиникаларда иштөөгө тыюу салуу сунушталды

Мамлекеттик оорукананын башкы дарыгерлерин жана орун басарларын менчик клиникаларда иштөөгө тыюу салуу сунушталууда. Буга байланыштуу «Саламаттыгын сактоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында биринчи окууда жактырылды.   Мыйзам долбоору Кыргызстандын жарандарына ишенимдүү жана сапаттуу медициналык жардамды камсыз кылуу максатында сунушталып жатканы… Кененирээк…