Эртең “Ак шумкарлар” оюн талаасына ак түстөгү форма менен чыгат

Эртең “Ак шумкарлар” оюн талаасына ак түстөгү форма менен чыгат. Кыргыз футбол союзунан маалым болгондой, Катардын оюнчулары кочкул кызыл түстөгү формада ойнойт.   Беттеш “Аль-Тумама” стадионунда Бишкек убактысы боюнча кечки саат 10до башталат.   Оюн 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү раундунун алкагында өтөт.… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында газ убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында газ убактылуу өчүрүлөт.   “Бишкекгаз” кызматынан кабарлашкандай, бүгүнтөн тарта 11-октябрга чейин Абай, Горький, Панфилов, Кулатов, Каракульская, Медеров жана Ашхабад көчөлөрүндө көгүлтүр от болбойт. Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.   Ремонт алдыдагы күз-кыш мезгилинде газ менен ишенимдүү жана коопсуз камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.  … Кененирээк…

Бишкекте башаламан соодага каршы рейд жүрөт

Бишкекте башаламан соодага каршы рейд жүрөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.   Маалыматка ылайык, товарды белгиленбеген жерлерде саткандарга 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин айып салынат.   Мэрия жарандардан мыйзамды, тартипти жана тазалыкты сактоону суранат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк… Кененирээк…

Ош шаарында үч эм төрөлдү

Ош шаарында үч эм төрөлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.   Эки кыз, бир уулду Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын 32 жаштагы тургуну Чолпон Садирали кызы жарык дүйнөгө алып келген.   Эне менен ымыркайлардын абалы жакшы.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша… Кененирээк…

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт.   Муниципалитеттен билдиришкендей эртең мененки саат 9дан түнкү 12ге чейин Ала-Арча суусу – темир жол –Жибек – Жолу пр. – Ж. Гвардия бульвары, Ж. Гвардия бульвары – темир жол – Фрунзе көчөсү – Манас проспектиси, Д. Сяопин проспектиси –… Кененирээк…

Калкты тейлөө борборлорунун ишин жасалма интеллект көзөмөлдөйт

Кыргызстанда жасалма интеллект технологияларынын негизинде калкты тейлөө борборлорунун ишине мониторинг жүргүзүү системасы киргизилет.   Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаеванын айтымында, инновация кызматкерлердин аракетине көз салып, ишин талдайт. Бул жарандарга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртат деп күтүлүүдө.   Долбоордун пилоттук ачылышы Бишкектин Чокан Валиханов көчөсүндө жайгашкан борбордо… Кененирээк…

Шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин 39 партия тапшырды

Кыргызстандагы 33 шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин 39 партия тапшырды.   Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, 993 мандатка 5 миңден ашуун талапкер туура келүүдө. Эң көп, тагыраагы, 9 партия Кант, Кара-Балта, Токтогул жана Базар-Коргондо катышууда. Раззаков, Сүлүктү жана Балыкчы шаарларында 8 партия шайланышы күтүлүп жатат.… Кененирээк…

Курулуш компаниялары үйлөр менен бирге бала бакча жана мектеп курууга милдеттендирилет

Курулуш компаниялары үйлөр менен бирге бала бакча жана мектеп курууга милдеттендирилет. Бул тууралуу парламенттин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.   Анын айтымында, учурда тиешелүү норма иштелип жатат. Компаниялар курулуш планын көрсөтөт, анда канча адам жашайт, ошого жараша социалдык социалдык объектилерди, бала… Кененирээк…

Кыргызстандыктар эс алуу үчүн тандаган алдыңкы өлкөлөр аталды

Кыргызстандыктар эс алуу үчүн тандаган алдыңкы өлкөлөр аталды. Туризм жарманкесине катышкан туроператорлордун маалыматына ылайык, өткөн жылдардын эң популярдуу багыттары болгон Түркия жана Бириккен Араб Эмираттарына суроо-талап дагы эле жогору бойдон калууда.   Бирок быйыл кыргызстандыктардын кызыгуусу жаңы багыттарга барган сайын күчөп жатат. Алсак, Кытай, Малайзия,… Кененирээк…

Салык декларациясын тапшырбаган жана туура эмес тапшыргандарга 6 миллион сом айып салынды

Салык декларациясын тапшырбаган жана туура эмес тапшыргандарга 6 миллион сом айып салынды. Башкы прокуратура маалыматына ылайык, жыл башынан бери мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин бирдиктүү салык декларациясын тапшыруусуна карата текшерүү жүргүзүлдү.   Жыйынтыгында 2 миң 511 кызматкерге карата укук бузуу өндүрүштөрү козголуп, материалдар сот органдарына жиберилген.… Кененирээк…