Кытайда дөңгөлөктүү мобилдик банкет залдары популярдуу болууда

Кытайда дөңгөлөктүү мобилдик банкет залдары популярдуу болууда.   Уникалдуу жүк ташуучу унаалар 200 кишини батыра алат жана тойлордон баштап жергиликтүү фестивалдарга чейинки иш-чаралар үчүн колдонулат. Анын ичи ресторанды элестетет жана кондиционерди, чоң проекциялык экрандарды жана караоке үчүн аудио системаларды камтыйт.   Дөңгөлөктүү залдын ижара акысы… Кененирээк…

Бишкекте дээрлик 630 миң шайлоочу бар

Бишкекте дээрлик 630 миң шайлоочу бар.   БШК жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында жарандарды өз маалыматтарын тактоого чакырат. Каталар болсо, арызды 1-ноябрга чейин жазса болот.   Аралыктан добуш берүү үчүн ордо калаанын райондорунда төрт тилке иштейт. Мындан тышкары 200дөн ашык участкалык шайлоо комиссиялары уюштурулат.   Эске… Кененирээк…

Беш миңден ашык мамлекеттик кызматкер декларация тапшырган эмес

Салык кызматы 2023-жылга карата мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин салык декларациясын иштеп чыгуу жана талдоо боюнча ишинин жыйынтыгын чыгарды. Ведомстводон билдиришкендей, салык органдары тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин 66 миң 213 декларациясы, анын ичинде саясий, жогорку административдик жана атайын кызматтарды ээлеген адамдардын 1 миң 416 декларациясы… Кененирээк…

Ошто 150 орундуу бала бакча ачылды

Ош шаарында «Акылман» мектепке чейинки билим берүү мекемеси ачылды. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти.   Жаңы бала бакча УКМК жана Чек ара кызматынын жергиликтүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин балдары үчүн курулган.   150 балага ылайыкташкан объектте балдар үчүн заман талабына ылайык бардык шарттар түзүлгөн.   Ушул жана… Кененирээк…

Бишкек мэриясы дагы 300дөй автобус сатып алууну пландоодо

Бишкек мэриясы дагы 300дөй автобус сатып алууну пландоодо.   Маалыматка ылайык, жыл соңуна чейин бюджеттин эсебинен алынып жаткан Isuzu маркасындагы 68 автобус келет. Ал эми 2025-жылдын 1-кварталында Азия өнүктүрүү банкы аркылуу 120 электробус жана Ислам өнүктүрүү банкы аркылуу 100 автобус алынат.   Белгиленгендей, бүгүнкү күндө… Кененирээк…

«Сосновка» жана «Кара-Көлдө» кышка даяр эмес машинелер артка кайтарылат

«Сосновка» жана «Кара-Көл» постторунда унаалардын кышка даярдыгы текшерилип, талапка жооп бербегендер артка кайтарылат. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлиги билдирди.   Ведомство тоолуу аймактарга жолго чыккан айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырууга чакырат.   Эске салсак, бүгүнтөн тарта өлкөдө аба ырайы кескин өзгөрөрү кабарланган.  … Кененирээк…

Келерки аптада Боом капчыгайында кооптуу таштар кулатылат

Келерки аптада Боом капчыгайында кооптуу таштар кулатылат.   “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, 14-18-октябрь аралыгында Бишкек-Торугарт унаа жолунда таш түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин жол жарым-жартылай тосулат.   Трассаны тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге гана багытталат. Мындай… Кененирээк…

Унааны кайра каттоо үчүн ОСАГО талап кылынбайт

Унааны кайра каттоо үчүн милдеттүү камсыздандыруу полиси талап кылынбайт. Мындай маалыматты Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик таратты.   Белгиленгендей, машинени кайра каттоо үчүн адамдын кимдигин тастыктаган документ, транспорт каражатынын каттоо күбөлүгү жана салык мезгили үчүн төлөм квитанциясы жетиштүү.   Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

АКШдагы «Милтон» бороонунан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок.

АКШдагы «Милтон» бороонунан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.   Маалыматка караганда, бороон катталган Флорида штатында 100гө жакын кыргыз жараны жашайт. Элчилик кырдаалдын өзгөрүшүнө ыкчам чара көрүү үчүн жарандар жана жергиликтүү бийлик органдары менен байланышты улантууда.   Үчүнчү категориядагы бороон кеминде… Кененирээк…

Жергиликтүү кеңештерди шайлоого карата Бишкекте 268 участок ачылат

Жергиликтүү кеңештерди шайлоого карата Бишкекте 268 участок ачылат. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти. Аралыктан добуш берүү үчүн ордо каланын райондорунда 4 тилке иштейт.   Алдын ала түзүлгөн тизмеге ылайык, Бишкекте дээрлик 629 миң добуш берүүчү бар.   Жарандар өздөрүн тизмеден текшерип, 1-ноябрга чейин өзгөртүү киргизе алат.… Кененирээк…