“Кичи, чакан жана орто ишканаларды ыкчам колдоо” долбоорунун алкагында 10 миң 750 ишкерге пайызсыз насыя берилди

“Кичи, чакан жана орто ишканаларды ыкчам колдоо” долбоорунун алкагында 10 миң 750 ишкерге пайызсыз насыя берилди. Каржы министрлигинен билдиришкендей, берилген каражаттын жалпы суммасы 7 миллиард 780 миллион сомду түздү.   Белгилеп кетсек, долбоор Кыргызстандын бүткүл аймагында 2027-жылдын июлуна чейин ишке ашырылат.   Ушул жана башка… Кененирээк…

2025-жылдан тарта автотранспорттун милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө келишими жокторго айып салынат

2025-жылдан тарта автотранспорттун милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө келишими жокторго айып салынат. Бул тууралуу Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынан эске салышты.   Маалыматка ылайык, айыптын өлчөмү 3 миң сом. Юридикалык жактардын унаалары үчүн бул норма 2023-жылдын 1-апрелинен бери иштеп келет. Аларга ОСАГО жок болгону… Кененирээк…

Август айында Кыргызстанга 10 миң 200 унаа импорттолду

Август айында Кыргызстанга 10 миң 200 унаа импорттолду. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, июль айына салыштырмалуу, импорт көрсөткүчү 3,5 пайызга өстү, бирок өткөн жылдын августуна салыштырсак, 40 пайызга кыскарды.   Үч айдан бери өлкөгө жеңил машине ташуу көрсөткүчү өскөнү катталууда. Ал эми жыл башынан бери… Кененирээк…

Кыргызстанда тиричилик техникага жана электрондук товарларга маркалоо системасы киргизилет

Кыргызстанда тиричилик техникага жана электрондук товарларга маркалоо системасы киргизилет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов  “Азаттыкка” билдирди.   Ал белгилегендей, бул ыкма тармактагы көмүскө экономиканын агымын азайтат. Товарда маркировкалоо турган болсо, демек ошол сыналгы же электрондук аппараттын салыгы төлөнгөн деп эсептелет.   Мында… Кененирээк…

Бишкекте Мураталы Күрөңкеев атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайдын имаратын түрттүрүү пландалууда

Бишкекте Мураталы Күрөңкеев атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайдын имаратын түрттүрүү пландалууда. Бул тууралуу Маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди.   Анын айтымында, объекттин пайдубалы өтө жапыз болуп, жер төлө каралган эмес. Атайын комиссия түзүлүп, эксперттер ушул эле жерде жаңы имарат куруу чечимин кабыл… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда бала бакча курулду

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда бала бакча курулду. Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен б илдиришкендей, 100 орунга чакталган объект Арстанбап айылында жайгашат.   Имаратта уктоочу бөлмөлөр, ашкана, музыкалык кабинет, медициналык кабинет жана оюн аянтчалары каралган. Курулушка мамлекеттик бюджеттен 47 миллион сом бөлүнгөн.  … Кененирээк…

Бишкек — Ош жолу транспорттун бардык түрүнө ачылды

Бишкек — Ош жолу транспорттун бардык түрүнө ачылды. Жүк ташуучу жана жеңил унааларга буга чейин киргизилген чектөөлөр алынганын Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.   Жеринде жолчулар тынбай иштеп, кар күрткүлөрүнөн тазалап, техникалык туз жана кум себилип жатат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg… Кененирээк…

Төө-Ашууда тыгында тургандардан 14 адам медициналык жардамга кайрылды

Төө-Ашууда тыгында тургандардан 14 адам медициналык жардамга кайрылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, алардын көбүндө курч респиратордук вирустардын белгилери жана артериалдык кан басымынын көтөрүлүшү катталды. Ведомстводон белгилешкендей, “Сосновка” постунда жана Токтогулда дарыгерлер нөөмөтү уюштурулду.   Андан тышкары, Суусамырда тез жардам кызматынын туруктуу посту бар. Эске… Кененирээк…

Кыргызстанда 2025-жылы бирдиктүү салык декларациясы жоюлушу күтүлүүдө

Кыргызстанда 2025-жылы бирдиктүү салык декларациясы жоюлушу күтүлүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, учурда бул маселе өкмөттө каралып жатат.   Өлкөдө фискалдаштыруу киргизилип, ансыз деле жарандын кандай мүлкү бар экендиги, айлыгы тууралуу маалымат көрүнүп жаткандыктан, декларациялоонун кереги жок болууда.… Кененирээк…

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы 2026-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо турунда турнирдик таблицада позициясын жакшыртты

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы 2026-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо турунда турнирдик таблицада позициясын жакшыртты. А тобундагы төртүнчү турдун беттешинде биздин футболчулар Түндүк Корея командасын 1:0 эсебинде утуп алды.   Бул 3 упай топтоп, бешинчи орунга көтөрүлүүгө шарт түздү. 5-турдун оюндары 14-ноябрда өтөт. Кыргызстан курамасы Бириккен Араб… Кененирээк…