Сокулук районунда булгары заводу жана бут кийим фарбрикасы курулат

Сокулук районунда булгары заводу жана бут кийим фарбрикасы курулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   Булгары завод күнүнө 15 тонна, жылына 4 миң тонна терини кайра иштетүүгө, бут кийим фабрикасы күнүнө 1 миң жуп бут кийим чыгарууга… Кененирээк…

Сим-карта сатып алууда дароо каттодон өткөрүү сунушталат

Сим-карта сатып алууда дароо каттодон өткөрүү сунушталат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министринин орун басары Нурбек Алиев билдирди.   Маалыматка ылайык, Ички иштер жана санариптик өнүктүрүү министрликтери сим-карталарды бир жума ичинде эмес, сатып алуу учурунда каттоодон өткөрүү боюнча иш алып барууда. Алиевдин айтымында,… Кененирээк…

Кыргызстанда жүргүнчү жана жүк ташыган унааларга карата текшерүү уланууда

Кыргызстанда жүргүнчү жана жүк ташыган унааларга карата текшерүү уланууда.   Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, транспорттук көзөмөлдү күчөтүү чаралары — жүргүнчү жана жүк ташуунун талаптарын так сактоо менен коопсуздукту камсыздап, жаңы салынган жолдордун талкаланышын алдын алууга багытталат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg… Кененирээк…

Жогорку Кеңеште ата-энесин кароосуз калтыргандарды жоопко тартууну сунуштаган мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды

Жогорку Кеңеште ата-энесин кароосуз калтыргандарды жоопко тартууну сунуштаган мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды. Документ алименттик милдеттенмелерди аткарбагандарга жазаны күчөтүүгө жана каржылык жардамга муктаж ата-энелерин бакпаган балдарды жазалоого багытталган.   Ага ылайык, эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энени балдары багууга милдеттендирилген.   Ал эми… Кененирээк…

Россияда алгачкы музыкалык жол чийини пайда болду

Россияда алгачкы музыкалык жол чийини пайда болду. Ал Москва жана Санкт-Петербург шаарларын бириктирген Нева трассасында жасалды. Чийинге дөңгөлөктөр тийсе, “Калинка-малинка” мелодиясы жаңырат.   Муну менен демилгечилер жолдордогу коопсуздукту камсыздоо ниетинде. Алсак, музыканы уккан айдоочулар ылдамдыкты ашырбоого аракет жасайт жана ал уктап кетүүдөн сактайт деген ишенимдер… Кененирээк…

Tunduk порталы жана мобилдик тиркемеси аркылуу 11 миллиондон ашык онлайн кызмат көрсөтүлдү

Tunduk порталы жана мобилдик тиркемеси аркылуу 11 миллиондон ашык онлайн кызмат көрсөтүлдү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.   Ведомстводон маалымдашкандай, “Түндүк” тутуму аркылуу мамлекеттик жана жеке уюмдардын ортосунда 3 миллиарддан ашуун маалымат алмашуу ишке ашты. Системага 1 миң 343 кызмат жана 311 катышуучу кошулган.… Кененирээк…

Кыргызстандагы аэропорттордун учуп-конуу тилкелери реконструкцияланып, капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө

Кыргызстандагы аэропорттордун учуп-конуу тилкелери реконструкцияланып, капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, “Манас” аэропортунда жолдор, аэродром элементтери, учуп-конуу тилкелери оңдолду.   “Талас”, “Казарман” жана “Нарын” аба майдандарында учуп-конуу тилкесине асфальт төшөлүп, калыбына келтирүү жумуштары аткарылды.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм… Кененирээк…

Чүй облусунун Аламүдүн районунда “Манас” соода-логистикалык шаарчасы курулат

Чүй облусунун Аламүдүн районунда “Манас” соода-логистикалык шаарчасы курулат. Курулушка капсуланы министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Девень салышты.   Премьердин айтымында, шаарчада 30 миң соода түйүнү жайгашып, анын жалпы аянты 700 гектардан ашат. Долбоорго 4,2 миллиард доллар өлчөмүндө инвестиция салынат деп… Кененирээк…

Кыргызстан мектептеринде күзгү каникул 4-ноябрда башталат

Кыргызстан мектептеринде күзгү каникул 4-ноябрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, окуучулардын күзгү эс алуусу 7 күнгө созулат.   Каникулдар 4-ноябрдан 10-ноябрга чейин уланат, сабактар 11-ноябрда башталмакчы.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Баткен облусунун алыскы Зардалы айылына кубаттуулугу 29 мегаваттык чакан ГЭС курулат

Баткен облусунун алыскы Зардалы айылына кубаттуулугу 29 мегаваттык чакан ГЭС курулат. Жашыл экономика фондунан билдиришкендей, долбоордун суммасы дээрлик 1,6 миллиард сомду  түзөт.   Чакан гидроэлектростанция  6 гектар аянтка Зардалы дарыясынын нугуна салынат. Бул долбоор Баткен районунун алыскы айылдарын туруктуу электр энергиясы менен камсыздоо максатын көздөйт.… Кененирээк…