Калкты тейлөө борборлорунда Социалдык фонддун терезелери иштеп жатат

Бишкек жана Ош шаарларындагы калкты тейлөө борборлорунда Социалдык фонддун терезелери иштеп жатат.   Анда жарандар ар кандай пенсиялык кызматтарды ала алышат. Тактап айтканда, бул пенсияны дайындоо жана кайра эсептөө, төлөмдөрдүн суммасы жөнүндө маалымкат алуу, жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмө алуу жана топтолгон бөлүгүн алууга арыз. Ошондой… Кененирээк…

Кыргызстандыктар келерки айда узак эс алышат

Кыргызстандыктар келерки айда узак эс алышат. Эмгек министрлиги эске салгандай, жарандар 7-ноябрдан 10-ноябрга чейин иштебейт.   Ведомство 7-8-ноябрь күндөрү өлкөдө Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленип, 9-10-ноябрь ишемби жана жекшембиге туш келерин эскертет. Муну менен беш күндүк иш тартибиндеги кызматкерлер төрт күн катары менен эс… Кененирээк…

Кыргыз мамлекеттик циркине жаңы директор дайындалды

Светлана Аширова маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, 2024-жылдын 23-октябрынан тартып Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп дайындалды. Маданият министрлигинен билдиришкендей, жаңы директорду эмгек жамаатына министр Алтынбек Максүтов тааныштырды.   Ал эми цирктин мурдагы директору Рыскул Боромбаев башка кызматка кетип… Кененирээк…

Бишкектеги Батыш автобекети бүгүнтөн тарта жабылды

Бишкектеги Батыш автобекети бүгүнтөн тарта жабылды.   Мэриядан билдиришкендей, эми бул автобекет аркылуу кеткен бардык каттамдар Алматы көчөсү 1/1 дарегинде жайгашкан «Бишкек автобекети» муниципалдык ишканасынын жаңы бекетинен жөнөйт. Аталган ишкана эл аралык, шаар аралык, облустук жана шаар четиндеги каттамдарды тейлейт.   Учурда шаардыктар жана ордо… Кененирээк…

Садыр Жапаров иш сапары менен Татарстанга кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, XVI БРИКС саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен Татарстандын Казань шаарына жөнөп кетти.   Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында төмөнкүлөр бар: — президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев; — тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев; —… Кененирээк…

Үч-Коргон ГЭСинин гидроагрегатын реконструкциялоо 65 пайызга аяктады

Үч-Коргон ГЭСинин төртүнчү гидроагрегатын реконструкциялоо иштеринин 65 пайызы бүттү.   Энергетика министрлигинен билдиришкендей, аталган ГЭСте модернизациялоо иштери биринчи жолу жүрүп жатат. Анын алкагында гидроэлектрстанциянын кубаттуулугун жогорулатуу менен бирге иштөө мөөнөтү узартылат.   Жумуштар 2024-2025-жылдын күз-кыш мезгилине чейин толук бүтөт деп мерчемделүүдө.   Ушул жана башка… Кененирээк…

Чыгыш-5 кичи районунун түштүк тарабында жылуулук берүү убактылуу токтотулду

Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунун түштүк тарабында жылуулук берүү убактылуу токтотулду. Муниципалитеттен билдиришкендей, жылытуу системасына туташтырууда келип чыккан бузулууларды жоюу жана кошумча иштерди аткаруу зарылдыгына байланыштуу, авария жоюлганга чейин төмөнкү даректерде жылуулук болбойт:   — Чыгыш-5 кичи районундагы 2/3, 3/3, 4/3, 5/3, 6/3, 7/3, 8/3, 13,… Кененирээк…

Бишкекте Айни көчөсүн оңдоо иштери аяктады

Бишкекте Айни көчөсүн оңдоо иштери аяктады. Мэриядан билдиришкендей, иштер анын Чыңгыз Айтматов проспектисинен Псков көчөсүнө чейинки тилкесинде жүргүзүлдү.   Куруучулар асфальттын катмарын жаңыртып, жаңы бордюрларды жана ирригациялык системаны орнотту. Ошондой эле  Айтматовдон Токтоналиев көчөсүнө чейин тротуар курулду.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg… Кененирээк…

Ысык-Көл облусундагы “Каркыра-унаа жолу” өткөрүү түйүнү күнү-түнү иштейт

Ысык-Көл облусундагы “Каркыра-унаа жолу” өткөрүү түйүнү күнү-түнү иштейт. Жогорку Кеңеш депутаттары тиешелүү мыйзам долбоорду үчүнчү окууда жактырышты.   Пункттун иш тартибин өзгөртүү кыргыз-казак чек арасы аркылуу өтүү шарттарын жеңилдетүүгө шарт түзөт. Андан тышкары, бул Ысык-Көлдөгү туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө болот. Эске салсак, буга чейин “Каркыра” өткөрүү… Кененирээк…

Милиционерлерди сүрөт, видеого тартууга тыюу салуу мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды

Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети милиционерлерди сүрөт, видеого тартууга тыюу салуу мыйзам долбоорун колдоого алды.   Документ биринчи окууда жактырылды.  Демилгечилер белгилешкендей, жарандар милиция кызматкерлери менен сүрөт-видеолорду социалдык тармактарда алардын аброюна шек келтирүү максатында жайгаштырат. Бул үчүн… Кененирээк…