Ошто жаңы мектептин курулушу башталды
Ошто жаңы мектептин курулушу башталды. Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, 225 окуучуга чакталган билим берүү объектиси Өзгүр айылында жайгашат. Курулушка каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн. Мектеп 3 блоктон туруп, анда спорт зал, өтмө галерея, китепкана, лаборатория, волейбол, баскетбол аянттары каралат.









