Кыргызстанда уюлдук байланыштын сапаты текшерилет

Кыргызстанда уюлдук байланыштын сапаты текшерилет. Санариптик өнүктүрүү министрлиги атайын эки ченөө жабдуусун сатып алды. Алардын жардамы менен ар кандай стандарттагы тармактын ишин бааласа болот.   Шаймандар мобилдик байланыш кайсы аймакта жакшы тарта турганын, кайсы жерде байланыш такыр жоктугун аныктап, операторлордун ишин жакшыртууга шарт түзөт.  … Кененирээк…

Үч-Коргон ГЭСинде №4 гидроагрегатты оңдоо иштери уланууда

Үч-Коргон ГЭСинде №4 гидроагрегатты оңдоо иштери уланууда. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, модернизация жумуштары объекттин кубаттуулугун жогорулатуу жана анын иштөө мөөнөтүн узартуу максатында аткарылып жатат.   Учурга карата пландалган иштер дээрлик 65 пайызга аяктап калды. Ведомстводон белгилешкендей, модернизациянын негизги максаты — күзгү-кышкы сезонго карата калкты үзгүлтүксүз сапаттуу… Кененирээк…

Ак-Суунун Теплоключенка айылында көпүрө колдонууга берилди

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылындагы узундугу 31 метрди түзгөн көпүрөнүн курулушу толугу менен аяктап, колдонууга берилди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, көпүрөнүн ачылышы 25-октябрда айылдын аксакалдары, Ак-Суу районунун акими Мунарбек Насиров жана №11 Жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Азизбек Дыйкановдун катышуусунда болду.   Аталган көпүрө… Кененирээк…

Ошто жаңы мектеп курулууда

Ошто жаңы мектеп курулууда. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, 625 окуучуга чакталган объект Жибек Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашат.   Долбоордун сметалык баасы 243,5 миллион сомду түзөт. Учурда эки кабаттуу имараттын электр тармагын өткөрүү жана ички жасалгалоо иштери аткарылып жатат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…

Бишкектеги Токтогул көчөсүндө жылуулук түтүгү жарылды

Бүгүн, 28-октябрда Бишкек шаарындагы Токтогул көчөсүндө Шопоков жана Абдрахманов көчөлөрүнүн ортосунда жылуулук тармактын бөлүгүндө жарылуу катталды. «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасынын адистери тарабынан жылуулук камерадан суу сордурулуп, жарылуунун орду аныкталып, оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.   Мэриянын маалыматына караганда, бул жылуулук тармагы 1987-жылы курулуп, 37 жылдан бери… Кененирээк…

Түндүк — Түштүк альтернативалык жолуна кар көчкү түштү

Түндүк — Түштүк альтернативалык жолуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад унаа жолунун 346-348-чакырымдарында кар көчкү түшкөндүгү жана туннелдин ичинде болжол менен 10 унаа туруп калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.   Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн Тогуз-Торо районунан… Кененирээк…

Боом капчыгайында таштарды атайлап кулатуу иштери жүргүзүлөт

Боом капчыгайында таштарды атайлап кулатуу иштери жүргүзүлөт. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, иштер бүгүнтөн тарта 15-ноябрга чейин Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун  129-131-132-чакырымдарында аткарылат.   Кооптуу таштар эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин түшүрүлөт. Бул убакта кыймылга жарым жартылай чектөө… Кененирээк…

Tunduk тиркемесинде дагы бир жаңы онлайн-кызмат жеткиликтүү болду

Tunduk тиркемесинде дагы бир жаңы онлайн-кызмат жеткиликтүү болду. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, эми турак-жай ээлери түз эле Tunduk аркылуу өздөрү жашаган дарек боюнча канча адам катталганы тууралуу маалыматты биле алышат. Кызматтын баасы 200 сом, жарактуу мөөнөтү — 1 ай.  … Кененирээк…

Бишкек – Ош автожолундагы Төө-Ашуу ашуусунан оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө коюлду

Бишкек – Ош автожолундагы Төө-Ашуу ашуусунан оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө коюлду. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө Таластагы Өтмөк ашуусуна да чектөө киргизилген.   Буга аба ырайынын кескин начарлашы себеп болду. Учурда ашуудагы жолдорду тазалоо иштери жүрүүдө.   Министрлик… Кененирээк…

Ош шаарында жылуулук берүү эртең, 29-октябрда башталат

Ош шаарында жылуулук берүү эртең, 29-октябрда башталат. Бул тууралуу мэрдин орун басары Сонунбек Жунусбаев билдирди. Жылуулук берүү процесси бир нече күнгө созулуп, алгач мектептер, бала бакча, оорукана, төрөт үйлөрү жана башка социалдык объектилерге берилет.   Андан кийин 3-4 күндүн ичинде көп кабаттуу батирлердин үйлөрү жылып… Кененирээк…