Сосновка постундагы оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды

Сосновка постундагы оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды.   Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Белгилеп кетсек, көпчүлүк унаалар жайкы дөнгөлөктөрү менен жолго чыгып алгандыктан каттамда тыгындар болгондуктан, ошондой эле атайын техниканын жумушуна тоскоолдук жаралгандыктан бүгүн түштө жүк ташыган унааларга убактылуу чектөө… Кененирээк…

Бишкекте аймак аралык каттамдарды жөнөтүү пункттары өзгөрдү

Бишкекте аймак аралык каттамдарды жөнөтүү пункттары өзгөрдү. Мэриядан билдиришкендей, эми Нарын жана Ысык-Көл облустарына автобустар, маршруткалар жана таксилер Бишкек автобекетинен жөнөйт. Ал Алмата, 1 дарегинде жайгашкан. Ага чейин №13 жана №34 автобустар менен же №123, 128-маршруттук таксилер менен жетип алса болот.   Ал эми Ош,… Кененирээк…

Майкл Джексондун күрмөсү Улуу Британияда аукционго 520 миң долларга чыгарылат

Майкл Джексондун күрмөсү Улуу Британияда аукционго 520 миң долларга чыгарылат. Легендарлуу артист аны турларга жана 1995-жылы фотосессияга кийген. Аукционга ырчылардын  350 жеке буюму коюлат.   Арасында музыкалык кассеталар, көз айнек, гитара жана башкалар бар.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша… Кененирээк…

Кыргызстан ооруканаларында 5 миң дарыгер жетишпейт

Кыргызстан ооруканаларында 5 миң дарыгер жетишпейт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов билдирди. Анын айтымында, маселени чечүү үчүн ведомство аймактардагы президенттин өкүлчүлүктөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.   Айрым райондордо жергиликтүү бийлик коммуналдык төлөмдөрдү өз мойнуна алып, муну менен жаш адистерге колдоо көрсөтүлүп жатат.… Кененирээк…

Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстанга ипотекалык үйлөрдү курууга каражат бөлүп берет

Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстанга ипотекалык үйлөрдү курууга каражат бөлүп берет. Парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети мыйзам долбоорду экинчи окууда жактырды.   Документке ылайык, республика 79 миллион доллар алат. Бул каражатка өлкөнүн бардык аймактарында жалпы аянты 112 миң чарчы метр барабар… Кененирээк…

Кыргызстанга мамлекеттик авиакомпаниянын экинчи учагы келет

Кыргызстанга мамлекеттик авиакомпаниянын экинчи учагы келет. Бул тууралуу “Манас” аба майданынан кабарлашты. Аталган учак 80 жүргүнчүнү 2 миң чакырымга чейинки аралыкка ташууга жөндөмдүү.   Бийлик бул аба транспортту өлкө ичиндеги каттамдарга кое берүүнү пландап жатат. Биринчи учак өлкөгө сентябрда жеткирилген.   Ушул жана башка жаңылыктар… Кененирээк…

Бишкек — Ош унаа жолунун 81 чакырымындагы Сосновка постунда жана Төө-Ашууда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө кайрадан чектөө киргизилди

Бишкек — Ош унаа жолунун 81 чакырымындагы Сосновка постунда жана Төө-Ашууда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө кайрадан чектөө киргизилди.   Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, учурда көпчүлүк унаалар жайкы дөнгөлөктөрү менен жолго чыгып алгандыктан каттамда тыгындар болуп жатат. Ошондой эле атайын техниканын жумушуна тоскоолдук жаралууда.… Кененирээк…

“Социалдык келишим” долбоорунун алкагында 34 жаран пайызсыз насыя алды

“Социалдык келишим” долбоорунун алкагында 34 жаран пайызсыз насыя алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Программанын алкагында чакан ишкерликти ийгиликтүү баштаган катышуучуларга бизнести кеңейтүүгө, чарбачылыгын колдоого мамлекет тарабынан 200 миң сомго чейинки пайызсыз кредит берилет.   Эске салсак, “Социалдык келишим” долбоору аркылуу… Кененирээк…

Айылдык кеңештерге депутаттыкка талапкерлерди каттоо жыйынтыкталды

Айылдык кеңештерге депутаттыкка талапкерлерди каттоо жыйынтыкталды. Боршайкомдон билдиришкендей, шайлоого 10 миң 83 талапкер катталды, ал эми мандаттардын саны — 5 миң 391.   Талапкерлер эң көп Ош облусунда — 2 миң 462, эң аз Таласта — 704 адам. Эске салсак, жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо 17-ноябрда… Кененирээк…

Мас болуп унаа айдагандардын күбөлүгүн албай, айыпты жогорулатуу сунушталды

Мас болуп унаа айдагандардын күбөлүгүн албай, айыпты жогорулатуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору парламентте коомдук талкууга чыгарылды. Документке ылайык, мас абалында унаа башкаргандарга 100 миң сом, юридикалык мекемелердин машинеси болсо 200 миң сом айып салуу каралат.   Эске салсак, өткөн жылы айрым жол эрежесин бузгандарга жаза… Кененирээк…