«Манас» аба майданына барган жолду Бишкек мэриясына өткөрүү сунушталды

Манас аба майданына барган жолду Бишкек мэриясына өткөрүү сунушталды. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Аталган жол учурда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагында болуп, аны оңдоп-түзөөдө оперативдүүлүк болбой жатканы айтылган. «Аэропортко алып баруучу жана Фучик көчөсү менен ЭМ-14 трассасын (Васильевский тракт) бойлой созулган жол шаарлардын… Кененирээк…

Ошто көмүрдү белгиленген баадан жогору саткандарга айып пул салынды

Ош облусунда көмүрдү белгиленген баадан жогору саткандарга айып пул салынды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, 28-29-ноябрда президенттин өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев жана бир катар тиешелүү жетекчилер Кара-Суу, Ноокат жана Араван райондорундагы көмүр сатуучу жайларда көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүштү.   Күз-кыш мезгилинде… Кененирээк…

Бишкектин мэри автобустун 24 айдоочусун иштен алууну тапшырды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жол эрежесин бир нече жолу одоно бузган коомдук транспорттун — автобустардын 24 айдоочусун иштен алууну тапшырды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Бүгүн мэр «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасында мекеменин кызматкерлери менен жолуккан. Ага Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы инспекциясынын башчысы Жеңишбек… Кененирээк…

Жалал-Абаддагы түрмө Базар-Коргонго которулду

Жалал-Абад шаарынын ичиндеги №10 жаза өтөө колониясы Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл аймагына жайгаштырылды. Анын жанына Жаза аткаруу кызматына караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматынын кайтаруу батальонунун аскер шаарчасы да курулган. Шаарчанын ачылышы 29-ноябрда өттү. Аймактагы кабарчыбыздын маалыматында, аскер шаарчасында жоокерлер үчүн ашкана, эс… Кененирээк…

Өзгөндөгү айланма жолдун курулушу аяктап,  жакында колдонууга берилет

Өзгөндөгү айланма жолдун курулушу аяктап,  жакында колдонууга берилет. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, трассанын узундугу — 14 чакырым, туурасы — 22 метр. 200 жана 97 метрден турган эки көпүрө салынган. Учурда жолдун четине коопсуз тосмолорду орнотуу жана төлөм пунктун түзүү иштери… Кененирээк…

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарына мандат тапшырылды

Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын кезектеги I уюштуруу сессиясы өттү. Муниципалитеттен билдиришкендей, ага шаар мэри Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Жусуп Бейшенбаев катышып, жаңы шайланып келген депутаттарга мандат тапшырып, иштеринде ийгиликтерди каалады. Күн тартибине ылайык, шаардык кеңештин төрагасы жана анын орун басарлары шайланды.… Кененирээк…

Бүгүн унааны катоо боюнча күнү-түнү иштей турган “Биримдик-24” жана Ош аймактык бөлүмдөрү кечки саат 8ге чейин гана иштейт

Бүгүн унааны катоо боюнча күнү-түнү иштей турган “Биримдик-24” жана Ош аймактык бөлүмдөрү кечки саат 8ге чейин гана иштейт. Транспорт каражаттарын каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришкендей, бул сервердеги профилактикалык иштерге байланыштуу киргизилген чара.   Бөлүмдөр эртеңден тарта кадимки тартипте иштеп баштайт.   Ушул жана башка жаңылыктар… Кененирээк…

Электрондук эмгек китепчесин киргизүү 3 этап менен ишке ашат

Электрондук эмгек китепчесин киргизүү 3 этап менен ишке ашат. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Максатбек Саргазаков билдирди.   Анын айтымында, 3 ведомстводо долбоор жыл аягына чейин ишке кирет, калган мамлекеттик жана муниципалдык органдарда —… Кененирээк…

Москвада Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлчүлүгү ачылды

Москвада Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлчүлүгү ачылды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты. Ага ылайык, иш күндөрү ВДНХдагы Кыргызстандын павильонунда компаниянын өкүлү мекендештерди кабыл алып, кеп-кеңеш берет.   “Үлүштүк курулуш” механизми чет өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн мигранттарга да мамлекеттик ипотека аркылуу үй алууга мүмкүнчүлүк берет, — дешти… Кененирээк…

Ысык-Көл суусунун деңгээлин көтөрүү жана экологиялык балансты сактоо үчүн облус аймагында атайын копмлекстүү иш-чаралар өтөт

Ысык-Көл суусунун деңгээлин көтөрүү жана экологиялык балансты сактоо үчүн облус аймагында атайын копмлекстүү иш-чаралар өтөт. Анын алкагында 100 миң гектар сугат жер заманбап технологиялар менен тамчылатып сугаруу ыкмасына өткөрүлөт. Долбоорду ишке ашырууга 200 миллион доллар бөлүнөт.   Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу… Кененирээк…