Бишкекте дем алыш күндөрү азык-түлүк жарманкеси өтөт
Бишкекте дем алыш күндөрү азык-түлүк жарманкеси өтөт. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, 2-3-ноябрда ордо калаанын Түгөлбай Ата көчөсүндө жана Эркиндик — Тыныстанов көчөлөр кесилишинде азык-түлүк дүң баада сатылат. Бишкек тургундары дыйкандардан мөмө-жемишти түздөн түз сатып алса болот.









