ЖРТга кошумча каттоо 21-ноябрда өтөт
Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн Жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча каттоо 21-ноябрда болот. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришти. Маалым болгондой, негизги этапта 665 адам каттоодон өткөн. Сынак 22-ноябрдан 24-ноябрга чейин болот. ЖРТ Бишкек жана Ош шаарларында гана өткөрүлөт… Кененирээк…









