Мамлекеттик салык кызматы Бирдиктүү терезелерде кезекти онлайн брондоо сервисин ишке киргизди

Мамлекеттик салык кызматы Бирдиктүү терезелерде кезекти онлайн брондоо сервисин ишке киргизди. Учурда мындай кызмат Ишкерлерди тейлөө борборунда жана Бишкектин салык органдарында жеткиликтүү.   Аны менен колдонуу үчүн Salyk.kg тиркемесине кирүү керек. Онлайн брондоо сервиси менен жаран кезекти эртелеп алып, белгиленген мөөнөткө келсе болот. Муну менен… Кененирээк…

“Кызыл-Кыя” унаа жолу өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирет

  “Кызыл-Кыя” унаа жолу өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирет. Бажы кызматынан билдиришкендей, система пилоттук режимде 29-ноябрдан тарта иштеп баштайт.   Жаңычылдык транспорт каражаттарын өткөрүүнү оптималдаштыруу менен чек арада күтүү убактысын кыскартууга мүмкүнчүлүк берет. Андан тышкары, тыгындарды азайтып, товар жүгүртүүнүн натыйжалуулугун жана ачыктыкты камсыздайт… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарына жылуулук берилди

Жалал-Абад шаарында 9-ноябрдан тарта бардык мекеме-ишканаларга, мектеп, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана көп кабаттуу үйлөргө жылуулук бериле баштады.   Жалал-Абад жылуулук муниципалдык ишканасынан билдиришкендей, шаардагы бардык отканалар оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, керектүү деңгээлде көмүр жана мазут камдалган. Учурда борборлоштурулган жылытуу системасына туташтырылган бардык объектилерге жылуулук берилип… Кененирээк…

Кыргызстанда орточо айлык 35 миң 790 сомду түздү

Кыргызстанда орточо айлык 35 миң 790 сомду түздү. Жыл башынан берки маалымат менен Улуттук статистика комитети бөлүштү. Өткөн жылдын ушул мезгил аралыгына салыштырмалуу, көрсөткүч 12 пайызга өскөн.   Маянанын өсүшү дүң жана чекене соода, унаа оңдоо, курулуш, кыймылсыз мүлк, транспорт, суу менен камсыздоо жана  кайра… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунда Кара-Көл ГЭСинин курулушу уланууда

Жалал-Абад облусунда Кара-Көл ГЭСинин курулушу уланууда. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, учурга карата ички жолдорду куруу, жээктерди бекемдөө иштери жүргүзүлүп, ачык бөлүштүрүүчү курулушка аянт даярдалды.   Азыркы тапта долбоорду ишке ашыруу боюнча башка жумуштар жүрүп жатат. Күтүлгөндөй, Кара-Көл ГЭСи 2026-жылдын биринчи жарымында ишке кирет.   Ушул… Кененирээк…

Чолпон-Атада көп тармактуу оорукананын курулушу башталды

Чолпон-Атада көп тармактуу оорукананын курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. 100 орундуу жалпы дарыгерлик практика борборунун жаңы имаратын курууга республикалык бюджеттен 282 миллион сом бөлүнгөн.   Медициналык жай шаардын жана Ысык-Көл облусунун тургундарына сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган.   Ушул жана башка жаңылыктар… Кененирээк…

Баткенде жер титиреди

Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, бүгүн саат 13:34 чамасында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.   Жер титирөө Баткен облусунун Лейлек районундагы Ак-Чечек айылында 2 баллга (Ак-Чечек айылынан 13 чакырым түштүк чыгышта, Жаңы-Жер айылынан 13 чакырым түндүк чыгышта, Баткен шаарынан 65 чакырым түндүк… Кененирээк…

Шотландияда бүтүндөй арал аукционго чыгарылды

Шотландияда бүтүндөй арал аукционго чыгарылды. Болгону 160 миң долларга аралга ээлик кылса болот. Буга чейинки ээси анда эс алуу үйүн курууну көздөгөн, бирок жергиликтүү бийлик ага уруксат берген эмес.   Аралда айыл-чарба иштерин гана жүргүзүүгө болот. Арал ошондой эле суу спортунун сүйүүчүлөрүн кызыктырышы мүмкүн.  … Кененирээк…

Кыргызстан жыл башынан бери 28 миң тоннадан ашык сүт жана сүт продукциясын экспорттоду

Кыргызстан жыл башынан бери 28 миң тоннадан ашык сүт жана сүт продукциясын экспорттоду.   Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгил аралыгына салыштырмалуу 4 миң тоннага көп. Өлкөдөн көбүнчө сыр, курут, сары май, балмуздак жана курак сүт экспорттолот.   Ушул жана башка… Кененирээк…

Бишкек бийлиги Чоң Чүй каналдын жээгин көрктөндүрүү ниетинде

Бишкек бийлиги Чоң Чүй каналдын жээгин көрктөндүрүү ниетинде. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдиргендей, эми канал суу чарбачылыгы башкармалыгынан мэриянын балансына өткөрүлдү.   Муниципалитет өз кезегинде анын аймагын көрктөндүрүү боюнча долбоорду даярдап баштады. Чоң Чүй каналынын жээгинде заманбап инфраструктура өткөрүлүп, жөө жүрүүчүлөр аймагы… Кененирээк…