Таласта 150 орундуу бала бакча пайда болду

Таласта 150 орундуу бала бакча пайда болду. УКМК кызматкерлеринин балдарын кабыл алуучу мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жалпы аянты 700 чарчы метрди түзүп, курулушка 25 сотых жер тилкеси бөлүнгөн.   Ушундай эле ведомстволук бакчалар өлкөнүн башка аймактарында дагы курулат деп күтүлүүдө.   Ушул жана башка… Кененирээк…

Чүй облусунун Байтик айылында веложолчонун курулушу аяктап калды

Чүй облусунун Байтик айылында веложолчонун курулушу аяктап калды. Бул тууралуу Кыргызстан жолчулары ассоциациясынан билдиришти. Веложолдун жалпы узундугу 3 чакырымдан ашат.   Ошондой эле унаа токтотуучу жай курулуп, колдонууга берүү алдында турат. Велосипед үчүн жол ушул айдын соңунда колдонууга берилет деп күтүлүүдө.   Ушул жана башка… Кененирээк…

Бишкек — Москва поезди 18-декабрдан тарта каттап баштайт

Бишкек — Москва поезди 18-декабрдан тарта каттап баштайт. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, курам Бишкектен шаршемби жана ишемби күндөрү жолго чыкса, Москвага ишемби жене шейшемби күндөрү жетет.   Россиядан кайра Кыргызстанды көздөй поезд жекшемби жана шаршемби күндөрү чыгат. Билеттердин баасы сатып алуу мөөнөтүнө,… Кененирээк…

“Кайыңды” көмөк чордонунда 12 изолятор жаңыртылды

“Кайыңды” көмөк чордонунда 12 изолятор жаңыртылды. Улуттук электр станциялары компаниясынан билдиришкендей, объект электр энергиясы менен Панфилов районун жана Жайыл районунун бир бөлүгүн камсыздайт.   Изоляторлорду алмаштыруу тармактын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында жабдууларды модернизациялоонун алкагында ишке ашты. Ушундай эле жумуштар учурда “Ак-Суу” жана “Жаңы-Жер” подстанцияларында жүрүүдө.  … Кененирээк…

Республикада “Рулда” рейди жүрүүдө

Республикада “Рулда” рейди жүрүүдө. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, текшерүү 21-ноябрга чейин уланат. Өзгөчө көңүл чет элдик номерлери менен унааларды ОСАГО полисинин бар-жоктугуна текшерүүгө бөлүнөт.   Андан тышкары, айдоочулар жана жөө жүрүүчүлөр арасында профилактикалык иштер жүргүзүлөт.   Мас абалында унаа башкаргандар, жол эрежелерин… Кененирээк…

Кыргызстанда суу үчүн эсептегичтер чогултулат

Кыргызстанда суу үчүн эсептегичтер чогултулат. Бул тууралуу Айыл чарба министринин орун басары Алмазбек Сокеев билдирди. Анын айтымында, учурда ведомство суу ченегичтерди өндүрүүчү компания менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.   Күтүлгөндөй, өлкө приборлорду кийинки жылдан тарта чогултуп баштайт.    

Евразиялык өнүктүрүү банкы Кыргызстанда 9 мектеп курат

Евразиялык өнүктүрүү банкы Кыргызстанда 9 мектеп курат. Жогорку Кеңеш депутаттары мыйзам долбоорду экинчи окууда колдоду. Макулдашуунун алкагында донор мектептерди курууга жана аларды материалдык-техникалык жактан жабдууга грант бөлүп берет.   Иштер аяктагандан кийин Евразиялык өнүктүрүү банкы 9 мектепти Кыргызстанга кайтарымсыз негизде тапшырат.   Ушул жана башка… Кененирээк…

Парламентте шариат стандарттары боюнча жеткиликтүү турак-жайды каржылоо жөнүндө мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды

Парламентте шариат стандарттары боюнча жеткиликтүү турак-жайды каржылоо жөнүндө мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды. Долбоордун алкагында “Менин үйүм 2021-2026” программасынын катышуучуларына үйлөр курулуп, ипотекага берилет.   Бул максатта Ислам өнүктүрүү банкы 79 миллион доллар бөлүп берет. Каражатты Каржы министрлиги алса, Экономика министрлиги аткаруучу орган болот, ал… Кененирээк…

Өлкөдө курч респиратордук вирустар боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу

Өлкөдө курч респиратордук вирустар боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, соңку 1 жума ичинде  4 миңден ашык ооруга чалдыккан учур катталды.   Алардын 70 пайызын 14 жашка чейинки жаш балдар түзөт. Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй, Ысык-Көл облустарында калктын саны көбүрөөк болгондуктан, вируска… Кененирээк…

Өлкөнүн ашууларында каттам бар, жол ачык

Өлкөнүн ашууларында каттам бар, жол ачык. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, учурда жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп жатат.   Барскоон — Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда, Бишкек — Ош унаа жолунда, Боом капчыгайында, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунда, Бишкек —… Кененирээк…