Бишкекте шайлоо тилкелери жайгаша турган мектептер жана бала бакчалар  2 күнгө онлайн окутууга өтөт

Бишкекте шайлоо тилкелери жайгаша турган мектептер жана бала бакчалар  2 күнгө онлайн окутууга өтөт. Боршайкомдун маалыматына ылайык, 16-18-ноябрда имараттарда санитардык тазалоо иштери жүргүзүлөт.   Эске салсак, 17-ноябрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо өтөт. Ордо калаада 268 шайлоо тилкеси ачылат. Алар добуштарды автоматтык түрдө эсептөө урналары… Кененирээк…

Араван-Сай дарыясынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар демонтаждалды

Араван районунда Араван-Сай дарыясынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар демонтаждалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.   УКМК төрагасынын ушул жылдын 20-июлундагы протоколдук буйругун аткаруунун алкагында КР өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 271 «Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна… Кененирээк…

Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там жолу ачылды

Ош облусундагы Ош – Сары-Таш – Эркеч-Там унаа жолунун 170-чакырымынан 200-чакырымына чейинки, тагыраагы Ак-Босого айылынан Сары-Таш айылына чейинки бөлүгү жеңил унаалар үчүн ачылды.   Жолдо кар жаап, тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу №960 Жол тейлөө ишканасынын сунушу боюнча бүгүн саат 09:30дан баштап убактылуу жабылган эле.

Токмоктогу «Радиозавод” комплекси мамлекетке өттү

Токмок шаарындагы «Радиозавод» комплекси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 14-ноябрда кабарлады. Маалыматка караганда, комплекстин аянты 1 гектар жана баасы 3 млрд сомдон ашуун деп болжолдонууда. Атайын кызмат «Радиозаводдун» имараты мэриянын 2008-жылдагы токтому менен Ы.А.К. аттуу жаранга сатылып, бирок баасын толук… Кененирээк…

Кыргызстандыктар май майрамдарында катары менен беш күн эс алат

Кыргызстандыктар май майрамдарында катары менен беш күн эс алат. Тагыраагы, 1-5-май күндөрү иштебейт. Бул боюнча токтом долбоорун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги даярдап, өкмөткө сунуштады.   2-майда эс алганын кыргызстандыктар 1-сентябрда иштеп толтурат. 31-август — Эгемендүүлүк майрамы жекшембиге туш келгендиктен 1-сентябрь эс алуу күнү… Кененирээк…

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар

Кыргызстанда 1-январдан тарта автоунаасына ОСАГО полисин албагандар айыпка тартылып баштайт.  Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынан эскертишти.   Маалыматка ылайык, айыптын өлчөмү жеке жактарга үч миң сом, юридикалык жактар үчүн 13 миң сомду түзөт.  Белгилеп кетсек, полистин орточо баасы — 2 миң 500 сом. Төлөм машиненин… Кененирээк…

Бишкекте айрым автобустук каттамдардын жүрүү схемасы жарым-жартылай өзгөрдү

Бишкекте айрым автобустук каттамдардын жүрүү схемасы жарым-жартылай өзгөрдү. Мэриядан билдиришкендей, №146 жана №104 автобустардын акыркы аялдамасы айланма жолдогу жаңы автобекетке чейин узартылды.   Ал эми №40 автобус эми Чүй проспекти менен Абдрахманов көчөсүнө чейин, андан ары Жибек Жолу проспектине чейин жүрөт.   Ушул жана башка… Кененирээк…

Кыргызстандыктар Жаңы жыл майрамына карата жети күн эс алышы мүмкүн

Кыргызстандыктар Жаңы жыл майрамына карата жети күн эс алышы мүмкүн. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 1-январдан 7-январга чейинки күндөрдү расмий түрдө дем алыш деп жарыялоону сунуштады.   Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, 2-январдын ордуна   11-январь,   3-январдын ордуна 24-февраль жана 6-январдын ордуна… Кененирээк…

Нарын — Өрүк-Там унаа жолунун бир бөлүгү убактылуу жабылды

Нарын — Өрүк-Там унаа жолунун бир бөлүгү убактылуу жабылды. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, трассанын 50-75-чакырымдары 15-апрелге чейин жабык болот.   Аталган тилкеде кар көчкү түшүү коркунучу жогору болгондуктан, кырсыктарды алдын алуу максатында жазга чейин жабуу чечими кабыл алынды.   Ушул жана башка жаңылыктар… Кененирээк…

Кыргызстанда интернет кадимки тартипте иштеп жатат, тармактардагы авария толук жоюлду

Кыргызстанда интернет кадимки тартипте иштеп жатат, тармактардагы авария толук жоюлду. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, авария Казакстан аймагында катталган.   Учурга карата   биздин өлкөдө интернет толук калыбына келтирилди. Эске салсак, кечээ кечинде интернет провайдерлердин линиясында ири бузуулар катталган.   Ушул жана башка… Кененирээк…