Кыргызстанда дан эгиндеринин үрөнү 99 пайызга камсыздалды

Кыргызстанда республика боюнча 36,9 миң тонна кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү топтолду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   Үрөнчүлүк чарбалар жана республиканын башка чарбакер субъекттери тарабынан 2024-жылдын күздүк талаа айдап себүүгө айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнү менен камсыздоо иштерин алып… Кененирээк…

Шайлоо: бүгүн тилкеден тышкары добуш берүү жүрүүдө

Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоодо бүгүн тилкеден тышкары добуш берүү жүрүүдө.   Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, ага 9,5 миң адам катышып жатат. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо укугуна ден-соолугунун абалы, жаш курагы жана башка олуттуу себептер боюнча участокко келе албагандар ээ.   Ал эми жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоонун… Кененирээк…

Бишкекте убактылуу баш калкалоочу жайлар иштей баштады

Бишкекте туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар иштей баштады. Мэриядан билдиришкендей, алар шаардын төрт районунда тең ачылды.   Мындай баш калкалоочу жайларга үй-жайсыз адамдар өздөрү кайрыла алышат, ошондой эле аларды укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана тез жардам бригадасы алып келишет.  … Кененирээк…

Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги теректер кыйылат

Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги теректер кыйылат. Бул тууралуу калаа башчы Айбек Жунушалиев билдирди.   Маалыматка ылайык, бактар эскирип, шаар тургундарына коркунуч жаратууда. Белгиленгендей, теректерди кыюу жаз айларында башталат.   Мэр кошумчалагандай, алардын ордуна жаңы жалбырактуу бактар тигилет жана алар шаардын климатына туура келет.   Ушул… Кененирээк…

Россияга кирген кыргызстандыктар биометрикалык маалыматтарды тапшырат

Чет элдиктер Россияга кирип-чыккан учурда биометрикалык маалыматтарын тапшырышы керек. Тиешелүү чечим 1-декабрдан тарта күчүнө кирерин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, кыргызстандыктар аталган өлкөнүн аэрпортторунда жана Оренбург облусундагы Маштаково өткөрүү пунктунда биометрикалык маалыматтарын тапшырышы зарыл.   Кыргызстандыктарга Россиянын мыйзамдарындагы талаптарды эске алуу жана… Кененирээк…

Эртең Кыргызстанда жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо өтөт

Эртең Кыргызстанда 264 жергиликтүү кеңешке, анын ичинде 33 шаардык, 231 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо болот.   Шаардык жана айылдык кеңеш депутаттарынын бекитилиген санына ылайык, Бишкек жана Ош шаарларынын кеңештерине 51 депутат, шаардык жана айылдык кеңештерде шайлоочулардын саны 70 миңге чейин болсо 31 депутат, андан жогору… Кененирээк…

Кыргызстанда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барат

Эртең Кыргызстанда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.   Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, шайлоону утурлай укук тартибин камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын комплекстүү планы иштелип чыкты. Анда мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, шайлоо участкаларын кайтаруу, бюллетендерди ташып жеткирүү боюнча иштерди уюштуруу каралган. Ошондой… Кененирээк…