Жалал-Абадда жарнамаларды кыргыз тилинде илүү боюнча рейд өттү

Жалал-Абадда мамлекеттик тил эрежелерин сактабаган, аталышы чет тилинде жазылган соода жайларга жарнамаларын кыргыз тилинде илүү боюнча эскертүүлөр берилди. Муниципалитеттен билдиришкендей, шаардык мэриянын алдында түзүлгөн мамлекеттик тил комиссиясы эгерде эскертүү берилгенден бир ай аралыгында жарнактар кыргызчаланбаса, эскертүүсүз алынарын эскертти.   Мындан сырткары, башка тилдердеги тексттин арибинин… Кененирээк…

Эртең Бишкектин айрым көчөлөрү унаа кыймылы үчүн жабылат

Эртең Бишкектин айрым көчөлөрү унаа кыймылы үчүн жабылат.   Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдиргендей, бул Кыргызстан-Иран футбол беттешине байланыштуу. Ага ылайык, күндүзгү саат 2ден тарта оюн аяктаганга чейин Фрунзе көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин, Тоголок Молдо көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө… Кененирээк…

Бишкекте бул иш жумасы абдан жылуу болот

Бишкекте бул иш жумасы абдан жылуу болот.   Синоптиктердин маалыматына караганда, абанын орточо температурасы суткасына +8…10 градусту түзөт. Күндүз 15…17 градус жылуу, түнкүсүн 5 градустан төмөн эмес болот. Жаан-чачын күтүлбөйт.   Кийинки аптада дагы аба ырайы кургак жана ачык болот. Бирок температура минус болуп кетпесе… Кененирээк…

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Иран менен беттешет

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Иран менен беттешет. Оюн эртең Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат 8де башталат.   Жолугушуу 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү раундунун алкагында өтөт.   Эске салсак, Кыргызстандын футбол курамасы быйыл өз тарыхында алгач ирет Дүйнө чемпионатынын тандап… Кененирээк…

Каракол шаарында жаңы жылдык балаты орнотулууда

Каракол шаарында жаңы жылдык балатыны орнотуу иштери жүрүүдө. Жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, Чыңгыз Айтматов атындагы борбордук аянтта «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери балатынын темир каркасын орнотуп, учурда кооздоо иштерин жүргүзүүдө.   Расмий жарыктандыруу аземи 10-15-декабрга белгиленген.   Жаңы жылдык балатынын бийиктиги 21 метрди түзөт. Ал 2017-жылы жергиликтүү… Кененирээк…

Жогорку Кеңештин комитети Эмгек кодексинин долбоорун жактырды

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети Эмгек кодексинин долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда жактырды. Документке ылайык, эмгек келишимин, эмгек китепчесин жана эмгек мыйзамдарынын нормаларын камтыган жергиликтүү ченемдик укуктук актыларды электрондук түрдө киргизүү сунушталууда.   Мындан тышкары республикада мамлекеттик майрам жана жумуш эмес майрам күндөрүн белгилөө… Кененирээк…

Өрт коопсуздугу үчүн айып пулдун өлчөмүн көбөйтүү пландалууда

Кыргызстанда базар, соода борборлору жана башка жайларда өрт коопсуздугун сактабаган ишкерлерге айып пулдун өлчөмүн көбөйтүү пландалууда. Тиешелүү долбоорду Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сунуштап жатат.   Документке ылайык, үч миң кишиден көп иштеген субьектте өрт коопсуздугу сакталбаса 1 млн сомдон жогору, 1 миң кишиден көп субьектте катталса… Кененирээк…

Шайлоонун расмий жыйынтыгы 8-декабрга чейин жарыяланат

Кыргызстанда жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоонун расмий жыйынтыгы 8-декабрга чейин жарыяланат. Бизге БШКдан билдиришкендей, учурда добуштарды кол менен эсептөө иштери аяктады. Эми аны аймактык шайлоо комияссиялары Боршайкомго тапшырышы керек.   Кыргызстанда 17-ноябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүп, автоматташтырылган эсептөө системасынын баштапкы жыйынтыгына ылайык, “Жаңы Кыргызстан”, “Жаңы күч”,… Кененирээк…

Окумуштуулар аялдын фигурасынын жаңы идеалдуу пропорцияларын атады

Окумуштуулар аялдын фигурасынын жаңы идеалдуу пропорцияларын атады.   Идеалдуу аял фигурасы 90-60-90 деген салттуу түшүнүктөрдү жок кылуу тобокелчилигине Германиянын Констанц университетинин изилдөөчүлөрү барышты. Алар салттуу бел-жамбаш катышы аялдардын жагымдуулугунун негизги көрсөткүчү эмес деп эсептешет. Бул теорияны далилдөө үчүн алар 100гө жакын ыктыярчылар менен эксперимент жүргүзүшкөн.… Кененирээк…

Бишкекте Сүйүмбаев көчөсү капиталдык оңдоодон кийин ачылды

Бишкекте Сүйүмбаев көчөсү капиталдык оңдоодон кийин ачылды. Мэриянын маалыматына караганда, иш Жибек Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки тилкеде жүргүзүлдү.   Участкадагы жолдун үстү жана түтүктөрү жаңыланып, жаңы бордюрлар орнотулду.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.