Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолунун курулушунун биринчи этабы аяктоодо

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолунун курулушунун биринчи этабы аяктап жатат. Бул тууралуу Жол куруучулар жана жолчулар ассоциациясынан билдиришти.   Учурда алгачкы 25 чакырымга калыңдыгы 6 сантиметр болгон асфальт-бетон төшөлүп жатат.   Ошондой эле жол сызыктары тартылып, көпүрөлөргө темир тосмолор орнотулууда.   Ушул жана башка… Кененирээк…

Кыргызстанда өпкө оорусуна чалдыккандардын саны өсүүдө

Кыргызстанда өпкө оорусуна чалдыккандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Улуттук госпиталдын өпкө оорулар бөлүмүнүн башчысы Акылай Масаидова билдирди.   Анын айтымында, Кыргызстанда өпкө ооруларына чалдыккандардын саны жүрөк-кан тамыр ооруларынан кийин экинчи орунда турат. Улуттук госпиталда бир жылда 1 миңден ашуун өпкө оорусуна чалдыккан бейтап дарыланат.  … Кененирээк…

Бишкекте Трансплантация жана диализ борборунун курулушу башталды

Бишкекте Трансплантация жана гемодиализ борборунун курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.   Борбордун ишке кириши өнөкөт бөйрөк жана боор оорулары менен ооруган бейтаптардын жашоо сапатын жакшыртат, ошондой эле саламаттыкты сактоо системасынын потенциалын чыңдоого олуттуу салым кошот деп күтүлүүдө.   Жалпы наркы 446… Кененирээк…

Батыш автобекети жери, мүлкү менен кошо мэрияга өттү

Бишкектеги Батыш автобекети жалпы мүлкү, тийиштүү жер тилкелери менен чогуу акысыз пайдалануу үчүн мэрияга берилди. Тиешелүү токтомду Министрлер кабинети чыгарды.   Ошондой эле мэрияга убактылуу автобекеттердин ишин уюштуруу милдети жүктөлдү. Ага ылайык, шаар четиндеги, шаар аралык, облустар аралык жана эл аралык автобус, автоунаа каттамдары жөнгө… Кененирээк…

Камчыбек Ташиевге кол салууну пландаган адам кармалганы кабарланды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кол салууну уюштуруу планын иштеп чыккан шектүү кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.   Маалыматка ылайык, ал “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү Руслан Дүйшеев болгон жана Жалал-Абад облусунун аймагынан кармалган.   Шектүү учурда УКМКнын тергөө… Кененирээк…

Нью-Йоркто үй жаныбарларын кароо үчүн эмгек өргүү бериле баштайт

Нью-Йоркто үй жаныбарларын кароо үчүн эмгек өргүү бериле баштайт. Мындай демилгени шаардык кеңештин депутаттары сунушташты.   Идеянын авторлору үй жаныбарлары стрессти азайтууга жардам берип, адамдарды активдүү болууга жана жашоосун жакшыртууга түрткү берерин айтышат. Ал эми бул, өз кезегинде, эмгектин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.   Эмгек… Кененирээк…

Япония Кыргызстандын авиациясын өнүктүрүүгө 1 млрд сомдон ашык каражат бөлөт

Япония өкмөтү “Ош” аэропортуна аэронавигациялык мунаранын курулушуна грант бөлөт. Бул акча «Манас» жана «Ысык-Көл» аэропортторундагы жабдууларды жаңылоого да жумшалат.   Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун үч окууда жактырды. Гранттын көлөмү 1 миллиард сомдон ашат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Сауд Арабия 92 миң көрүүчүнү батырган стадион курат

Сауд Арабия 92 миң көрүүчүнү батырган стадион курат. Ал дүйнөдөгү эң ири стадион болот. Негизги футбол талаасынан тышкары долбоорго коммерциялык жана көңүл ачуу жайлары, мейманкана, эс алуу аймагы кирет.   Стадиондун курулушу  2029-жылы аяктайт деп күтүлүүдө. Объект Сауд Арабиянын футбол боюнча улуттук кураманын башкы аренасы… Кененирээк…

“Майлуу-Суу лампа заводу” модернизациялоодон кийин 2025-жылдын жазында ишке кирет

“Майлуу-Суу лампа заводу” модернизациялоодон кийин 2025-жылдын жазында ишке кирет. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Андан эске салышкандай, заводду жаңылоого жана толук ондоого республикалык бюджеттен 1 миллиард сом бөлүнгөн.   Ишкананы жандантуу менен өлкөнү светодиоддук лампалар, ошондой эле атамекендик өндүрүш ишканаларын сапаттуу айнек идиштери… Кененирээк…

1-январдан тарта өлкөдөгү жолдорду оңдоо үчүн унаа ээлери май куйганда ар бир литрине 1 сомдон кошуп төлөшү мүмкүн

1-январдан тарта өлкөдөгү жолдорду оңдоо үчүн унаа ээлери май куйганда ар бир литрине 1 сомдон кошуп төлөшү мүмкүн. Бүгүн парламент Жол фонду тууралуу мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда колдоду. Документке ылайык, айдоочулар ар бир литр бензин, дизелдин баасына 1 сомдон кошуп төлөйт.   Чогулган… Кененирээк…