Ош облусунун Ноокат районунда органикалык жер семирткичтерин чыгара турган завод курулуп жатат

Ош облусунун Ноокат районунда органикалык жер семирткичтерин чыгара турган завод курулуп жатат. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги тарабынан заводду куруу үчүн керектелген 15 миллион долларлык жабдуулар Кытайдан алып келинди. Кулатов айыл аймагындагы заводдун курулушунун биринчи этабы  2025-жылы аяктап, ишке берилет.   Долбоордун… Кененирээк…

Бишкектин Айтматов проспектисинде теректер кыйылып баштады

Бишкектин Айтматов проспектисинде теректер кыйылып баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Учурга карата 55 бак жок кылынды. Жеринде 13 атайын техника жана “Бишкек жашыл чарбанын” кызматкерлери иштеп жатат.   Эске салсак, аталган теректер эскирип, кооптуу болуп калганы жүйөөгө келтирилип, аларды кыюу чечими кабыл алынган.   Алардын… Кененирээк…

Жыл башынан бери 102 миңде ашык жеке ишкер “Электрондук товар транспорттук коштоомо кагаздар” системасында каттоодон өттү

Жыл башынан бери 102 миңде ашык жеке ишкер “Электрондук товар транспорттук коштоомо кагаздар” системасында каттоодон өттү. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, жалпысынан система менен 200 миң субъект колдонуп жатат.   Алар дээрлик 4 миллион товардын түрүн киргизип, 26 миллиондон ашык электрондук коштомо кагаз берди.  … Кененирээк…

Жалган жалаа үчүн салына турган айып азайтылат

Жалган жалаа үчүн салына турган айып азайтылды. Парламенттин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети министрлер кабинети сунуштаган мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү экинчи окууда колдоду.   Ага ылайык, жалган маалымат тараткан адамдарга салына турган айып пул 20 миң сомго, мындай маалыматты чыгарган… Кененирээк…

Чүй облусунда 70 чакырым аба чубалгысы тартылып, 2880 тирөөч орнотулду

Чүй облусунда 70 чакырым изоляцияланган СИП аба чубалгысы тартылып, 2880 даана темир-бетон тирөөч орнотулду. Бул тууралуу Чүй электр тармактар ишканасынан билдиришти. Маалымдалгандай, бул иштер кардарларды сапаттуу тейлөө жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында аткарылды. Изоляцияланган СИП аба чубалгысы тартылган райондор: Москва районуна — 24,1… Кененирээк…

Кыргызстандык абитуриенттер үчүн Россиянын жогорку окуу жайларында 2025-жылга 700 орун бөлүндү

Кыргызстандык абитуриенттер үчүн Россиянын жогорку окуу жайларында 2025-жылга 700 орун бөлүндү. Бул тууралуу биздин өлкөдөгү Россиянын ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакунов билдирди.   Ал белгилегендей, учурда россиялык жогорку окуу жайларда 16 миңдей студент билим алат, анын 7 миңи бюджеттик негизде окуп жатат.   Ушул жана… Кененирээк…

Ош облусунун 6 айылы таза суу менен камсыздалды

Ош облусунун 6 айылы таза суу менен камсыздалды. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, кеп Ак-Жай, Кичи-Каракол, Кыр-Көл, Кара-Шоро, Арпа-Тектир жана Боз-Караган айылдары тууралуу болуп жатат.   Калк жашаган түйүндөрдө суу дарбазалары, кудуктар жана резервуарлар курулуп, суу түтүктөрү өткөрүлдү. Суу менен камсыздоо объектилер колдонууга берилген.  … Кененирээк…

Унаа тейлөө борборлорунда кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу жана кезектерди кыскартуу боюнча жаңы чаралар киргизилип жатат

Унаа тейлөө борборлорунда кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу жана кезектерди кыскартуу боюнча жаңы чаралар киргизилип жатат. Транспорттук каражатты каттоо боюнча мамлекеттик агенттик бир катар жаңычылдыктарды киргизди.   Алсак, унааны кайра кароо процедурасы жоюлду. Эми машинанын ээси биринчи кароодон кийин бир сутка ичинде унаасын каттап алса болот. Андан… Кененирээк…

Улуттук банктын эл аралык резервдери өсүүдө

Улуттук банктын эл аралык резервдери өсүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн башкы каржы мекемесинин жетекчисинин орун басары Азат Козубеков билдирди. Анын айтымында, 22-ноябрга карата резервдер көлөмү 5 миллиард доллардан ашты.   Жыл башынан бери көрсөткүч 58,5 пайызга өстү. Эске салсак, эл аралык резервдер биринчи кезекте төлөм балансынын… Кененирээк…

Кыргызстанда совет доорунда курулган көп кабаттуу үйлөрдү бузуу пландалууда

Кыргызстанда совет доорунда курулган көп кабаттуу үйлөрдү бузуу пландалууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди.   Ал белгилегендей, реновация программасы аркылуу биринчи кезекте 1950-1960-жылдары курулган «сталинка» жана «хрущевка» деп аталган үйлөр бузулат. Демилге кийинки жылдан тарта ишке… Кененирээк…