Жалал-Абад шаардык кеңешине Орозбек Турдубеков төрага болуп шайланды
Жалал-Абад шаардык кеңешинин 10-чакырылышынын депутаттары 28-ноябрда алгачкы сессияга чогулуп, Жалал-Абаддын мэри Эрнисбек Ормоков мандаттарды тапшырды. Шаардык кеңеште 41 депутат болсо алардын 12си аялдар. Шайлоодо жеңип чыккан үч саясий партия “Бек” деген аталыштагы коалиция түзүштү. Анын лидери катары Нуртилек Болотов (“Жаңы Кыргызстан” партиясынын мүчөсү) шайланды.… Кененирээк…









