Чүйдө облустук жаңы төрөт үйү түзүлөт

Чүй облусундагы мурдагы оорукананын мамлекетке кайтарылган имаратында облустук төрөт үйү түзүлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, бул жерде 100 орундуу заманбап төрөт үйү пайда болот.   Эске салсак, Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы объект мурда жеке адамдар тарабынан менчиктештирилип кеткен.   Ушул… Кененирээк…

Баткендеги автогазоблок заводунун курулушу 80 пайызга аяктады

Баткендеги автогазоблок заводунун курулушу 80 пайызга аяктады.   Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Кадамжай районундагы бул ишкана немис технологиясы менен курулуп жаткан Кыргызстандагы алгачкы газобетон заводу болуп саналат. Өндүрүш ишке кирсе, жергиликтүү тургундар дүйнөлүк стандартка жооп берген жогорку сапаттагы курулуш материалын пайдалана алат.   Биринчи этапта… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо иши аяктаганы кабарланды

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк жумушчу топтор бардык тилкелер боюнча тактоо иштерин аяктады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды.   Маалыматка ылайык, жумушчу топторго кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча жыйынтыктоочу документтерди даярдоо боюнча тапшырмалар берилди.   Бирок кайсы… Кененирээк…

ОСАГО албаган айдоочуларга айып пул салуу мөөнөтүн узартуу сунушталды

ОСАГО полисин албаган айдоочуларга айып пул салуу мөөнөтүн узартуу сунушталды.   Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Марат Пирназаров билдиргендей, айып мыйзам күчүнө киргенден жарым жылдан кийин салынышы мүмкүн. Мунун себеби айдоочулар жаңы жылга чейин машинени камсыздандырууга үлгүрбөй турганы менен түшүндүрүлдү.  … Кененирээк…

Таласта мамлекеттик архивдин жаңы имараттары ачылды

Талас шаардык мамлекеттик архивинин жана Бакай-Ата райондук мамлекеттик архивинин жаңы имараттары ачылды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, объекттер заманбап талаптарга толук жооп берет, документтердин ишенимдүү сакталышын камсыз кылат жана жарандардын маанилүү маалыматтарга жетүүсүн жеңилдетет.   Имараттардын курулушу 2023-жылдын аягында башталган болчу.… Кененирээк…

Футболдогу жетишкендик үчүн сыйлык тапшыруу аземи өтөт

Кыргызстанда футболдогу жетишкендиктери үчүн жеке сыйлыктарды тапшыруу аземи өтөт. Футбол союзунан билдиришкендей, иш-чара 10-декабрда болот.   Сыйлыктар 12 номинация боюнча ыйгарылат. Алар: мыкты футболчу, мыкты аял футболчу, мыкты футзалчы, мыкты жаш оюнчу жана мыкты машыктыруучу.   Белгилеп кетсек, быйыл “Аялдар футболунун мыкты машыктыруучусу” номинациясы да… Кененирээк…

Бишкек мэриясы мончо жана сауналарды текшерүүдө

Бишкек мэриясы мончо жана сауналарды текшерип, эч кандай мыйзам бузууларды тапкан жок.   Шаар бийлигинин маалыматына карагана, Новопавловка айылында жана Ак-Ордо конушунда жайгашкан объектилер текшерүүгө алынган. Анын жүрүшүндө тыюу салынган буюмдардын отко жагылганы аныкталган эмес.   Жалпысынан 62 мончо жана сауна текшерилди. Мэрия тыюу салынган… Кененирээк…

Кыргызстанда «аялдардын ишкердиги» түшүнүгү мыйзамдаштырылат

Жогорку Кеңеш “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамга “аялдардын ишкердиги” түшүнүгүн киргизүү боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.   Документ аялдардын ишкердигине мамлекеттик колдоону күчөтүү, финансыга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана экономикада аялдардын иш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү максатында кабыл алынган.   Ушул жана… Кененирээк…

Равшанбек Сабиров эмгек министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Равшанбек Сабиров эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.   Равшанбек Сабировдун талапкерлиги алдыда Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.   Ал эми буга чейинки министр Жылдыз Полотова башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу эмгек, социалдык камсыздоо жана… Кененирээк…

Баткенде биринчи жолу жүрөккө операция жасалды

Баткенде биринчи жолу жүрөккө операция жасалды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Маалыматта белгиленгендей, операция 3-декабрда Кадамжай шаарындагы медициналык борбордо өттү.   Жүрөгүнө операция жасалган 38 жаштагы аял буга чейин бөйрөгүнө байланыштуу гемодиализ алып жүргөн. Алдыда анын бөйрөгүн алмаштыруу пландалгандыктан, дарыгерлер алгач жүрөгүнө операция… Кененирээк…