Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы менен анын орун басары кармалды

УКМКнын бир нече саатка созулган сурагынан кийин Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алтынбек Абдувапов кармалды. Ал УКМКга акциздик товарларды жеткирүүдөгү мыйзам бузууларды жашыруу боюнча козголгон коррупциялык ишти иликтөөнүн алкагында чакырылган. Буга чейин бул иш боюнча Салык кызматынын бир нече кызматкери, анын ичинде мекеме жетекчисинин орун басары… Кененирээк…

Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жол расмий ачылды

Ош облусундагы Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жол расмий ачылды. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты.   Маалыматка ылайык, андан өткөн жеңил машинеден 200 сом, жүк ташуучу автоунаадан 700 сом алынат. Анын узундугу 14 чакырым, туурасы 22 метрди түзөт. Трассага 200 жана 97 метр болгон эки көпүрө… Кененирээк…

Нарын шаары акысыз интернет менен толук камсыздалды

Нарын шаары акысыз интернет менен толук камсыздалды. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бул «Смарт-Нарын-24» долбоорунун алкагында ишке ашты.   Анын негизинде 20 стратегиялык мааниге ээ жайда акысыз Wi-Fi орнотулду. Ага парктар, мектептер, китепканалар, музейлер, базар, борбордук аянт жана ооруканалар кирди.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…

Быйыл Бишкекте Жаңы жылдык салют атылбайт

Быйыл Бишкекте Жаңы жылдык салют атылбайт.   Мэриянын басма сөз кызматы тараткан маалыматта калаа башчылыгы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин сунушун колдой турганы айтылат.   Эске салсак, 2024-жылды тосуудагы дагы майрамдык салют атылган эмес. Ал эми 2023-жылды тосуп алууда майрамдык салютка 755 миң… Кененирээк…

Аман Салиев Кыргызстандын БАЭдеги элчиси болуп дайындалды

Аман Салиев Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиси болуп дайындалды.   Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.   Ал эми буга чейинки элчи Абдилатиф Жумабаев кызматтан бошотулду. Мунун себеби такталган жок.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.  

Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиси кызматтан бошотулду

Абдилатиф Жумабаев Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиси кызматынан бошотулду.   Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.   Мындай чечимдин себеби такталган жок жана Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиликке ким дайындалары азырынча белгисиз.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg… Кененирээк…

Президент Садыр Жапаров жумуш сапары менен Ош облусуна барат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-декабрда бир күндүк жумуш сапары менен Ош облусуна барат. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.   Анын айтымында, мамлекет башчысы Өзгөн айланма жолунун ачылыш аземине катышып, жергиликтүү тургундар менен жолугушат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк… Кененирээк…

Бишкекте дем алыш күндөрү айыл чарба жарманкеси өтөт

Бишкекте дем алыш күндөрү айыл чарба жарманкеси өтөт. Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара Түгөлбай-Ата көчөсүндө Эркиндик бульвары менен Тыныстанов көчөсүнүн ортосунда болот.   Шаар тургундары айыл чарба продукцияларын дүң жана чекене баада сатып ала алышат. Жарманке ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо максатын… Кененирээк…

ӨКМ пиротехникаларды колдонууда этият болууга чакырат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги пиротехникаларды колдонууда этият болууга чакырат.   Ведомствонун маалыматына караганда, жаңы жылдык майрамдарда пиротехниканы туура эмес пайдалануу жаракаттарга жана кырсыктарга алып келиши мүмкүн.   Мындан улам, каражатты расмий дүкөндөрдөн гана сатып алуу, балдарга колдонууга тыюу салуу, турак жайлардан жана эл көп чогулган жерлерден… Кененирээк…

Өлкө мектептеринде экинчи чейрек 30-декабрда аяктайт

Өлкө мектептеринде экинчи чейрек 30-декабрда аяктайт. Билим берүү министрлигинен эске салышкандай, кышкы каникулдар 12-январга чейин созулат. Окуучулар мектеп парталарына кайра 13-январда кайтып келет.   Эске салсак,  2024-2025-окуу жылынын окуу-базистик планы август айында бекитилген.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.