Мамлекеттик оорукананын жетекчилерине менчик клиникаларда иштөөгө тыюу салынат

Мамлекеттик оорукананын жетекчилерин менчик клиникаларда иштөөгө тыюу салган мыйзам долбоорун парламенттин Социалдык саясат боюнча комитети үчүнчү окууда жактырды.   Документ Кыргызстандын жарандарына ишенимдүү жана сапаттуу медициналык жардамды камсыз кылуу максатында сунушталып жатканы белгиленди.   Өлкөдө мамлекеттик медициналык мекемени жетектеп туруп, жеке клиника ачып алган же… Кененирээк…

Президенттик стипендияга татыган студенттердин тизмеси жарыяланды

Өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын 90 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырылды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.   Маалыматка ылайык, стипендиянын өлчөмү 60 миң сомду түздү. Сыйлыкка татыган студенттердин тизмеси төмөнкүдөй:   1. Абдижалил кызы Айзат; 2. Абдразакова Азиза Төлөмбековна; 3. Абдувалиев Мунарбек Насиридинович;… Кененирээк…

Ысык-Ата райондук электр тармактарынын жаңы имараты ачылды

Чүй электр тармактар ишканасынын Ысык-Ата РЭТинин административдик имаратынын ачылышы болду. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, эки кабаттуу жаңы заманбап имарат 280 чарчы метрди түзүп, ичинде бардык талапка жооп берген шарттар каралган.   Административдик имарат 21 млн сомго 6 ай ичинде курулуп бүткөн.   Белгилеп кетсек, Ысык-Ата РЭТинин… Кененирээк…

Депутат Чынберди Төлөнов мандатынан ажырады

Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Чынберди Төлөнов өз арызы менен мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазып, Боршайком 16-декабрда депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.   Анын мандаты “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкерлердин кийинки тизмесинде турган Жайлообай Нышановго берилди.   Чынберди Төлөнов… Кененирээк…

Каракол — Эңилчек унаа жолу убактылуу жабылды

Ысык-Көл облусундагы Каракол — Эңилчек унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.   Ведомстводон маалымдашкандай, учурда Ак-Суу районунун аталган унаа жолунда кар жаап, бороон болууда. Көр көчкү түшүү коркунучу жогору болгондуктан кырсыктардын алдын алуу максатында трассанын 38-112-чакырымын убактылуу жабуу чечимин кабыл… Кененирээк…

Бишкекте жаңы жылдык жарманке өтөт

Бишкекте жаңы жылдык азык-түлүк продукцияларынын жарманкеси өтөт.   Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, иш-чара 25-31-декабрь күндөрү уюштурулат.   Жарманке күн сайын эртең мененки саат 9дан кечки саат 6га чейин Түгөлбай-Ата көчөсү, Эркиндик жана К.Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилиштеринде болот.   Ушул… Кененирээк…

Жалал-Абадда Саймалуу-Таш орто мектеби өрттөнүп кетти

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы №11 Саймалуу-Таш орто мектеби өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, кырсыктан жабыр тарткандар жок.   Өрт эмнеден чыкканы жана келтирилген материалдык чыгым такталып атат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компаниянын батирлери ээлерине тапшырылды

Бишкектин Скрябин көчөсүндө курулган Мамлекеттик ипотекалык компаниянын батирлери ээлерине тапшырылды.   Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, турак жай жети блоктон турат. Ар бири 15 кабаттуу, жалпы 549 батир бар. Үйлөр социалдык багытта иштеген кызматкерлерге жана 50% үлүш кошуу шарты менен алгандарга берилди.   Маалыматка ылайык,… Кененирээк…

Министрлер кабинетинин төрагасы милдетин азырынча биринчи вице-премьер-министр Адылбек Касымалиев аткарат

Министрлер кабинетинин төрагасы милдетин азырынча биринчи вице-премьер-министр Адылбек Касымалиев аткарат. 64 жаштагы Касымалиев министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп келген.   Ал буга чейин каржы, экономика министри кызматтарын аркалаган. Эске салсак, Акылбек Жапаров бүгүн кызматынан бошотулду.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg… Кененирээк…

Бишкекте унаа токтотуучу жайы жок имараттарды курууга уруксат берилбейт

Бишкекте унаа токтотуучу жайы жок имараттарды курууга уруксат берилбейт. Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевдин айтымында, салына турган көп кабаттуу үйлөрдө бир батирге бир унаа токтотуучу жайы болушу керек. Соңку маалыматка ылайык, ордо калаада 416 миңден ашык унаа катталган.  … Кененирээк…