Сузакта эки скважина калыбына келтирилди

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда эки скважина калыбына келтирилди.   Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, скважиналар жер астындагы булактардан суунун үзгүлтүксүз агымын камсыз кылып, жер үстүндөгү суулар аз болгон мезгилде дыйкандарга талааларды сугарууга мүмкүндүк берет.   Министрлик жакын арада аймакта… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш жаңы Эмгек кодексин кабыл алды

Жогорку Кеңеш Эмгек кодексине киргизилген өзгөртүүлөр боюнча мыйзам долбоорду үчүнчү окууда кабыл алды.   Ага ылайык, 23-февраль, 7-апрель жана 7-8-ноябрь майрам бойдон кала берет, бирок кызматкерлер ал күндөрү эс албайт. Ишемби, жекшембиге туш келген майрамдар үчүн башка күнү дем алыш болбойт.   Январдын башында жаңы… Кененирээк…

Мамлекеттик салык кызматына жаңы төрага дайындалды

Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.   Эске салсак, Алмамбет Шыкмаматов буга чейин Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп иштеп жаткан. Ага чейин Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы кызматын аркалаган.   Ал эми Салык кызматынын мурдагы жетекчиси… Кененирээк…

Кара-Кулжанын Токбай-Талаа айылына өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Токбай-Талаа айылына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, мындай чечим айылда ичүүчү суу үзгүлтүккө учураганына байланыштуу кабыл алынды. Маалыматка ылайык, аталган айылга таза суу тартылып келген түтүктөр сууктан улам тоңуп, 380 метр суу түтүгү иштен чыгып калган. Мунун… Кененирээк…

Чет элдиктерге документ берүүнүн жаңы эрежелери киргизилди

Кыргызстанда 2025-жылдан тарта чет элдиктер үчүн жаңы эрежелер киргизилет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.   Эми жашоого жана иштөөгө уруксат берүү “Электрондук виза” порталы менен интеграцияланган “Бирдиктүү терезе” системасы аркылуу ишке ашат.   Техникалык, программалык жана уюштуруучулук иш-чараларды даярдоо үчүн ework.e-gov.kg… Кененирээк…

Өлкөнүн ашууларында жол кызматтары күнү-түнү нөөмөттө

Өлкөнүн ашууларында жол кызматтары күнү-түнү нөөмөттө.   Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, кардан тазалоочу атайын техникалар Төө-Ашуу, Ала-Бел, Долон, Көк-Бел, Өтмөк, Чапчыма ашууларында жана башка татаал аймактарда турат.   Учурда бардык ашууларда каттам бар. Айдоочулар жол эрежесин так сактап, каршы тилкеге ​​чыкпай, атайын техниканын иштешине… Кененирээк…

Бүгүн Бишкектен Москвага алгачкы поезд жөнөйт

Бүгүн Бишкектен Москвага алгачкы поезд жөнөйт.   “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришкендей, каттам кечки саат 20:40та жолго чыгат. Билеттердин баасы сатып алуу убактысына, жүргүнчүнүн жашына, вагон категориясына, каттоонун түрүнө жана валюта курсуна жараша болот.   Поезддер жумасына эки жолу: Бишкектен шаршемби жана ишемби күндөрү, Москвадан… Кененирээк…

Бишкекте “Жаш мугалимдин аманаты” сынагы өттү

Бишкекте “Жаш мугалимдин аманаты” сынагы өттү.   Мэриядан билдиришкендей, программа эки тур менен ишке ашырылууда. Биринчи этап тестирлөө түрүндө, экинчиси интервью форматында.   126 адамдын ичинен 100 жаш мугалим бардык турларды ийгиликтүү аякташты. Эми алар менен үч жыл бою мектепте үзгүлтүксүз иштөө боюнча келишим түзүлөт.… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы беш «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасы ачылат

Жыл аягына чейин Кыргызстанда дагы беш “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы ачылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.   Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкө боюнча мындай 95 аптека иштеп жатат. Белгиленгендей, анда препараттардын баасы жеке дарыканаларга караганда 10-20 пайызга арзан.   Ушул жана башка… Кененирээк…

Президент: Акылбек Жапаров салык системасындагы алешемдиктер үчүн кызматтан кетти

Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров салык системасындагы алешемдиктер үчүн кызматтан кетти. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып билдирди.   Мамлекет башчы муну саясатташтырбоого чакырды.   «Салык кызматынын жогорку жетекчилигинин кармалышы боюнча окуя азыр тергелип жаткандыктан, жеке кызыкчылыктар кагылышына жол бербөө… Кененирээк…