Кош бойлуулук жана төрөт боюнча 550 млн сомдой жөлөкпул төлөндү

Жыл башынан бери өлкөдө кош бойлуулук жана төрөт боюнча 550 млн сомдой жөлөкпул төлөндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, каражатты 1-декабрга карата 26 миң 498 аял алды.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша… Кененирээк…

«Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын аталышы өзгөртүлдү

«Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун аталышы өзгөртүлдү. Бул тууралуу компаниянын басма сөз катчысы Алена Хоменко билдирди.   Анын маалыматына ылайык, компания эми «Кыргызстандын аэропорттору» ААК деп аталат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Көк-Жар айылы жарыктандырылды

Көк-Жар айылы жарыктандырылды. Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган айылдын Кайыков, Коңур Осмонов, Күмүшалиева жана Куланов көчөлөрү жарыктандырылды. Тактап айтканда, 200дөн ашык кубаттуу чырак орнотулуп, 6 миң метрден ашык өзүн-өзү колдогон изоляцияланган зым тартылды.   Мындан тышкары, Чыныбек Алиев көчөсүндөгү Полиция шаарчасына жарык орнотулган.   Белгилеп кетсек, административдик-аймактык… Кененирээк…

АКШда адамдын аркасын тырмай турган жаңы кесип пайда болду

АКШда адамдын аркасын тырмай турган жаңы кесип пайда болду. Мындай адистер саатына 100 доллар табышат. Бул үчүн кеминде бир жума алдын ала жазылуу керек.   Процедуранын жүрүшүндө арка тырмагычтар узун тырмактарды, щеткаларды жана жүн колдонушат. Белгиленгендей, кызмат көрсөтүүнүн мындай түрү кардарларга абдан жагып жатат жана… Кененирээк…

Кыргызстанда аба ырайы өзгөрөт

Эртеңден тарта Кыргызстанда аба ырайы өзгөрөт. Синоптиктердин маалыматына караганда, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында, тактап айтканда, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй облустарында жана Ысык-Көлдүн чыгышында жааган жамгыр карга айланышы мүмкүн.   Ишембиде жаан токтойт, бирок үшүк күчөй баштайт.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан… Кененирээк…

Кара-Суу районунда үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору курулат

Ош облусунун Кара-Суу районунда үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору курулат. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, мекеме заманбап жабдуулар менен жабдылат, анын ичинде томограф, рентген аппараты, УЗИ ж.б болот.   Оорукана Кара-Суу районунун 360 миңден ашык тургунун тейлейт. Долбоордун сметалык баасы 210 миллион сомду түзөт жана мамлекеттик бюджеттен каржыланат.… Кененирээк…

Мамлекеттик оорукананын жетекчилери менчик клиникаларда иштөөгө болбойт

Мамлекеттик оорукананын жетекчилерин менчик клиникаларда иштөөгө тыюу салган мыйзам долбоорун парламент кабыл алды. Документ Кыргызстандын жарандарына ишенимдүү жана сапаттуу медициналык жардамды камсыз кылуу максатын көздөйт.   Белгилеп кетсек, өлкөдө мамлекеттик медициналык мекемени жетектеп туруп, жеке клиника ачып алган же ал жакта кошумча иштеген айрым кызмат… Кененирээк…

Бишкектин Ак-Ордо конушунда 750 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушуна капсула салынды

Бишкектин Ак-Ордо конушунда 750 окуучуга ылайыкталган мектептин курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Долбоор боюнча, мектеп 3 кабаттуу болуп, 4 блоктон турат. Мектептин архитектуралык планында негизги окуу класстардан тышкары, химия жана физика лабараториясы, компьютердик класстар, китепкана,… Кененирээк…

Ишкерлерге Фитосанитардык сертификаттарды онлайн алууга шарт түзүлдү

Ишкерлерге Фитосанитардык сертификаттарды онлайн алууга шарт түзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   “Бирдиктүү терезе” маалыматтык системасы аркылуу электрондук өтүнмө берүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Ага ылайык, тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучулары фитосанитардык документтерди алуу үчүн Департаменттин кеңселерине же Ишкерлерди… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш социалдык тармак аркылуу жалаа жапкандарга айып салуу боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды

  Жогорку Кеңеш социалдык тармак аркылуу жалаа жапкандарга айып салуу боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Ага ылайык, эми интернетте бирөө-жарымды мазактап, жалаа жапканы үчүн жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык тараптарга 65 миң сом айып салынат.   Парламентте буга 68 депутат макул болсо, төртөө… Кененирээк…