Ош шаарында эт азыктарын чыгарган цех ачылды

Ош шаарында эт азыктарын чыгарган цех ачылды. Муниципалитеттен билдиришкендей, заманбап ишкана жогорку сапаттагы эт азыктарын чыгарып, шаар тургундарын жаңы жумуш орундары менен камсыздайт.   Белгилеп кетсек, «Ош шаары жана Ош облусун регионалдык өнүктүрүү» долбоору Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган. Анын алкагында ишканада 60 жумуш орду түзүлөт.… Кененирээк…

Бүгүн Ош шаарындагы жаңы жылдык балатынын оту жанат

Бүгүн Ош шаарындагы жаңы жылдык балатынын оту жанат. Мэриядан билдиришкендей, майрамдык иш-чара борбордук аянтта кечки саат 7де башталат.   Саамалык жандуу музыка менен коштолот. Түштүк калаадагы жаңы жылдык балатынын бийиктиги 28 метрди түзөт.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүнөт

Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүн Элдик курултайда билдирди.   Маалыматка ылайык, мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү өзүнчө Агартуу министрлиги, ал эми Жогору билим жана илим министрлиги өзүнчө түзүлөт.   Шакиевдин айтымында, жаңы министрлик жаңы… Кененирээк…

Дүйнөдөгү эң көп жүргөн аба каттамдары аталды

Дүйнөдөгү эң көп жүргөн аба каттамдары аталды.   Тизменин башында Гонконг менен Тайвандын борбору Тайбэйдин ортосундагы 105 мүнөттүк учуу турат. Быйыл бул каттамдан 6,5 миллиондон ашык адам пайдаланган. Экинчи орунда Каир – Жидда рейси турган.   Ал эми алдыңкы үчтүктү Сеулдан Токиого чейинки каттам толуктады.… Кененирээк…

20 миң үй-бүлөгө бизнес ачуу үчүн 100 миң сомдон берилет

Келерки жылы 20 миң үй-бүлөгө бизнес ачуу үчүн 100 миң сомдон берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. Анын айтымында, бул “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында ишке ашат.   Мамлекет башчы акыркы үч жылда 35 миңге жакын үй-бүлөгө 100 миң сомдон жардам берилгенин белгиледи. Ошондой эле,… Кененирээк…

Бишкекте таштандыларды кайра иштетүүчү ишкана келерки жылы ачылат

Бишкекте тиричилик таштандыларын кайра иштетүүчү ишкана келерки жылдын декабрь айында ачылат.   Мэриянын маалыматына караганда, курулуш иштери уланууда. Объектте Кытайдан келген 200дөн ашык жумушчу иштеп жатат. Долбоорду ишке ашыруудагы жалпы инвестициянын көлөмү болжол менен 95 миллион долларды түзөт.   Биринчи этапта ишкана суткасына 1 мин… Кененирээк…

Элдик курултайда үч миңден ашуун милиция коомдук коопсуздукту камсыздоодо

Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайда үч миңден ашуун милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздоодо. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда.   Эске салсак, курултай бүгүн жана эртең өтөт. Ага 700 делегат, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана… Кененирээк…

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу 27-декабрда башталат

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу 27-декабрда башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Улуттук филармонияда өтүп жаткан үчүнчү Элдик курултайда билдирди. Курулуш кайсы жерден башталары тууралуу так маалымат берилген жок.   Белгилеп кетсек, долбоорду баштоо мөөнөтү улам жылып келет. Буга чейин “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын капиталдык… Кененирээк…

Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди

Бүгүн саат 10:30дан тарта Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралууТранспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, учурда Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда кар жаап, аймакты караган №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумушчу топтордун жолугушуусу өттү

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумушчу топтордун жолугушуусу өттү.   Жыйын 11-декабрдан 19-декабрга чейин Душанбе шаарында болду. Жолугушуунун алкагында тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясын андан ары мыйзамдуу түрдө каттоо үчүн материалдарды даярдоого киришти. Жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Тараптар бул ишти… Кененирээк…