Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды

Париждеги Олимпиада оюндарынын бокс боюнча күмүш медалынын ээси, мушкер Мунарбек Сейитбек уулу III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды.   Президент Садыр Жапаровдун Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө жарлыгына ылайык, сыйлык Мунарбек Сейитбек уулуна Дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы жана спорттук жетишкендиктери үчүн… Кененирээк…

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы 2024-жылды ФИФА рейтингиндеги 107-орун менен жыйынтыктоодо

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы 2024-жылды ФИФА рейтингиндеги 107-орун менен жыйынтыктоодо. Жаңыланган тизме достук беттештердин жыйынтыгы менен жарыяланды.   Биздин курама отчеттук мезгилде оюндарды өткөргөн эмес, андыктан, 107-орунду сактап калды. Бир жыл мурда кыргызстандык футболчулар 98-орунда болчу.

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 миллиард 617 миллион долларга жетти

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 миллиард 617 миллион долларга жетти. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. Анын ичинен тышкы карыз 4 миллиард 526 миллион доллар, ички карыз 2 миллиард 54,5 миллион доллар.   Жалпысынан 2024-жылы мамлекеттик карыздын көлөмү 336,5 миллион долларга көбөйдү. Тышкы карыздын басымдуу бөлүгү Кытайдын… Кененирээк…

Улуттук банк эски үлгүдөгү доллар менен жүргөн операцияларга комиссия киргизүүнү сунуштады

Улуттук банк «ак» доллар (2006-жылга чейин чыгарылган банкнота) менен жүргүзүлгөн операцияларга комиссия киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору даярдалган. Анда белгиленгендей, бул банкноталар жаңы аналогдоруна караганда жөнөкөй дизайнга ээ жана коргоо элементтери азыраак. «Эски көрүнгөнү менен «ак» доллар мыйзамдуу төлөм каражаты бойдон калууда. Бирок айрым учурларда… Кененирээк…

Швейцарияда дүйнөдөгү эң тик асма жол курулду

Швейцарияда дүйнөдөгү эң тик асма жол курулду.  Ал 159 пайызга эңкейиш абалда турат. Аны менен жүрүүнүн убактысы болгону 4 мүнөттү түзөт.  Жалпы узундугу 1 миң 200 метрге жеткен канат жолчосу 775 метр бийиктикке чыгарат.   Ар бир кабинкасы 85 адамга эсептелген. Коопсуздук көзөмөлү атайын датчиктердин… Кененирээк…

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети мектептерде смартфон колдонуу эрежеси тууралуу мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети мектептерде смартфон колдонуу эрежеси тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Документ мектептерде балдардын маалыматтык коопсуздугун камсыздоо, билим алуусуна коопсуз жана жагымдуу шарт түзүү, уюлдук телефондорду пайдалуу колдонууну өрчүтүүнү көздөйт.   Буга чейин жалпы, кесиптик жана кошумча билим берүү мекемелеринде мобилдик аппараттарды колдонуу… Кененирээк…

Каржы министрлиги газдаштырууга жеңилдетилген насыя берүүсүн улантууда

Каржы министрлиги газдаштырууга жеңилдетилген насыя берүүсүн улантууда. Ведомстводон белгилешкендей, Бишкек жана Чүйдө каражат 238 субъектке берилди.   Берилген жалпы сумма 30 миллион сомду түзөт. “Бишкек жана Чүй облусун газдаштырууну каржылоо-2” долбооруна 2 банк катышууда. Насыялоонун жалпы көлөмү 1 миллиард сомду түзөт.   Ушул жана башка… Кененирээк…

Бишкекте Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлду

Бишкекте Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлду. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин айтымында, документке кол коюу менен ири долбоорду ишке ашыруу процесси иш жүзүнө өтүүдө.   Эл аралык темир жолдун курулушу өлкөгө социалдык-экономикалык пайда гана алып… Кененирээк…

Испаниянын футбол боюнча курамасынын жарым коргоочусу Родри жылдын мыкты футболчусу деп аталды

Испаниянын футбол боюнча курамасынын жарым коргоочусу Родри жылдын мыкты футболчусу деп аталды. The Guardian басылмасынын версиясы боюнча экинчи позицияда Бразилиянын оюнчусу Винисиус Жуниор турат.   Үчилтикти Норвегиянын форварды Эрлинг Холанд бекитет. Добуш берүүгө 197 мурдагы футболчу, машыктыруучулар жана журналисттер катышкан. Буга чейин мыктылардын катарын Лионель… Кененирээк…

Эки кыргызстандыкка “Эмгек Баатыры” жогорку наамы ыйгарылды

Эки кыргызстандыкка “Эмгек Баатыры” жогорку наамы ыйгарылды. Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалынын өнүгүүсүнө салым кошкону үчүн жазуучу, прозаик жана пулицист Кеңеш Жусупов жана геология-минералдык илимдер доктору Кубат Осмонбетов сыйланды.   Сыйлыктарды тапшыруу жарлыгына президент Садыр Жапаров кол койду.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…