Кыргызстанда 100дөн ашык көп кабаттуу үй мыйзамсыз курулган

Кыргызстанда 100дөн ашык көп кабаттуу үй мыйзамсыз курулган. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев билдирди.   Анын айтымында, мындай объектилерди мыйзамдаштыруу процесси жүрүп жатат. Башкача айтканда, агенттик долбоорлорду даярдап, изилдөөлөрдү жана экспертизаларды жүргүзүп, аларды реестрге киргизип, пайдаланууга берүү… Кененирээк…

Мамлекеттик салык кызматы жеке жактар үчүн салыктык каттоону автоматташтырды

Мамлекеттик салык кызматы жеке жактар үчүн салыктык каттоону автоматташтырды. Ведомстводон ишендиришкендей, жаңылануу бюрократияны азайтып, жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт.   Санариптик чечимдер каттоо процесстерин тездетүүгө жана жөнөкөйлөтүүгө жардам берип, убакыт жана каржы чыгымдарын азайтат деп күтүлүүдө.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм… Кененирээк…

Кыргызстандын спортчулары Кытайда өтө турган Кышкы Азия оюндарына катышат

Кыргызстандын спортчулары Кытайда өтө турган Кышкы Азия оюндарында күч сынашат. Турнир 7-14-февраль аралыгында Харбин шаарында өтөт.   Биздин курама 53 адамдан турат. Алар биатлон, керлинг, тоо лыжасы, көркөм муз тебүү жана хоккей боюнча мелдештерге катышат.   Улуттук курама команданын капитаны болуп хоккейчи Мамед Сейфулов дайындалды.… Кененирээк…

Бишкекте тыюу салынган буюмдарды өрттөгөндөр аныкталууда

Бишкекте тыюу салынган буюмдарды өрттөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд жүрүүдө. Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда Ленин районундагы 10дон ашык мончо жана сауналар текшерилип, мыйзам бузуулар катталган жок.   Мэрия тургундарды тиричилик, өндүрүштүк жана медициналык калдыктарды өрттөбөөгө чакырат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша… Кененирээк…

Чоң-Арык жаңы конушунда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун курулушу уланууда

Ордо калаадагы Чоң-Арык жаңы конушунда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун курулушу уланууда.   Мэриянын маалыматына караганда, имаратта дарыгерлердин кабинеттери, ЭКГ, УЗИ, техникалык жана чарбалык бөлмөлөр, лифт жана жуунучу бөлмөлөр болот. Ошондой эле аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу пландалууда.   Учурда объекттин ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат.   Ушул… Кененирээк…

Абхазия, Армениядан келген унааларды мыйзамдаштыруу 1-мартта башталат

Кыргызстанга Абхазия, Армениядан келген унааларды мыйзамдаштыруу 1-мартта башталат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги фракция жыйынында белгилүү болду.   Маалыматка ылайык, биринчи бардык керектүү документтери бар унааларды мыйзамдаштыруу, документтери жок, бирок техникалык талаптарга жооп берген машиналарды каттоо каралат.   Эске салсак, былтыр президент Садыр Жапаров Кыргызстанга мыйзамсыз… Кененирээк…

Интернет аркылуу мазактап, бирөөгө жалаа жапкандарга айып салынат

Интернет аркылуу мазактап, бирөөгө жалаа жапкандарга айып салынат. Мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.   Ага ылайык, эми социалдык тармактарда бирөө-жарымды мазактап, жалаа жапканы үчүн жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык тараптарга 65 миң сом айып салынат. Мыйзам 10 күндөн кийин күчүнө кирет.   Ушул жана… Кененирээк…

Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында “Мурас” социалдык шаарчасын куруу иштери башталды

Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында “Мурас” социалдык шаарчасын куруу иштери башталды. Президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, шаарча куруу боюнча эскиздик долбоор райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан.   Анын аянты дээрлик 11 гектарды ээлейт. Социалдык шаарчадагы үйлөр жарандарга ипотекалык негизде берилет… Кененирээк…

Россияга кирүү тууралуу эртелеп кабарлоо “Мамлекеттик кызматтар” электрондук порталы аркылуу жүргүзүлөт

Россияга кирүү тууралуу эртелеп кабарлоо “Мамлекеттик кызматтар” электрондук порталы аркылуу жүргүзүлөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.   Андан түшүндүрүшкөндөй, аталган өлкөгө барууну пландап жаткан кыргызстандыктар “Госуслуги” онлайн-сервиси аркылуу арыз толтурушу керек. Арыз каралып, андан кийин Россия тарап анын аймагына кирүүгө уруксат берет. Эске салсак,… Кененирээк…

Бишкекте бала бакчадан өрт чыгып, эки күжүрмөн эсеп тартылды

Бишкекте бала бакчадан өрт чыгып, эки күжүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Алдын ала маалымат боюнча, Алма-Ата көчөсү, №186 дарегинде жайгашкан бала бакчасынын имаратынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 08:05тен тарта 2 өрт өчүрүүчү күжүрмөн эсеп жана штаб… Кененирээк…