Ош шаарындагы борбордук базар ушул айда жабылат

Ош шаарындагы борбордук базар 20-январда жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Аталган убакытка чейин соодагерлер Б.Осмонов көчөсүндө салынган жаңы муниципалдык базарга көчүшү керек.   Маалым болгондой, 20-январдан тарта эски базарда электр жарыгы, таза суу жана башка коммуналдык кызматтар өчүрүлөт.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…

Россияда миграциялык мыйзамдар өзгөрдү

1-январдан баштап чет өлкөлүк жарандардын Россияда жүрүү убактысы 180 күндөн 90 күнгө чейин кыскартылды. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги эскерткендей, бул аталган өлкөдө тиешелүү уруксат документтери — убактылуу/туруктуу жашоого уруксат, эмгек же жарандык-укуктук келишими жок жүргөн чет өлкөлүк жарандарга тиешелүү болот.   Мындан тышкары, ушул жылдын… Кененирээк…

Кыргызстанда бензин жана дизелдин ар бир литрине кошумча 1 сом алына баштады

Кыргызстанда 1-январдан тарта бензин жана дизель майынын ар бир литрине кошумча 1 сом алына баштады. Президент Садыр Жапаров кол койгон мыйзамга ылайык, каражат Жол фондуна түшөт жана автоунаа жолдорун оңдоого, салууга жана реконструкциялоого пайдаланылат.   Документти Жогорку Кеңеш 20-ноябрда кабыл алган.   Унаа жана жолдор… Кененирээк…

«Ала-Тоо» аянтында Манастын айкели турган жер оңдолот

«Ала-Тоо» аянтында Манастын айкели турган жердин астындагы конструкциялар кайрадан толугу менен оңдолот. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.   Маалыматка ылайык, Бишкектин борбордук аянтындагы Манастын эстелиги турган жердин асты чирип, урайын деп калган. Белгиленгендей, оңдоо иштери ушул айдын ортосунда башталат.   Ушул… Кененирээк…

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Ага ылайык, оюндарды өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча ведомстволор аралык иш-планды иштеп чыгуу, спорттук бөлүк боюнча эрежелерди бекитүү, пландаштырылган иш-чаралардын негизинде чыгымды эсептеп чыгуу тапшырмасы… Кененирээк…

Бишкек – Ош унаа жолунда жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

Бишкек – Ош унаа жолундагы Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, мындай чечим кар жаап жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу жана жол тыгынын болтурбоо максатында кабыл алынды.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан… Кененирээк…

Курулуш компаниялары ар бир объектке QR код илүүгө милдеттендирилди

Ушул айдан тарта Кыргызстандагы курулуш компаниялары өздөрү салып жаткан ар бир объектиге анын мыйзамдуулугу тууралуу маалымат берген QR код илүүгө милдеттендирилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди.   Маалыматка ылайык, талапты аткарбагандарга айып пул салынат.   Ушул… Кененирээк…

Кыргыз-өзбек-тажик премьер-министрлери чек ара маселесин талкуулайт

Бүгүн Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын премьер-министрлери үч өлкөнүн мамлекеттик чек аралары кесилишкен жерде жолугушат. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.   Маалыматка ылайык, тараптар буга чейин жетишилген чек ара маселелерине байланышкан макулдашуунун айланасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша… Кененирээк…