“Ала-Арча” жаратылыш паркында эми электромобилдер менен гана жүрүүгө болот

“Ала-Арча” жаратылыш паркында эми электромобилдер менен гана жүрүүгө болот. Бул тууралуу мамлекеттик жаратылыш паркы мекемесинин директорунун орун басары Кубанычбек Жекшенбеков билдирди. Ал белгилегендей, бул экологиялык багытта паркка оң таасир берет жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртат.   Ал үчүн үстүбүздөгү жылдын 1-майында Кытайдан атайын электромобилдер алынып… Кененирээк…

Улуттук банк каржы уюмдардын комиссия, тариф, пайыздык чендерин көзөмөлгө алууну сунуштады

Улуттук банк каржы уюмдардын комиссия, тариф, пайыздык чендерин көзөмөлгө алууну сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Анда айрым учурда насыялардын пайызы 33-34 пайызга чейин жетип жатканы белгиленген.   Буга байланыштуу Улуттук банкка банктар жана башка каржы уюмдарына комиссиялык сый акыларды, тарифтерди жана пайыздык чендерди… Кененирээк…

Бишкек мэриясы Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас багытындагы аймак аралык каттамдарды жаңы автобекеттен гана чыгууга чакырды

Бишкек мэриясы Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас багытындагы аймак аралык каттамдарды жаңы автобекеттен гана чыгууга чакырды. Вице-мэр Жамалбек Ырсалиевдин айтымында, бул айдоочулардын уктап эс алганын, наркологиядан өткөнүн текшерип, коопсуздукту камсыздоого багытталган.   Кырсыктарды алдын алуу үчүн айдоочулар автобекеттен текшерилип, анан жолго чыгарылат. Эске салсак, мэрия убактылуу… Кененирээк…

Кыргызстанда 105 объект туристтик ишкердүүлүк жана ресурстар бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилди

Кыргызстанда 105 объект туристтик ишкердүүлүк жана ресурстар бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилди. Бул тууралуу Туризм департаментинен билдиришти.   Тизмеге мейманканалар, конок үйлөрү, хостелдер, эс алуу борборлору, парктар, жаратылыш объектилери, маданият үйлөрү жана башкалар кирди. Реестрде ар бир объекттин жалпы аянты, туризмдин түрү жана келечекте өнүктүрүү үчүн… Кененирээк…

Ошто ири логистикалык борбор курулат

Ошто ири логистикалык борбор курулат. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, ал 17 гектар аянтты ээлеп, Эркеч-Там — Ош — Өзбекстан жолунда жайгашат.   Наркы 12 миллион долларды түзгөн объект Борбор Азияда негизги траснпорттук хаб болот. Бул жерде Кытайдан келген жүктөр жөндөлүп, башка өлкөлөргө, анын ичинде Россияга… Кененирээк…

Жарандар 5 жылга чейин жер салыгын төлөөдөн бошотулду

Жарандар 5 жылга чейин жер салыгын төлөөдөн бошотулду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков билдирди.   Анын айтымында, айыл чарба жерлеринин мүлк салыгын төлөө буга чейин 2022-жылдан 2025-жылга чейин бошотулган. Эми бул мөөнөт дагы узартылып, 2030-жылга чейин салык төлөөдөн… Кененирээк…

Кыргызстанда 100 мамлекеттик дарыкана иштеп жатат

Кыргызстанда 100 мамлекеттик дарыкана иштеп жатат. “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, “Эл Аман” дарыканаларында препараттардын баасы 10-15 пайызга арзан.   Дары-дармектин 2 миң 500дөн ашык түрү сунушталат. Мамлекеттик дарыканалардын көбү Бишкекте, андан кийин Чүй, Ош, Жалал-Абад облустары турат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк… Кененирээк…

Ошто батирлердин баасы бир жылда 19 пайызга жогорулады

Ошто батирлердин баасы бир жылда 19 пайызга жогорулады. Бул тууралуу маалымат Жер ресурстары боюнча мамлекетти к агенттигинин отчетунда камтылат. 2023-жылдын декабрында түштүк калаада батирлердин бир чарчы метри 54 миң сомдон болсо, 2024-жылдын декабрында 64 миң сом болду.   Кошумчалап кетсек, Бишкекте ошол эле мезгил аралыгында… Кененирээк…

Кыргызстанда эми дыйкан-фермерлерге 150 миллион сомго чейин арзандатылган насыялар берилет

Кыргызстанда эми дыйкан-фермерлерге 150 миллион сомго чейин арзандатылган насыялар берилет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Кирип келген жылдын  1-январынан тартып, “Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо” долбоору ишке кирди.   Программа жеңилдетилген кредиттик каражат берүү жолу менен кичи товардык… Кененирээк…

Саламаттыкты сактоо министрлигине жана башка профилдик органдарга курч респиратордук вирустардын жайылышын алдын алуу чараларын күчөтүү тапшырмасы берилди

Саламаттыкты сактоо министрлигине жана башка профилдик органдарга курч респиратордук вирустардын жайылышын алдын алуу чараларын күчөтүү тапшырмасы берилди.   Ошондой эле алар өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды тыкыр көзөмөлгө алышы керек. Жалпысынан, Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирус боюнча абал туруктуу. Бир жумада 4 миң учур катталды.… Кененирээк…