Кочкор районунда жаңы көпүрө колдонууга берилди

Кочкор районунда жаңы көпүрө колдонууга берилди. Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, көпүрө Кочкор — Коммунизм жолунда Чү дарыясы аркылуу өтөт.   Буга чейинки конструкция авариялык абалга келгендиктен, жаңы өтмөк куруу чечими кабыл алынган. Долбоордун жалпы сметалык баасы 51 миллион сомду түздү.

Криштиану Роналду Сауд арабиялык “Аль-Наср” клубу менен келишимин узартуу ниетинде

Криштиану Роналду Сауд арабиялык “Аль-Наср” клубу менен келишимин узартуу ниетинде. Чет элдик маалымат каражаттары жазышкандай, 40 жаштагы чабуулчунун маянасы дагы көтөрүлөт.   Эсептөөлөр боюнча, форвард айына   18 миллион доллар же күнүнө 634 миң доллар табат.  Бул саатына 24 миң 500 долларга, же мүнөтүнө  407 долларга… Кененирээк…

Мугалимдерге ноутбуктар 20-январдан тартып бериле баштайт

Мугалимдерге ноутбуктар 20-январдан тартып бериле баштайт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен  билдиришти. Ведомстводон маалымдашкандай, чогултулган ноутбуктар сыноодон ийгиликтүү өттү.   “Алтын Казык” программасынын алкагында ар бир мугалим акысыз ноутбук менен камсыздалат. Учурда бул ноутбуктарга “Санарип кампа”, «Электрондук күндөлүк” тиркемелери киргизилип жатат. Мугалимдер бардык отчётторду электрондук… Кененирээк…

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан чет элдик студенттер курьер болуп иштей албайт

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан чет элдик студенттер курьер болуп иштей албайт. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.   Анын айтымында, мыйзамсыз негизде иштеп жаткан студенттерге айып салынып, скутерлери айып токтотмого киргизилди. Окуу максатында биздин өлкөгө келгендер окушу керек,… Кененирээк…

Ат-Башы районунда желим калдыктарынан таман таш чыгаруучу завод ишке кирди

Ат-Башы районунда желим калдыктарынан таман таш чыгаруучу завод ишке кирди. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Ишкана Ак-Жар айылында жайгашат. Ал полиэтилен баштыктарын жана пластик бөтөлкөлөрдү кайра иштеп чыгат. Өндүрүү кубаттуулугу айына 4,5 миң даана брусчатканы түзөт. Долбоорду ишке ашырууга жергиликтүү… Кененирээк…

Париж Олимпиадасында спортчуларга берилген жараксыз медалдар алмаштырылат

Париж Олимпиадасында спортчуларга берилген жараксыз медалдар алмаштырылат. Франциянын La Lettre интернет басылмасынын маалыматы боюнча, спортчулар 100дөн ашык жараксыз медалды кайтарып беришкен. Социалдык тармактарда жарыяланган сүрөттөрдө медалдардын өңү өчүп, түшүрүлгөн белгилер өчүп калганын көрсө болот.   Сапатсыз медалдар системалуу түрдө бирдей чегилген Нотр Дам медалдары менен… Кененирээк…

Кыргызстан дүйнөдөгү эң мыкты 50 эс алуу жайларынын тизмесине кирди

Кыргызстан дүйнөдөгү эң мыкты 50 эс алуу жайларынын тизмесине кирди. Financial Times гезитинин Саякат бөлүмүнүн авторлорунун версиясы боюнча, эң уникалдуу сунуштардын бири катары Ат-Башынын кооз аймактарына ат минүү туру жазылган.   Автордун айтымында, бул жердин учу-кыйыры жок өрөөндөрү, топоздору, боз үйлөрү жана табияты суктандырат.  … Кененирээк…

Бишкектин айрым аймагындагы көп кабаттуу үйлөрдө кечкиге чейин ысык суу жана жылуулук жок болот

Бишкектин айрым аймагындагы көп кабаттуу үйлөрдө кечкиге чейин ысык суу жана жылуулук жок болот. Ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, кечки саат 6га чейин жылуулук жана ысык суу Ибраимов, Бөкөнбаев, Шопоков көчөлөрүндөгү үйлөрдө өчүрүлөт.   Убактылуу чектөөлөр жылуулук тармагындагы оңдоо иштерине байланыштуу.   Ушул жана башка жаңылыктар… Кененирээк…

Кыргызстан аймагында 500 миңден ашык “акылдуу эсептегич” орнотулат

Кыргызстан аймагында 500 миңден ашык “акылдуу эсептегич” орнотулат. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Шаймандар Дүйнөлүк банктын линиясы менен сатып алынып, жакында эле өлкөгө жеткирилген.   Белгилеп кетсек, аталган приборлор реалдуу убакыт режиминде көрсөткүчтөрдү серверге берет, чектен ашкан учурда электр энергиясын автоматтык түрдө өчүрөт… Кененирээк…

“Оскар” сыйлыгына талапкерлерди жарыялоо 23-январга жылдырылды

“Оскар” сыйлыгына талапкерлерди жарыялоо 23-январга жылдырылды. Себеби — Калифорниядагы өрт. Муну менен иш-чара экинчи ирет жылдырылып жатат. Баштапкы этапта — 17-январга пландалган.   Бирок 9-январда салтанат 19-январда өтө турганы айтылган. Ошондой эле талапкерлерди аныктоочу добуш берүү процесси дагы узартылды. Ал эми дүйнөлүк кино тармагындагы мыктыларды… Кененирээк…