Мектептерде кыргыз тили боюнча класстан класска көчүрүү экзамени киргизилет

Кыргызстандын мектептеринде милдеттүү түрдө кыргыз тили боюнча класстан класска көчүрүү экзамендери киргизилет. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, сынак оозеки жана жазуу жүзүндө жүргүзүлөт.   Ага ылайык, 2024-2025-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча менчигинин түрүнө жана окутуу тилине карабастан республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарынын 5-6-класстарынын окуучулары,… Кененирээк…

Кыргызстан алтынды Улуу Британияга гана сатат

Өткөн жылдын 11 айында Улуу Британия 13 тоннадан ашык Кыргызстандын алтынын сатып алган. Статистикалык маалыматтарга ылайык, бул өлкөгө жеткирилиген алтындын көлөмү акчалай алганда 1 миллиард 68 миллион долларды түздү.   Ал эми башка өлкөлөр былтыркы жылдын ортосунан тарта Кыргызстандын алтынын активдүү сатып алууну токтотушкан.  … Кененирээк…

Баткен менен Ошто кайра иштетүүчү ишканалар текшерилүүдө

Баткен жана Ош облустарындагы кайра иштетүүчү ишканалар текшерилүүдө. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын алкагында кайра иштетүүчү заводдордун учурдагы абалы, өндүрүштүк кубаттуулугу жана иштөө натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүлдү.   Ошондой эле учурда өлкөнүн түштүк аймактарында кайра иштетүү тармагынын өнүгүшүнө тоскоолдук… Кененирээк…

Жети-Өгүз районунда 100 орундуу бала бакча курулду

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда бала бакча курулду. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча агенттиктен билдиришкендей, аталган объект Дархан айылында жайгашкан.   Мектепке чейинки балдар мекемеси 100 орунга ылайыкталган. Анда бардык шарттар бар.   Бала бакчанын курулушу мамлекеттик бюджеттен каржыланган.   Ушул жана башка жаңылыктар… Кененирээк…

Кел-Суунун аймагына унаа менен кирүүгө тыюу салынды

Кел-Суунун аймагына унаа менен кирүүгө тыюу салынды. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдиргендей, мындай чечим жергиликтүү жаратылышка зыян келтирбөө максатында кабыл алынды.   Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүндө жайгашкан Кел-Сууга эми атайын уруксат менен уюштурулган турлар аркылуу гана барууга болот.   Эреже бузгандар жазага… Кененирээк…

Былтыр Кыргызстанда 19 миң жаңы жумуш оруну түзүлдү

Былтыр Кыргызстанда 19 миң жаңы жумуш оруну түзүлдү. Бул тууралуу өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча 2024-жылдын жыйынтыгын чыгарган жыйында белгилүү болду   . Анда Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев маалымат берип, инфляциянын деңгээли жыл аягына карата 6,3% га чейин төмөндөгөнүн белгиледи.   Ушул… Кененирээк…

Бишкектеги Үй-бүлөлүк медицина борборлору дем алыш күндөрү да иштейт

Бишкектеги Үй-бүлөлүк медицина борборлору жарандарды дем алыш күндөрү да кабыл алууда.   Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, алар күн сайын эртең мененки саат 8ден кечки 8ге чейин иштейт.   Ал эми ишемби күнү кечки саат 5ке чейин, жекшембиде күндүзгү 2ге чейин ачык болот.   Ушул жана… Кененирээк…

Базар-Коргон районуна күн электр станциясы курулат

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда күн электр станциясын куруу үчүн 140 гектардан ашык жер трансформацияланат. Токтомго Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев кол койду.   Күн электр станциясынын кубаттуулугу 200 мегаватт болот.   Жергиликтүү бийлик органдары эсептик документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, жерди максаттуу пайдаланууну камсыз кылууга, айыл чарба… Кененирээк…

Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнө сүт азыктарын экспорттоонун көлөмүн көбөйтөт

Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт азыктарына ЕАЭБ өлкөлөрүндө суроо-талап көбөйдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматы боюнча, мисалы, 2024-жылы өлкөдөн 33 миң тоннадан ашык сүт жана сүт азыктары экспорттолгон. Анын ичинде өткөн жылы экспорттун жалпы көлөмү 33374,7 тоннаны… Кененирээк…

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматтык унааларына GPS системасы орнотулууда

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматтык унааларына GPS системасы орнотулууда. Ведомстводон белгилешкендей, мындай чара кызматкерлердин ишин көзөмөлдөө максатында көрүлүп жатат.   Буга чейин испекторлор төшүнө бекитилген видеорегистраторлор менен камсыздалган. Ал эми унаа ичиндеги GPS навигаторлор кызматкерлер кайсы райондо иштеп жатканын дагы көрсөтөт.   Ушул… Кененирээк…